https://sputnik.kg/20260910/1103570981.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса ага тиешелүү жер үлүшүн... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T13:00+0600
2026-09-10T13:00+0600
2026-09-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103570815_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_53c205217c2b6944cbb2b343f6fac303.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет. Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт.
Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине киргенин ЕЭК билдирди. Маалыматты уюмдун интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганы айтылат. "Ошондой эле тизмеге Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору да кирди", — дешти комиссиядан. ЕЭК кеңешинин жыйыны Москвада өтүп, анда ЕАЭБ аймагындагы Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү талкууланган. Иш-чарага минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына операцияны так жана оңой жасоого жардам берген өлкөдөгү биринчи робот-хирург алынып, жакынкы арада анын жардамы менен клиникалык базада операциялар жасала баштамакчы. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, жабдууну иштетип, сынап көрдү. Ал жабдык "робот-хирург" деп аталганы менен чечимди дарыгер кабыл алып, ишти өзү жасаарын баса белгиледи. "Операцияны робот өз алдынча жасабайт, аны хирург башкарат. Дарыгер ар бир кыймылды көзөмөлдөп, тканды кесүүдөн баштап тиккенге чейинки иштерди өзү жүргүзөт. Система сүрөттү 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бул майда анатомиялык түзүлүштөр менен иштөөдө өтө маанилүү", — деди министр.Ведомство жетекчисинин айтымында, быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да ушундай роботтоштурулган комплекс сатып алынууда. Учурда тендердик иштер аяктап, жабдуулардын келиши күтүлүп жатат. Эми жаңы технологияны ишке киргизүү менен катар аны майнаптуу башкара алган жергиликтүү адистерди даярдоо иши жүргүзүлмөкчү.
Владимир Путин Украинада тынчтыктын орношуна дилгир. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен маектешип жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский дагы кепке келсе абдан жакшы болмок", — деди ал. Трамп ошондой эле алдыда АКШнын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болушу мүмкүн экенин да кыйыткан. Эки күн мурун Путин менен болгон телефондук сүйлөшүүсүнө АКШ лидери жогорку баасын берди. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар америкалык делегациянын Москва менен Киевге жасаган сапарын канааттануу менен белгилешкен.
Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет. Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт. Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине киргенин ЕЭК билдирди. Маалыматты уюмдун интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганы айтылат. "Ошондой эле тизмеге Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору да кирди", — дешти комиссиядан. ЕЭК кеңешинин жыйыны Москвада өтүп, анда ЕАЭБ аймагындагы Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү талкууланган. Иш-чарага минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына операцияны так жана оңой жасоого жардам берген өлкөдөгү биринчи робот-хирург алынып, жакынкы арада анын жардамы менен клиникалык базада операциялар жасала баштамакчы. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, жабдууну иштетип, сынап көрдү. Ал жабдык "робот-хирург" деп аталганы менен чечимди дарыгер кабыл алып, ишти өзү жасаарын баса белгиледи. "Операцияны робот өз алдынча жасабайт, аны хирург башкарат. Дарыгер ар бир кыймылды көзөмөлдөп, тканды кесүүдөн баштап тиккенге чейинки иштерди өзү жүргүзөт. Система сүрөттү 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бул майда анатомиялык түзүлүштөр менен иштөөдө өтө маанилүү", — деди министр.Ведомство жетекчисинин айтымында, быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да ушундай роботтоштурулган комплекс сатып алынууда. Учурда тендердик иштер аяктап, жабдуулардын келиши күтүлүп жатат. Эми жаңы технологияны ишке киргизүү менен катар аны майнаптуу башкара алган жергиликтүү адистерди даярдоо иши жүргүзүлмөкчү.Владимир Путин Украинада тынчтыктын орношуна дилгир. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен маектешип жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский дагы кепке келсе абдан жакшы болмок", — деди ал. Трамп ошондой эле алдыда АКШнын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болушу мүмкүн экенин да кыйыткан. Эки күн мурун Путин менен болгон телефондук сүйлөшүүсүнө АКШ лидери жогорку баасын берди. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар америкалык делегациянын Москва менен Киевге жасаган сапарын канааттануу менен белгилешкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103570815_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f43610eb6010b9470bcb416ff41d169.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио