https://sputnik.kg/20260911/1103586986.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү каралган мыйзам долбоорун... 11.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-11T08:59+0600
2026-09-11T08:59+0600
2026-09-11T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103586820_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f6b5319c048ce5f3c78f097f9e5c1694.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү каралган мыйзам долбоорун демилгелешти. "Чет өлкөлүк жактардын жер тилкелерге болгон укуктарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүндөн баштап коомдук талкууга илинди. Документке ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса, ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет. Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт.
Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрүп, атайын бир мезгилде менчик машиналар жүрүүгө уруксат берилет. Жаңы графикке ылайык, жеке автоунаалар бөлүнгөн тилкелерди түнкүсүн жана дем алыш күндөрү колдоно алат. Тагыраагы, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке транспорттун кирүүсүнө тыюу салынса, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жол ачык болот. Ал эми ишемби жана жекшембиде жеңил автокөлүктөр бул тилкелерде эч кандай чектөөсүз жүрө алышат. Бул эреже жол кыймылын жөнгө салган схемаларга өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин расмий түрдө күчүнө кирет. Тартиптин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын тилкелерде үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүп турат.
Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине киргенин ЕЭК билдирди. Маалыматты уюмдун интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганы айтылат. "Ошондой эле тизмеге Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору да кирди", — дешти комиссиядан. ЕЭК кеңешинин жыйыны Москвада өтүп, анда ЕАЭБ аймагындагы Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү талкууланган. Иш-чарага минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Депутаттар Дастан Бекешев менен Улугбек Ормонов чет өлкөлүктөр үй сатып алса турак жай турган жер тилкесинин мамлекетке өтөрү каралган мыйзам долбоорун демилгелешти. "Чет өлкөлүк жактардын жер тилкелерге болгон укуктарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүндөн баштап коомдук талкууга илинди. Документке ылайык, Кыргызстандын жараны кыймылсыз мүлкүн чет өлкөлүккө сатса, ага тиешелүү жер үлүшүн мамлекетке же муниципалитетке акысыз өткөрүп берүүгө тийиш. Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди 20 жылга убактылуу пайдаланууга алып, мөөнөт адегенде 20 жылга, андан кийин 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мыйзам кабыл алынса, каттоо органы чет өлкөлүктөргө таандык кыймылсыз мүлктөрдү жана аларга байланышкан жер тилкелерин 12 айда инвентаризациялайт. Жерге жеке менчик укугу мыйзамсыз катталган чет өлкөлүктөргө аны алты ай ичинде мамлекетке же муниципалитетке ыктыярдуу өткөрүп берүү сунушталат. Талап аткарылбаса, маселе сот аркылуу чечилет. Эгер чет өлкөлүк жаран кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жаранына сатса, жер тилкесине менчик укугу жаңы ээсине кайра өтөт.Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрүп, атайын бир мезгилде менчик машиналар жүрүүгө уруксат берилет. Жаңы графикке ылайык, жеке автоунаалар бөлүнгөн тилкелерди түнкүсүн жана дем алыш күндөрү колдоно алат. Тагыраагы, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке транспорттун кирүүсүнө тыюу салынса, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин жол ачык болот. Ал эми ишемби жана жекшембиде жеңил автокөлүктөр бул тилкелерде эч кандай чектөөсүз жүрө алышат. Бул эреже жол кыймылын жөнгө салган схемаларга өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү жол белгилери орнотулгандан кийин расмий түрдө күчүнө кирет. Тартиптин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын тилкелерде үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүп турат.Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине киргенин ЕЭК билдирди. Маалыматты уюмдун интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганы айтылат. "Ошондой эле тизмеге Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору да кирди", — дешти комиссиядан. ЕЭК кеңешинин жыйыны Москвада өтүп, анда ЕАЭБ аймагындагы Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү талкууланган. Иш-чарага минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0b/1103586820_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_be8a8d97064d4111ea7ee0305db06d20.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио