00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
Робот-хирург, умные счётчики и два комбайна с ущербом — программа «Если разобраться» о технологиях и вопросах после них
12:05
61 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эми киреше алып келиши керек
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкектен Хайнанга кышында түз авиакаттам ачуу пландалуудаМирошник Украина аскерлеринин 70–75%ы күчтөп мобилизациялангандар экенин айтты Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына Таласта, Садыр Жапаров сүйлөдү
Талас шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар мамлекеттик тууну көтөрүү жана гимнди аткаруу менен башталды. Салтанатка өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган жетекчилер катышууда. Аземге ошондой эле мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков да келди. Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы басып өткөн тарыхый жолуна токтолду.Мааракенин алкагында Талас шаарында борбордук мечит, "Акылман" лицейи, "Баластан" оюн-зоок борбору, "Чыңгыз ааламы" комплекси жана оңдоп-түзөөдөн өткөн "Манас Ордо" комплекси пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, бүгүн онлайн-форматта республика боюнча 15 социалдык объект менен 60 өндүрүштүк ишкана расмий түрдө ишке киргизилери күтүлүүдө.
Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө. Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган. Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты. Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы. Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын эң популярдуу туристтик шаарларынын бири. Ал тропикалык климаты, деңиз курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартат.
Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдыгына арналган өзгөчө инклюзивдүү иш-чара өттү. “Белая Трость” уюму “Росатомдун” колдоосу менен боз үй тигип, анда сегиз багытта интерактивдүү мастер-класстарды уюштурду. Катышуучулар боз үйдүн буюмдарын сезүү аркылуу таанып, чыгармачылык иштерди жасашты. Ошондой эле “Караңгыда сейилдөө” жана караңгы бөлмөдө тамактануу сыяктуу интерактивдер өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — инклюзияны маданий диалогдун бир бөлүгү катары көрсөтүп, баарына жеткиликтүү аянтча түзүү. Белгилей кетсек, “Рухтун жел кайыктары – 2026” эл аралык инклюзивдүү лагери 24-августтан 5-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Түркия жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.
Украина армиясынын өздүк курамынын 70–75 пайызга чукулу күч менен мобилизациялангандар. Бул тууралуу Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге билдирди. Мирошниктин айтымында, бул аскерлер майданга өз каалоосу менен баратат деп айтуу кыйын. Ал украин армиясында күч менен кармалып келгендерди согушууга мажбурлаган өзүнчө систем түзүлгөнүн белгиледи. Учурда Украинада аскерлердин жетишсиздигинен улам мобилизация уланууда. Социалдык тармактарда Украинанын аскер комиссариаттарынын кызматкерлери эркектерди микроавтобустарга күчтөп салып, ур-токмокко алып, зордук-зомбулук көрсөтүп алып кеткен видеолор байма-бай жарыяланууда
Жаңылыктар түрмөгү
0