https://sputnik.kg/20260910/1103580862.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты. Жактоочу Латыпбек Нуралимовдун айтымында, сот Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T16:59+0600
2026-09-10T16:59+0600
2026-09-10T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103580696_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_de1a4f8f9dcb1baa2870b5a66177851f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты. Жактоочу Латыпбек Нуралимовдун айтымында, сот Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси боюнча айыптоону жокко чыгарып, айыпталуучуларды 195-берене боюнча күнөөлү деп тапкан. Бекболот Талгарбековдун жактоочусунун айтымында, сот айыпталуучуларды шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга күнөөлүү деп тапты. Натыйжада сот сегиз адамды (Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев) төрт жылга эркинен ажыратып, аларга эки жылдык пробация колдонгон.
Мектептерде тытылган жана санитардык талаптарга жооп бербеген китептерди пайдаланууга тыюу салынган Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов Түптөгү мектептердин биринде ата-энеге эски китеп берилип, эртеси алмаштырылган учурду мисал келтирип, мектептерге санитардык нормага жооп бербеген, эскилиги жеткен, тытылган китептерди мектепте пайдаланууга тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле ал ар бир китептин онлайн варианты дагы атайын сайтка жайгаштырылганын кошумчалады.
Кыргызстанда фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1 млрд 232 млн сом каралып, учурда анын 700 млн сомго жакыны 193 фермерге берилди. Бул тууралуу Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери 3 пайыздык насыя “А банк” жана “Элдик банк” аркылуу берилип келет. Насыя негизинен өзгөчө асыл тукум статусун алган чарбаларга, сырттан мал алып келүүгө кызыккан импорттоочуларга жана техник-уруктандыруучуларга берилүүдө. Каландаровдун маалыматына караганда, насыя алган фермерлер малды Кыргызстандагы асыл тукум статусуна ээ болгон 232 чарбалардан келишимдик негизде сатып алышы керек болгон.
Улуттук банк элдин басымдуу бөлүгү узак мөөнөттүү каржылык план түзбөй турганын аныктады. Мындай жыйынтык каржыга болгон мамиле көрсөткүчү талдангандан кийин чыгарылган. Ал 8% төмөндөгөн. Көрсөткүч респонденттердин узак мөөнөттүү каржылык маселелерге болгон субъективдүү мамилесин билдирет. Ошол эле учурда өлкөдөгү финансылык сабаттуулуктун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4% өскөн.
Россияга эмгек мигранттары келген өлкөлөрдүн лидерлери өз жарандарын Россияда иштөөгө жана жашоого биргелешип даярдоого кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министринин биринчи орун басары, чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жана каттоо маселелери боюнча кызматынын жетекчиси Андрей Кикоть менен жолугушууда билдирди, - деп жазды ТАСС агенттиги. Путиндин айтымында, эмгек мигранттарын негизинен жөнөткөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү Россия тарап менен биргеликте өлкөгө иштөө үчүн келүүнү пландаган жарандарды эмгек ишмердигине жана Россиядагы жашоого адаптациялоого даярдоого кызыкдар. Анын белгилешинче, мигранттар Россияга келгенге чейин эле орус тилин үйрөнүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чет өлкөлүк өнөктөштөр бул багытка көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүүгө жана балдарга керектүү билим алууга шарт түзүүгө даяр.
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты. Жактоочу Латыпбек Нуралимовдун айтымында, сот Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси боюнча айыптоону жокко чыгарып, айыпталуучуларды 195-берене боюнча күнөөлү деп тапкан. Бекболот Талгарбековдун жактоочусунун айтымында, сот айыпталуучуларды шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга күнөөлүү деп тапты. Натыйжада сот сегиз адамды (Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев) төрт жылга эркинен ажыратып, аларга эки жылдык пробация колдонгон.Мектептерде тытылган жана санитардык талаптарга жооп бербеген китептерди пайдаланууга тыюу салынган Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов Түптөгү мектептердин биринде ата-энеге эски китеп берилип, эртеси алмаштырылган учурду мисал келтирип, мектептерге санитардык нормага жооп бербеген, эскилиги жеткен, тытылган китептерди мектепте пайдаланууга тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле ал ар бир китептин онлайн варианты дагы атайын сайтка жайгаштырылганын кошумчалады.Кыргызстанда фермерлерге 3 пайыздык насыя берүүгө 1 млрд 232 млн сом каралып, учурда анын 700 млн сомго жакыны 193 фермерге берилди. Бул тууралуу Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери 3 пайыздык насыя “А банк” жана “Элдик банк” аркылуу берилип келет. Насыя негизинен өзгөчө асыл тукум статусун алган чарбаларга, сырттан мал алып келүүгө кызыккан импорттоочуларга жана техник-уруктандыруучуларга берилүүдө. Каландаровдун маалыматына караганда, насыя алган фермерлер малды Кыргызстандагы асыл тукум статусуна ээ болгон 232 чарбалардан келишимдик негизде сатып алышы керек болгон.Улуттук банк элдин басымдуу бөлүгү узак мөөнөттүү каржылык план түзбөй турганын аныктады. Мындай жыйынтык каржыга болгон мамиле көрсөткүчү талдангандан кийин чыгарылган. Ал 8% төмөндөгөн. Көрсөткүч респонденттердин узак мөөнөттүү каржылык маселелерге болгон субъективдүү мамилесин билдирет. Ошол эле учурда өлкөдөгү финансылык сабаттуулуктун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4% өскөн.Россияга эмгек мигранттары келген өлкөлөрдүн лидерлери өз жарандарын Россияда иштөөгө жана жашоого биргелешип даярдоого кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министринин биринчи орун басары, чет өлкөлүк жарандардын жарандыгы жана каттоо маселелери боюнча кызматынын жетекчиси Андрей Кикоть менен жолугушууда билдирди, - деп жазды ТАСС агенттиги. Путиндин айтымында, эмгек мигранттарын негизинен жөнөткөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү Россия тарап менен биргеликте өлкөгө иштөө үчүн келүүнү пландаган жарандарды эмгек ишмердигине жана Россиядагы жашоого адаптациялоого даярдоого кызыкдар. Анын белгилешинче, мигранттар Россияга келгенге чейин эле орус тилин үйрөнүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чет өлкөлүк өнөктөштөр бул багытка көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүүгө жана балдарга керектүү билим алууга шарт түзүүгө даяр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103580696_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ed0a667580979911f03b202ab7bed776.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио