https://sputnik.kg/20260910/1103574348.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. Минкаб... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T15:00+0600
2026-09-10T15:00+0600
2026-09-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103574182_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c5993de6f8fcbee97ab34fde0d234e98.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. Минкаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты. Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыздыктын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Бүгүн, 10-сентябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Агенттиктен билдиришкендей, долбоорго 100 млн АКШ долларына чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Афганистан багытындагы эл аралык транспорттук каттамдын алкагында, келечекте Пакистанга чыгуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт. Долбоор жүктөрдү сактоо, топтоо жана кайра жүктөө, таразага тартуу, бажылык-брокердик коштоо, ошондой эле санариптик көзөмөл жүргүзүү үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү камтыйт. Белгилей кетсек, меморандум транспорттук-бажылык логистика жана текстиль кластерин өнүктүрүү багытындагы долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусун карайт. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатууга жана бизнес менен эл аралык соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрүп, атайын бир мезгилде менчик машиналар жүрүүгө уруксат берилет. Жаңы графикке ылайык, жеке автоунаалар бөлүнгөн тилкелерди түнкүсүн жана дем алыш күндөрү колдоно алат. Тагыраагы, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке транспорттун кирүүсүнө тыюу салынса, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жол ачык болот. Ал эми ишемби жана жекшембиде жеңил автокөлүктөр бул тилкелерде эч кандай чектөөсүз жүрө алышат. Бул эреже жол кыймылын жөнгө салган схемаларга өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин расмий түрдө күчүнө кирет. Тартиптин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын тилкелерде үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүп турат.
Киев режими Улуу Британиянын Москвадагы элчисинин резиденциясына чабуул пландаганын Украинанын Коопсуздук кызматынын колго түшүрүлгөн агенти айтып берген. Видеону ФСБ жарыялаганын РИА Новости жазды. Атайын кызмат шектүү катары элчиликтин күзөтүндө иштеген россиялык жаранды кармаган. ФСБнин билдирүүсүндөгү башка маалыматтар: Украина Британиянын элчилигине кол салуу аркылуу Лондонду Москва менен араздаштырып, кошумча курал-жарак алууну көздөгөн; Киев агент чогулткан маалыматтарды Москвадагы британ элчисине жана дипломаттарына кол салуу үчүн колдонууну пландаган. Кармалган адам элчиликтин коопсуздук тутуму тууралуу маалымат топтогон; Киев бийлиги өзүн сактап калуу үчүн стратегиялык өнөктөштөрүнө каршы диверсия жана теракт жасоого да даяр.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. Минкаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты. Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыздыктын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.Бүгүн, 10-сентябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Агенттиктен билдиришкендей, долбоорго 100 млн АКШ долларына чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Афганистан багытындагы эл аралык транспорттук каттамдын алкагында, келечекте Пакистанга чыгуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт. Долбоор жүктөрдү сактоо, топтоо жана кайра жүктөө, таразага тартуу, бажылык-брокердик коштоо, ошондой эле санариптик көзөмөл жүргүзүү үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү камтыйт. Белгилей кетсек, меморандум транспорттук-бажылык логистика жана текстиль кластерин өнүктүрүү багытындагы долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча тараптардын узак мөөнөттүү кызматташуусун карайт. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатууга жана бизнес менен эл аралык соода үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрүп, атайын бир мезгилде менчик машиналар жүрүүгө уруксат берилет. Жаңы графикке ылайык, жеке автоунаалар бөлүнгөн тилкелерди түнкүсүн жана дем алыш күндөрү колдоно алат. Тагыраагы, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке транспорттун кирүүсүнө тыюу салынса, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жол ачык болот. Ал эми ишемби жана жекшембиде жеңил автокөлүктөр бул тилкелерде эч кандай чектөөсүз жүрө алышат. Бул эреже жол кыймылын жөнгө салган схемаларга өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин расмий түрдө күчүнө кирет. Тартиптин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын тилкелерде үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүп турат.Киев режими Улуу Британиянын Москвадагы элчисинин резиденциясына чабуул пландаганын Украинанын Коопсуздук кызматынын колго түшүрүлгөн агенти айтып берген. Видеону ФСБ жарыялаганын РИА Новости жазды. Атайын кызмат шектүү катары элчиликтин күзөтүндө иштеген россиялык жаранды кармаган. ФСБнин билдирүүсүндөгү башка маалыматтар: Украина Британиянын элчилигине кол салуу аркылуу Лондонду Москва менен араздаштырып, кошумча курал-жарак алууну көздөгөн; Киев агент чогулткан маалыматтарды Москвадагы британ элчисине жана дипломаттарына кол салуу үчүн колдонууну пландаган. Кармалган адам элчиликтин коопсуздук тутуму тууралуу маалымат топтогон; Киев бийлиги өзүн сактап калуу үчүн стратегиялык өнөктөштөрүнө каршы диверсия жана теракт жасоого да даяр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103574182_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_24d5174d8462ed1881bed171c43f6c99.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио