https://sputnik.kg/20260920/majramkul-asanaliev-maek-1103769238.html
Калпакчан кыргыз. Көчмөндөр оюнунун эмблемасын тарткан Майрамкул Асаналиевдин маеги
Калпакчан кыргыз. Көчмөндөр оюнунун эмблемасын тарткан Майрамкул Асаналиевдин маеги
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы — жөн гана графикалык белги эмес, анда кыргыздын тарыхы, дүйнө таанымы жана улуттук руху камтылган. 20.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-20T17:30+0600
2026-09-20T17:30+0600
2026-09-20T17:52+0600
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
кыргызстан
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
майрамкул асаналиев
эн белги
оймо-чийме
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103572649_0:134:2560:1574_1920x0_80_0_0_ab1fe05392a6ba9227616d5a5f6ea53b.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунда дизайнер, сүрөтчү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасынын автору Майрамкул Асаналиев болду. Биз кыргыздын символдору, улуттук аң-сезим, көчмөн маданият жана эмблемада камтылган терең маанилер тууралуу баарлаштык. Көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук бөлүгү өткөн Кырчын жайлоосунда болуп, ага баштан-аяк көз салган мейманыбыз иш-чара жогорку деңгээлде болгонун белгиледи. — Сизди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасынын автору катары тааныйбыз. Сынакка кандайча катышып калдыңыз? — Сүрөтчүлөр бири-бирибизди жакшы тааныйбыз да. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу идеясынын автору Аскат Акибаев кесиптештерим менен жолугуп, "ушундай эмблема жасаш керек" деп бир катар ойлорун ортого салганда "Майрамкулга барсаң, ошол жасап берет" деп мага жиберишиптир. Үйүмө издеп келиптир, сүйлөшө келгенде эле пикирибиз келишип калды. Мен даяр болчумун, себеби Кытайдагы кыргыздарды бир жыл кыдырып, изилдеп жаңы эле келгем. Куржун толо маалыматым бар эле. Жусуп Мамайды көрүп, сөзүн угуп калдым. Манас, калпак тууралуу көп сөздөрдү айткан эле. Абдан таасир алдым. Кетип баратып залкар манас изилдөөчү, Макелек Өмүрбайга жолуктум. Аны кытайлык кыргыздар "Кытайдын Айтматову" деп коюшат, кыргыздын тилин, дилин жакшы билген адам. Андан да көп маалымат алып, канат байлап, аябай байып келгем. Кытай жергесинде Манас боюнча үч долбоор жасап, өзүмө керектүү маалыматтарга эгедер болдум. Кыргыздын оюусун, дүйнө таанымын чагылдырып, эки-үч күндө эле бүтүрүп алып барып бердим. — Аскат Акибаевдин идеясы менен сиздики төп келип, эмблема жаралганын айттыңыз. Дегеле, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеясы эмнени түшүндүрөт? — Көчмөндөр оюндарынын эмблемасын кылдат караганда калпак кийген кыргыз отурат. Ошол символикада кут тамга турат. Калпак кийген кыргыз дүйнө элин ынтымакка, жакшылыкка чакырып жатат. Андагы аттын жалында үч канат турат, ал эми кыргызда үч деген ыйык сан. Ал ата-эне менен баланы жана оң-сол, ичкиликти туюндуруп, үчөө биримдикте деген маанини билдирет. Мунун философиясы дүйнө элдеринин биримдигин камтыйт. Түбү "Манас" эпосунда жатат. Аруу адамдын башындагы калпактын төрт кыюусу, кыргыздын кут тамгасы дүйнөнүн төрт бурчун билдирет. Манаста "Түштүк менен Түндүктүн, Батыш менен Чыгыштын түнөгүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй" деп айтылат. Кут тамга аркылуу адамдын ички кубаты көрсөтүлгөн. Эмблеманы чечмелөөдө элдин руханий байлыгы, кылым карыткан билими жатат. Ат — адамдын канаты, эмблемага атты бекер киргизген жокпуз. Себеби Көчмөндөр оюндарынын негизги атрибуту — жылкы. Жылкынын туягынын алдында сызык Жерди туюндурат. Ал арууланган адамдын башы Көктө, буту Жерде. Муну чечмелеп отурса, манас дүйнөсүнө келет. Тегерек сызык — дүйнө. Ал эми анын сыртында Аалам. Дүйнөнү чексиз Аалам каптап турат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн көчмөндөр оюндары, андагы көчмөн цивилизациясынын каптап турушу да жөн жерден эмес. Ушунун баарын Кырчында көрүп, толкунданып эле жүрдүм. Боз үйлөрдү аралап бара жатсам, бирөөндө апалар кырааты менен күпүлдөтүп манас айтып жаткан экен. Мен убагында семетейчи Сейдене энебизди көрүп калгам. Аял кишилерден манас айткан ошол кишини эле билчүмүн. Атайын тигилген манасчылар боз үйү бар экен. Мен да манас темасындагы оригинал сүрөттөрүмдү алып алгам. Ошол жерден манас угуп, Манас тууралуу маалыматтарым менен бөлүшүп, эки күн баарлаштык. — Бул жерде дүйнө элинен мурда балдарыбызга, келечек муундарга түп-тамырын, тегин көрсөтө алдык го деп ойлойм. "Тамырыбызга кайталы" деген сөз бар эмеспи. Азыркы ааламдашуу доорунда башкаларды туу тутуп, өз улутунун бай казынасын билбей өсүп жаткан жаштар жүрөктү өйүчү эле. Каныбыздагы кыргызды ойготтубу дейм... — Ар бир элдин улуттук деми бар. Бул — ата-бабадан калган баасыз баалуулук. Ошондой баалуулуктарыбыз бар экенин дүйнөгө көрсөтө алдык. Жакында Америкадагы набахаларды (индеец — ред.) да көрүп келдим. Набахалар бүгүн дүйнөгө өзүнүн баалуулуктарын көрсөтүп жатат. Ар бир элдин өзүнүн уңгусу бар. Биздин дагы дүйнөгө таанытып, көрсөтө турган баалуулуктарыбыз арбын. Кыргыз дүйнө азыктана турган өтө чоң билимге ээ, көп жайылта албай жатабыз. Таратууга, көрсөтүүгө Көчмөндөр оюндары түрткү болду. Бул — чеги жок тема. Манасчы Азиз Өмүр уулу "дүйнөнү кыдырып келдиңиз, кыргыз менен дүйнө элинин айырмасы эмнеде экен?" деп сурады. Мен Африкага чейин барып келдим. Чынында, барбаган жерим калган жок. Кыргыздын башкалардан айырмасы Манасында экендигине ынандым. "Манасты жараткан эл" деп бекер айтпайт да. Мухтар Ауэзов да кеменгер адам болгон эмеспи, "силерде Манас гана бар" деп суктанып жатат. Кыргыздын каны козголуп, Манасын, өзүн тааныса гана дүйнөнү аруулугубуз, касиетибиз менен суктандыра алабыз. Жолубуз ошол эле. Элдин 80 пайызы дагы да уйкуда. Жусуп Баласагын, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Төлөгөн Касымбековдор айткан сөздөрдү түшүнүүгө азыр эрте. Алар билимдүү адамдар болгон, кыргызды тааныган. Ал эми Көчмөндөр оюндары ошонун четин козгоду. Ошол себептен уюштуруучуларга ыраазымын. — Көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы манас айткан жерин, аттардын чабылганын көрүп, кыргыздар эле эмес, башка улуттар да каны кызып, көзүнөн эрксиз жаш чыкканын айтып, интернетке жарыялап жатышты. Бул да жөн эмес болуш керек... — Жөн эмес. Москвага сүрөттөрүмдү көргөзмөгө алып барганда төрөн тамга, эн тамга, кыргыздын оймо-чиймелери тууралуу кенен айтып бердим. Аябай таасирленишти. Илимдүү-билимдүү элдер азыр Манаска маани бере баштады. Ачылышын көргөн чет өлкөлүктөр деле тилди түшүнбөсө да энергияны сезишти. Мен да ошол жерде ыйлап жиберип, жанымдагыларды карасам, алар деле ыйлап жатыптыр. — Манасчылар "аян алдым" деп коюшат. Сиз да кыргыз дүйнөсүнө таандык укмуш сүрөттөрдү тартасыз. Анын ичинде манас темасы да кеңири чагылдырылган. Идеяларды кайдан аласыз? — Африкада сүрөттөрүмдү көргөзмөгө койгондо ошол жердеги чоң окумуштуу Линда Танкер көрүп, маалыматтарымды угуп, "Манас — бул адамзаттын акыл казынасы" деп айтты. Бул эми дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адам да. Мен болгону "Манастын" бир четин гана көрсөтүп, океандай дүйнөдөн азыноолок маалымат бере алдым. Эгер "Манасты" толук ачып көрсөтө алсак, дүйнө эли бизге кайдыгер карабайт. Ар бир кыргыз баласында касиет бар. Сүрөтчү тубаса көзү ачык болот. Ал ошол касиетти сезет. Москвадагы көргөзмөдө орус жигити "Манастын касиети силерди чанган жок. Болгону көөдөнүңөр менен көкүрөгүңөр жабылып калган" деди. Анын сөзүн угуп таң калып калдым. Эгер такыр эле жабылып калса, касиет да оошот. "Уңгу жол" деп президентибиз учурунда көтөрүп жатат. "Манастын", акындардын ыр сабынын ыргагы да мааниге ээ. Сүйүндүргөнү — уучубуз кур эмес экен. Кырчында кыргыздын ашканасын, кол өнөрчүлүгүн билгендердин өнөрүнө күбө болдук. Салттуу оюндар ойнолуп, улуттук күүлөр жаңырды. Өмүрүмдү кыргыздын эн тамгаларына, оймо-чиймелерине арнаган адаммын. Оймо чийип жатып да кыргыздын ыргагын көрдүм. Ар бир оймо-чиймеде чоң ой жатат. Ал — элдин багыты. Оймону карап туруп, адамдын статусун билген. — Азыр дизайнерлик өнүгүп, этномода дешип эл аралык модага алып чыккандар өз казанында кайнап жатат. Сиздердей билими бар, оймо-чиймелерди тааныган кесипкөйлөр ошол дизайнерлерди окутуп, үйрөтсө кандай болот? Себеби оймону тааныгандар азыр аялдыкын эркекке, жаштыкын карыга, баш кийимдикин бут кийимге түшүрүп, быт-чытын чыгарышты деген сындарды айтып, нааразы болуп калышканын угабыз... — Окутсак сонун болбойт беле. Кыргыз оймо-чиймелерин чагылдырып, этникалык кол өнөрчүлүк менен алектенген адам билиши керек. Бул чоң жоопкерчилик. Ошол дизайнер, этномода менен иштешкендерге жолугуп калганда "ай, билим алгыла" деп түшүндүрөм. Алар да түшүнүп, "окуш керек эле, агай, убакыт жок болуп жатат" деп калышат. Азыр кыздарды окутуп жатам. Башында үйрөнө албайбыз го деп чочулашат. Бирок ушул убакка чейин үйрөнө албаган бир кыргыз кызы болгон жок. Себеби оймону түшүргөн апаларыбыз да сүрөтчү болгон эмес. Болгону каныбызда бар. Түгөлбай Сыдыкбеков "ушуну жайылткын" деп айткан. Буюрса, учуру келип жатат. Мэрия, курулуш тармагы да интерьерге көңүл буруп, ак үй, көк үй, имараттарга улуттук оюм-чийим, эмблема, эн тамгаларды түшүрүүдө маанисине көңүл бурушу керек. Билишпесе, адистерден сурасын. Мен иштешкенге даярмын. Индеецтер, кытайлар улуттук колоритине абдан маани берерин көрдүм. Мунун маани-маңызын түшүнүп, бийликтегилер колго алышы керек. "Укук, мыйзам эмес, дүйнөнү символикалар башкарат" деп бекер айтылбайт. Ал белгилер элди руханий жактан ойготконго түрткү болор эле. "Манаста" да архитектура бар. Анда да айкелдер, сүрөт өнөрү тууралуу айтылат. Кээде шаардагы курулуш, имараттарда интерьер туура эмес болуп калып жатат. Ошондой маанилүү объектилерге коюла турган эн тамга, оймо-чиймелер бар. Алар бири-биринен айырмаланат. Сүрөтчүлөр, архитекторлор жамааты деле ушуга маани берсе жакшы болмок. — Көптөгөн чет элдик кинотасмалардан кыргыздыкындай оймо-чиймелерди байкап калып жатабыз. Бул эмнени билдирет? — Өнүккөн Европаны карасак, азыр тотем, белгилерди коюп, биздин баалуулуктарды кино кылып тартып жатат. Кийимдеринде оймо-чиймелерди көрсөтүүдө. Алар бизди изилдеп, бизден үйрөнүп, бизге көрсөтүүдө. Бирок ортодо башкача тарбия болуп, көбүбүз өз баалуулуктарыбыздан алыстап, башкалардыкына ыктап, башкалардан жакшыны издедик. Бирок искусствобузда улуттук колоритти талкалап алганыбыз туура эмес. Баалуулуктарды алып жүргөн Төлөгөн Касымбеков, Жусуп Мамай, семетейчи Сейдене эне, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жалил Сыдыков, Болот Шамшиевдер менен жолугуп, баарлашып, алардан көп нерсе алып калганым менин багым болду. Азыр ойлосом, булар да көзү ачык болгон экен. Себеби айтканы айткандай келди. Төлөгөн Касымбеков "азыркы китепте сен окуп жаткан "Манас" бурмаланган. Кийин түп нускасы колуңа тиет" деген, айткандай эле ошол нерселердин баары колума тийди. "Манастагы" ар бир оймо-чийме, тамга чечмеленет. Мамлекеттик маанидеги ар бир имараттардын алдына коюлган фонтандын түзүлүшүнөн өйдө улуттук маанини камтышы керек. Кыргыз "ойносоң да ойлоп сүйлө" деп бекер айткан эмес. — Эмблемаларды жазууда сиз эмнеге маани бересиз? — Эмблемаларды түзүү боюнча академияда алты жыл окудум. Ар бир эмблемада ошол элдин тарыхы, көз карашы жатпаса, ал иштебейт. Бишкек шаарынын эмблемасын түзүүдө да барсты чагылдырганым — ал баатырдыктын, шамдагайлыктын белгиси. Тотем болгон. — Мына, VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышында да жөн жерден ак илбирстин бизге таандык экени көрсөтүлгөн жок. Ак илбирстин кыргыз жерин байырлап калышынын да эл менен байланышы барбы? — Ак илбирс бийик чоку, аска-зоодо жашайт. Кыргыз ошол тоону сүйөт, тоосуз күнү жок. Кыргыздарды чөлгө алып барсаң, жашай албайт, жашагысы да келбейт. Бул — ак илбирстин сыпаты. Ал сырттан. Жалгыз жүрөт. Арстан, жолборстордой баарына кол салбайт, эликтин үйүрү болсо, бирөөнү гана кармап жейт. Көздөгөнүнөн кайтпаган, эркиндикти сүйгөн жаныбар. Кыргыздын мүнөзү тотемде. "Асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй" деп жазылгандай, кыргыздын кубаты ушул эн тамгада. Биз өзүбүздү сыйлап, өзүбүздү таанышыбыз керек. Маданият министрлиги да архитектурага көңүл бурушу абзел. Бул биздин улуттук иденттүүлүгүбүздү билдирет. Улуттук иденттүүлүгүн япондор, кытайлар сактап калды. Азыр буряттар ойгонуп баштады. Моңголдун ырдаган ыргагы укмуш. Өзбектер да бул жагынан бир кылым алдыга жылып кетти. Музейлерине, тарыхый мечиттерине барсаң, сүрөтчүлөрү оймо-чиймелерди түшүрүп отурат. Мүмкүнчүлүк түзүп берген.
https://sputnik.kg/20211217/majramkul-asanaliev-maegi-1060452230.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103572649_143:0:2418:1706_1920x0_80_0_0_570b254d3d2c4a410f2069fa73ac05df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, майрамкул асаналиев, эн белги, оймо-чийме
кыргызстан, vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, майрамкул асаналиев, эн белги, оймо-чийме
Sputnik Кыргызстан радиосунда дизайнер, сүрөтчү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасынын автору Майрамкул Асаналиев болду. Биз кыргыздын символдору, улуттук аң-сезим, көчмөн маданият жана эмблемада камтылган терең маанилер тууралуу баарлаштык.
Көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук бөлүгү өткөн Кырчын жайлоосунда болуп, ага баштан-аяк көз салган мейманыбыз иш-чара жогорку деңгээлде болгонун белгиледи.
— Сизди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасынын автору катары тааныйбыз. Сынакка кандайча катышып калдыңыз?
— Сүрөтчүлөр бири-бирибизди жакшы тааныйбыз да. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу идеясынын автору Аскат Акибаев кесиптештерим менен жолугуп, "ушундай эмблема жасаш керек" деп бир катар ойлорун ортого салганда "Майрамкулга барсаң, ошол жасап берет" деп мага жиберишиптир. Үйүмө издеп келиптир, сүйлөшө келгенде эле пикирибиз келишип калды. Мен даяр болчумун, себеби Кытайдагы кыргыздарды бир жыл кыдырып, изилдеп жаңы эле келгем. Куржун толо маалыматым бар эле. Жусуп Мамайды көрүп, сөзүн угуп калдым. Манас, калпак тууралуу көп сөздөрдү айткан эле. Абдан таасир алдым. Кетип баратып залкар манас изилдөөчү, Макелек Өмүрбайга жолуктум. Аны кытайлык кыргыздар "Кытайдын Айтматову" деп коюшат, кыргыздын тилин, дилин жакшы билген адам. Андан да көп маалымат алып, канат байлап, аябай байып келгем. Кытай жергесинде Манас боюнча үч долбоор жасап, өзүмө керектүү маалыматтарга эгедер болдум. Кыргыздын оюусун, дүйнө таанымын чагылдырып, эки-үч күндө эле бүтүрүп алып барып бердим.
— Аскат Акибаевдин идеясы менен сиздики төп келип, эмблема жаралганын айттыңыз. Дегеле, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын идеясы эмнени түшүндүрөт?
— Көчмөндөр оюндарынын эмблемасын кылдат караганда калпак кийген кыргыз отурат. Ошол символикада кут тамга турат. Калпак кийген кыргыз дүйнө элин ынтымакка, жакшылыкка чакырып жатат. Андагы аттын жалында үч канат турат, ал эми кыргызда үч деген ыйык сан. Ал ата-эне менен баланы жана оң-сол, ичкиликти туюндуруп, үчөө биримдикте деген маанини билдирет. Мунун философиясы дүйнө элдеринин биримдигин камтыйт. Түбү "Манас" эпосунда жатат. Аруу адамдын башындагы калпактын төрт кыюусу, кыргыздын кут тамгасы дүйнөнүн төрт бурчун билдирет. Манаста "Түштүк менен Түндүктүн, Батыш менен Чыгыштын түнөгүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй" деп айтылат. Кут тамга аркылуу адамдын ички кубаты көрсөтүлгөн. Эмблеманы чечмелөөдө элдин руханий байлыгы, кылым карыткан билими жатат. Ат — адамдын канаты, эмблемага атты бекер киргизген жокпуз. Себеби Көчмөндөр оюндарынын негизги атрибуту — жылкы. Жылкынын туягынын алдында сызык Жерди туюндурат. Ал арууланган адамдын башы Көктө, буту Жерде. Муну чечмелеп отурса, манас дүйнөсүнө келет. Тегерек сызык — дүйнө. Ал эми анын сыртында Аалам. Дүйнөнү чексиз Аалам каптап турат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн көчмөндөр оюндары, андагы көчмөн цивилизациясынын каптап турушу да жөн жерден эмес. Ушунун баарын Кырчында көрүп, толкунданып эле жүрдүм. Боз үйлөрдү аралап бара жатсам, бирөөндө апалар кырааты менен күпүлдөтүп манас айтып жаткан экен. Мен убагында семетейчи Сейдене энебизди көрүп калгам. Аял кишилерден манас айткан ошол кишини эле билчүмүн. Атайын тигилген манасчылар боз үйү бар экен. Мен да манас темасындагы оригинал сүрөттөрүмдү алып алгам. Ошол жерден манас угуп, Манас тууралуу маалыматтарым менен бөлүшүп, эки күн баарлаштык.
— Бул жерде дүйнө элинен мурда балдарыбызга, келечек муундарга түп-тамырын, тегин көрсөтө алдык го деп ойлойм. "Тамырыбызга кайталы" деген сөз бар эмеспи. Азыркы ааламдашуу доорунда башкаларды туу тутуп, өз улутунун бай казынасын билбей өсүп жаткан жаштар жүрөктү өйүчү эле. Каныбыздагы кыргызды ойготтубу дейм...
— Ар бир элдин улуттук деми бар. Бул — ата-бабадан калган баасыз баалуулук. Ошондой баалуулуктарыбыз бар экенин дүйнөгө көрсөтө алдык. Жакында Америкадагы набахаларды (индеец — ред.) да көрүп келдим. Набахалар бүгүн дүйнөгө өзүнүн баалуулуктарын көрсөтүп жатат. Ар бир элдин өзүнүн уңгусу бар. Биздин дагы дүйнөгө таанытып, көрсөтө турган баалуулуктарыбыз арбын. Кыргыз дүйнө азыктана турган өтө чоң билимге ээ, көп жайылта албай жатабыз. Таратууга, көрсөтүүгө Көчмөндөр оюндары түрткү болду. Бул — чеги жок тема.
Манасчы Азиз Өмүр уулу "дүйнөнү кыдырып келдиңиз, кыргыз менен дүйнө элинин айырмасы эмнеде экен?" деп сурады. Мен Африкага чейин барып келдим. Чынында, барбаган жерим калган жок. Кыргыздын башкалардан айырмасы Манасында экендигине ынандым. "Манасты жараткан эл" деп бекер айтпайт да. Мухтар Ауэзов да кеменгер адам болгон эмеспи, "силерде Манас гана бар" деп суктанып жатат. Кыргыздын каны козголуп, Манасын, өзүн тааныса гана дүйнөнү аруулугубуз, касиетибиз менен суктандыра алабыз. Жолубуз ошол эле. Элдин 80 пайызы дагы да уйкуда. Жусуп Баласагын, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Төлөгөн Касымбековдор айткан сөздөрдү түшүнүүгө азыр эрте. Алар билимдүү адамдар болгон, кыргызды тааныган. Ал эми Көчмөндөр оюндары ошонун четин козгоду. Ошол себептен уюштуруучуларга ыраазымын.
— Көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы манас айткан жерин, аттардын чабылганын көрүп, кыргыздар эле эмес, башка улуттар да каны кызып, көзүнөн эрксиз жаш чыкканын айтып, интернетке жарыялап жатышты. Бул да жөн эмес болуш керек...
— Жөн эмес. Москвага сүрөттөрүмдү көргөзмөгө алып барганда төрөн тамга, эн тамга, кыргыздын оймо-чиймелери тууралуу кенен айтып бердим. Аябай таасирленишти. Илимдүү-билимдүү элдер азыр Манаска маани бере баштады. Ачылышын көргөн чет өлкөлүктөр деле тилди түшүнбөсө да энергияны сезишти. Мен да ошол жерде ыйлап жиберип, жанымдагыларды карасам, алар деле ыйлап жатыптыр.
— Манасчылар "аян алдым" деп коюшат. Сиз да кыргыз дүйнөсүнө таандык укмуш сүрөттөрдү тартасыз. Анын ичинде манас темасы да кеңири чагылдырылган. Идеяларды кайдан аласыз?
— Африкада сүрөттөрүмдү көргөзмөгө койгондо ошол жердеги чоң окумуштуу Линда Танкер көрүп, маалыматтарымды угуп, "Манас — бул адамзаттын акыл казынасы" деп айтты. Бул эми дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адам да. Мен болгону "Манастын" бир четин гана көрсөтүп, океандай дүйнөдөн азыноолок маалымат бере алдым. Эгер "Манасты" толук ачып көрсөтө алсак, дүйнө эли бизге кайдыгер карабайт.
Ар бир кыргыз баласында касиет бар. Сүрөтчү тубаса көзү ачык болот. Ал ошол касиетти сезет. Москвадагы көргөзмөдө орус жигити "Манастын касиети силерди чанган жок. Болгону көөдөнүңөр менен көкүрөгүңөр жабылып калган" деди. Анын сөзүн угуп таң калып калдым. Эгер такыр эле жабылып калса, касиет да оошот. "Уңгу жол" деп президентибиз учурунда көтөрүп жатат. "Манастын", акындардын ыр сабынын ыргагы да мааниге ээ. Сүйүндүргөнү — уучубуз кур эмес экен. Кырчында кыргыздын ашканасын, кол өнөрчүлүгүн билгендердин өнөрүнө күбө болдук. Салттуу оюндар ойнолуп, улуттук күүлөр жаңырды. Өмүрүмдү кыргыздын эн тамгаларына, оймо-чиймелерине арнаган адаммын. Оймо чийип жатып да кыргыздын ыргагын көрдүм. Ар бир оймо-чиймеде чоң ой жатат. Ал — элдин багыты. Оймону карап туруп, адамдын статусун билген.
— Азыр дизайнерлик өнүгүп, этномода дешип эл аралык модага алып чыккандар өз казанында кайнап жатат. Сиздердей билими бар, оймо-чиймелерди тааныган кесипкөйлөр ошол дизайнерлерди окутуп, үйрөтсө кандай болот? Себеби оймону тааныгандар азыр аялдыкын эркекке, жаштыкын карыга, баш кийимдикин бут кийимге түшүрүп, быт-чытын чыгарышты деген сындарды айтып, нааразы болуп калышканын угабыз...
— Окутсак сонун болбойт беле. Кыргыз оймо-чиймелерин чагылдырып, этникалык кол өнөрчүлүк менен алектенген адам билиши керек. Бул чоң жоопкерчилик. Ошол дизайнер, этномода менен иштешкендерге жолугуп калганда "ай, билим алгыла" деп түшүндүрөм. Алар да түшүнүп, "окуш керек эле, агай, убакыт жок болуп жатат" деп калышат. Азыр кыздарды окутуп жатам. Башында үйрөнө албайбыз го деп чочулашат. Бирок ушул убакка чейин үйрөнө албаган бир кыргыз кызы болгон жок. Себеби оймону түшүргөн апаларыбыз да сүрөтчү болгон эмес. Болгону каныбызда бар. Түгөлбай Сыдыкбеков "ушуну жайылткын" деп айткан. Буюрса, учуру келип жатат. Мэрия, курулуш тармагы да интерьерге көңүл буруп, ак үй, көк үй, имараттарга улуттук оюм-чийим, эмблема, эн тамгаларды түшүрүүдө маанисине көңүл бурушу керек. Билишпесе, адистерден сурасын. Мен иштешкенге даярмын. Индеецтер, кытайлар улуттук колоритине абдан маани берерин көрдүм. Мунун маани-маңызын түшүнүп, бийликтегилер колго алышы керек. "Укук, мыйзам эмес, дүйнөнү символикалар башкарат" деп бекер айтылбайт. Ал белгилер элди руханий жактан ойготконго түрткү болор эле. "Манаста" да архитектура бар. Анда да айкелдер, сүрөт өнөрү тууралуу айтылат. Кээде шаардагы курулуш, имараттарда интерьер туура эмес болуп калып жатат. Ошондой маанилүү объектилерге коюла турган эн тамга, оймо-чиймелер бар. Алар бири-биринен айырмаланат. Сүрөтчүлөр, архитекторлор жамааты деле ушуга маани берсе жакшы болмок.
— Көптөгөн чет элдик кинотасмалардан кыргыздыкындай оймо-чиймелерди байкап калып жатабыз. Бул эмнени билдирет?
— Өнүккөн Европаны карасак, азыр тотем, белгилерди коюп, биздин баалуулуктарды кино кылып тартып жатат. Кийимдеринде оймо-чиймелерди көрсөтүүдө. Алар бизди изилдеп, бизден үйрөнүп, бизге көрсөтүүдө. Бирок ортодо башкача тарбия болуп, көбүбүз өз баалуулуктарыбыздан алыстап, башкалардыкына ыктап, башкалардан жакшыны издедик. Бирок искусствобузда улуттук колоритти талкалап алганыбыз туура эмес. Баалуулуктарды алып жүргөн Төлөгөн Касымбеков, Жусуп Мамай, семетейчи Сейдене эне, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жалил Сыдыков, Болот Шамшиевдер менен жолугуп, баарлашып, алардан көп нерсе алып калганым менин багым болду. Азыр ойлосом, булар да көзү ачык болгон экен. Себеби айтканы айткандай келди. Төлөгөн Касымбеков "азыркы китепте сен окуп жаткан "Манас" бурмаланган. Кийин түп нускасы колуңа тиет" деген, айткандай эле ошол нерселердин баары колума тийди. "Манастагы" ар бир оймо-чийме, тамга чечмеленет. Мамлекеттик маанидеги ар бир имараттардын алдына коюлган фонтандын түзүлүшүнөн өйдө улуттук маанини камтышы керек. Кыргыз "ойносоң да ойлоп сүйлө" деп бекер айткан эмес.
— Эмблемаларды жазууда сиз эмнеге маани бересиз?
— Эмблемаларды түзүү боюнча академияда алты жыл окудум. Ар бир эмблемада ошол элдин тарыхы, көз карашы жатпаса, ал иштебейт. Бишкек шаарынын эмблемасын түзүүдө да барсты чагылдырганым — ал баатырдыктын, шамдагайлыктын белгиси. Тотем болгон.
— Мына, VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышында да жөн жерден ак илбирстин бизге таандык экени көрсөтүлгөн жок. Ак илбирстин кыргыз жерин байырлап калышынын да эл менен байланышы барбы?
— Ак илбирс бийик чоку, аска-зоодо жашайт. Кыргыз ошол тоону сүйөт, тоосуз күнү жок. Кыргыздарды чөлгө алып барсаң, жашай албайт, жашагысы да келбейт. Бул — ак илбирстин сыпаты. Ал сырттан. Жалгыз жүрөт. Арстан, жолборстордой баарына кол салбайт, эликтин үйүрү болсо, бирөөнү гана кармап жейт. Көздөгөнүнөн кайтпаган, эркиндикти сүйгөн жаныбар. Кыргыздын мүнөзү тотемде. "Асман менен жериңдин бир өзүнөн бүткөндөй" деп жазылгандай, кыргыздын кубаты ушул эн тамгада. Биз өзүбүздү сыйлап, өзүбүздү таанышыбыз керек. Маданият министрлиги да архитектурага көңүл бурушу абзел. Бул биздин улуттук иденттүүлүгүбүздү билдирет. Улуттук иденттүүлүгүн япондор, кытайлар сактап калды. Азыр буряттар ойгонуп баштады. Моңголдун ырдаган ыргагы укмуш. Өзбектер да бул жагынан бир кылым алдыга жылып кетти. Музейлерине, тарыхый мечиттерине барсаң, сүрөтчүлөрү оймо-чиймелерди түшүрүп отурат. Мүмкүнчүлүк түзүп берген.

17 Бештин айы 2021, 15:05