https://sputnik.kg/20260910/1103583979.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 11-сентябрда өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Талас... 10.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-10T19:00+0600
2026-09-10T19:00+0600
2026-09-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103583812_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_96068b8313f71f04e362b044da370b6d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 11-сентябрда өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Өкүлдүн маалыматына караганда, анын ичинде 105и социалдык объект жана 60ы өндүрүштүк ишкана. "Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Объектилердин ачылышына президент Садыр Жапаров катышат. Иш-чаралардын алкагында өлкө аймагындагы бир катар объектилер онлайн форматта ишке берилет", - деди ал.
2020-жылдан бери Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөр менен соодасы 2,4 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Былтыр жалпы көлөм 5,9 млрд долларды түзгөн. Өз ара соода маселеси Москвада өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынында талкууланды. Ага Кыргызстандын атынан минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Жалпысынан 48 маселе, анын ичинде агроөнөр жай комплексин, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү каралды.
Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдык мааракесине карата өзгөчө инклюзивдүү иш-чаралар өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Белая Трость” уюму “Росатом” мамкорпорациясынын колдоосу менен көчмөн маданиятын жана салттуу кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдик тажрыйба менен айкалыштырган боз үй тикти. Андагы сегиз багытты камтыган интерактивдүү чеберканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ыктыярчылар келген меймандар үчүн түрдүү мастер-класстарды өткөрүштү. Келген чет элдик коноктор боз үйдүн тиричилик буюмдарын сенсордук туюмдар аркылуу изилдеп, пластилинден жана самандан чыгармачыл эмгектерди жаратышты. Мындан тышкары, “Караңгыда сейилдөө” жана толук караңгылыкта идиш-аякты көрбөстөн тамактануу сыяктуу адаттан тыш интерактивдер өткөрүлдү. “Росатомдун” Кыргызстандагы жетекчиси Дмитрий Константинов бул боз үй аркылуу баарына ачык жана жеткиликтүү аянтча түзүп, инклюзия ири эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгү боло аларын көрсөтүү негизги максат болгонун айтты.
Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, норма менчик ээси баш тарткан унааларга жайылтылат. Аларды сатуудан түшкөн каражат сактоого кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга жумшалат. Учурда ЖКККББга караштуу айып короолордо 588 ээси белгисиз унаа турат. Алардын айрымдары 1997-жылдан бери сакталып келет. Көпчүлүгү кырсыктан кийин жараксыз болуп, идентификациялык номерлери окулбай калган. Долбоор унаа ээсине таандык экендиги аныкталган учурларга жайылтылбайт. Мындай унаалар боюнча карыз мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүлөт.
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 11-сентябрда өлкө боюнча 165 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Өкүлдүн маалыматына караганда, анын ичинде 105и социалдык объект жана 60ы өндүрүштүк ишкана. "Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Объектилердин ачылышына президент Садыр Жапаров катышат. Иш-чаралардын алкагында өлкө аймагындагы бир катар объектилер онлайн форматта ишке берилет", - деди ал. 2020-жылдан бери Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөр менен соодасы 2,4 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Былтыр жалпы көлөм 5,9 млрд долларды түзгөн. Өз ара соода маселеси Москвада өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынында талкууланды. Ага Кыргызстандын атынан минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Жалпысынан 48 маселе, анын ичинде агроөнөр жай комплексин, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү каралды. Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10 жылдык мааракесине карата өзгөчө инклюзивдүү иш-чаралар өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Белая Трость” уюму “Росатом” мамкорпорациясынын колдоосу менен көчмөн маданиятын жана салттуу кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдик тажрыйба менен айкалыштырган боз үй тикти. Андагы сегиз багытты камтыган интерактивдүү чеберканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ыктыярчылар келген меймандар үчүн түрдүү мастер-класстарды өткөрүштү. Келген чет элдик коноктор боз үйдүн тиричилик буюмдарын сенсордук туюмдар аркылуу изилдеп, пластилинден жана самандан чыгармачыл эмгектерди жаратышты. Мындан тышкары, “Караңгыда сейилдөө” жана толук караңгылыкта идиш-аякты көрбөстөн тамактануу сыяктуу адаттан тыш интерактивдер өткөрүлдү. “Росатомдун” Кыргызстандагы жетекчиси Дмитрий Константинов бул боз үй аркылуу баарына ачык жана жеткиликтүү аянтча түзүп, инклюзия ири эл аралык маданий диалогдун бир бөлүгү боло аларын көрсөтүү негизги максат болгонун айтты.Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, норма менчик ээси баш тарткан унааларга жайылтылат. Аларды сатуудан түшкөн каражат сактоого кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга жумшалат. Учурда ЖКККББга караштуу айып короолордо 588 ээси белгисиз унаа турат. Алардын айрымдары 1997-жылдан бери сакталып келет. Көпчүлүгү кырсыктан кийин жараксыз болуп, идентификациялык номерлери окулбай калган. Долбоор унаа ээсине таандык экендиги аныкталган учурларга жайылтылбайт. Мындай унаалар боюнча карыз мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0a/1103583812_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_33011c09913f8b74fe413719e70458eb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио