https://sputnik.kg/20260910/1103564257.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында күн электр станциясын куруу үчүн берилген 800 гектар айыл чарба жерине байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T08:59+0600
2026-09-10T08:59+0600
2026-09-10T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103564091_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2ce8f7b73de9983ff6122860aecd99f4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында күн электр станциясын куруу үчүн берилген 800 гектар айыл чарба жерине байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, текшерүүдө айыл чарба жерлерин башка категорияга которууда өндүрүштүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөөдө формуланын коэффициенти негизсиз колдонулганы белгилүү болгон. Натыйжада "Ч" ЖЧКсына 47 млн 300 миң сомдон ашык сумма эсептелген. Прокурордук чара көрүүнүн негизинде эсептөөлөр кайра каралып, мыйзам бузуулар жоюлду. Муну менен ишкерге 23 млн 900 миң сомдон ашык негизсиз финансылык жүк жүктөлүшүнүн алдын алуу камсыздалды. Мыйзам бузууга жол берген жергиликтүү каттоо органынын кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда негизсиз тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантууда.
Кыргызстанда көбүнчө фермерлер менен дыйкан чарбалары жана товарларды импорттоо же экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болууда. Бул тууралуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары Камил Чоткараев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Анын айтымында, дыйкандар адатта жазында эгин айдап, түшүмдү жыйнагандан кийин карызын төлөө шарты менен каражат алышат. Бирок түшүм начар же такыр чыкпай калган учурда милдеттенмелерин аткара албай, кредиторлор сотко кайрылууда. "2026-жылдын сегиз айында 38 жеке ишкерди банкрот деп таануу боюнча сот чечими департаментке түшкөн. Алардын тогузуна карата процедура аяктап, учурда 29 ишкер боюнча банкроттук иштер жүрүп жатат. Жалпысынан буга чейин 375 ишкана банкрот деп табылса, азыр алардын 227си боюнча процедура уланууда", — деди Чоткараев.
Окуу китептерин басып чыгаруу мындан ары тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилбейт. Жаңы тартипке ылайык, окуу китептерин "Окуу китеби" мамлекеттик басма үйү даярдап, басып чыгаруу үчүн "Учкун" ААКка өткөрүп берет. "Окуу китеби2 басма үйүнүн маалыматына ылайык, басып чыгарууга керектүү каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Муну менен окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат мамлекеттик сектордо калат. "Даяр болгон окуу китептери райондук билим берүү органдарына жеткирилип, андан ары мектептерге таратылат", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин окуу китептерин басып чыгаруу тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилип келген.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташкандан кийин ОПЕК сөзсүз тарайт. Мындай пикирин АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин РИА Новости жазды. "Күндөрдүн бир күнүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнгө салынат, ал эми ОПЕК кулайт", — деди Бессент Түштүк методист университетине караштуу Кокс бизнес-мектебинде өткөн талкуу учурунда. ОПЕК 1960-жылы алдыңкы мунай өндүрүүчү өлкөлөр тарабынан негизделген. Анын башкы максаты мунай казып алууну координациялоо, экспорттук квоталарды көзөмөлдөө жана
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында күн электр станциясын куруу үчүн берилген 800 гектар айыл чарба жерине байланыштуу мыйзам бузуу аныкталды. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, текшерүүдө айыл чарба жерлерин башка категорияга которууда өндүрүштүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну эсептөөдө формуланын коэффициенти негизсиз колдонулганы белгилүү болгон. Натыйжада "Ч" ЖЧКсына 47 млн 300 миң сомдон ашык сумма эсептелген. Прокурордук чара көрүүнүн негизинде эсептөөлөр кайра каралып, мыйзам бузуулар жоюлду. Муну менен ишкерге 23 млн 900 миң сомдон ашык негизсиз финансылык жүк жүктөлүшүнүн алдын алуу камсыздалды. Мыйзам бузууга жол берген жергиликтүү каттоо органынын кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда негизсиз тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди улантууда.Кыргызстанда көбүнчө фермерлер менен дыйкан чарбалары жана товарларды импорттоо же экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болууда. Бул тууралуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин директорунун орун басары Камил Чоткараев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.Анын айтымында, дыйкандар адатта жазында эгин айдап, түшүмдү жыйнагандан кийин карызын төлөө шарты менен каражат алышат. Бирок түшүм начар же такыр чыкпай калган учурда милдеттенмелерин аткара албай, кредиторлор сотко кайрылууда. "2026-жылдын сегиз айында 38 жеке ишкерди банкрот деп таануу боюнча сот чечими департаментке түшкөн. Алардын тогузуна карата процедура аяктап, учурда 29 ишкер боюнча банкроттук иштер жүрүп жатат. Жалпысынан буга чейин 375 ишкана банкрот деп табылса, азыр алардын 227си боюнча процедура уланууда", — деди Чоткараев.Окуу китептерин басып чыгаруу мындан ары тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилбейт. Жаңы тартипке ылайык, окуу китептерин "Окуу китеби" мамлекеттик басма үйү даярдап, басып чыгаруу үчүн "Учкун" ААКка өткөрүп берет. "Окуу китеби2 басма үйүнүн маалыматына ылайык, басып чыгарууга керектүү каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Муну менен окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат мамлекеттик сектордо калат. "Даяр болгон окуу китептери райондук билим берүү органдарына жеткирилип, андан ары мектептерге таратылат", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин окуу китептерин басып чыгаруу тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилип келген.Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташкандан кийин ОПЕК сөзсүз тарайт. Мындай пикирин АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдиргенин РИА Новости жазды. "Күндөрдүн бир күнүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнгө салынат, ал эми ОПЕК кулайт", — деди Бессент Түштүк методист университетине караштуу Кокс бизнес-мектебинде өткөн талкуу учурунда. ОПЕК 1960-жылы алдыңкы мунай өндүрүүчү өлкөлөр тарабынан негизделген. Анын башкы максаты мунай казып алууну координациялоо, экспорттук квоталарды көзөмөлдөө жана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103564091_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_797862f293b74f7e2cb3eea72de3b2b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио