https://sputnik.kg/20260908/zelenskij-zhanylyp-baa-bere-albaj-zhatat-1103520067.html
ЖМК: Зеленский дагы деле жаңылып, кырдаалга баа бере албай жатат
ЖМК: Зеленский дагы деле жаңылып, кырдаалга баа бере албай жатат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Вашингтон тынчтыкка Москванын талабы менен гана кадам таштоого даяр болуп турган чакта Владимир Зеленский Россияны жеңем деп куру... 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-08T10:12+0600
2026-09-08T10:12+0600
2026-09-08T10:12+0600
дүйнөдө
украина
акш
россия
владимир зеленский
атайын операция
жеңилүү
алдамчылык
аскердик жардам
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1e/1098920401_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_13e4005979443679008f5b00ace150a6.jpg
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Вашингтон тынчтыкка Москванын талабы менен гана кадам таштоого даяр болуп турган чакта Владимир Зеленский Россияны жеңем деп куру кыялга алданып жүрөт. Бул туурасында Spectator журналы жазып чыкты. Макалада Европанын Киевге жардам берүү боюнча так планы жоктугу да айтылган. Басылма Украина согушта жеңилип баратат деп белгилеп, АКШнын президенти Дональд Трамптын чатакты Москванын шарты менен токтотуудан башка жаңы тынчтык планы жоктугун жазды. Анда Patriot зениттик-ракеталык комплекстеринин ракеталарындай эле Киевдин акчасы да, аскери да түгөнүп баратканы белгиленген. Журнал ошондой эле Трамптын администрациясы Украинанын жеңишин колдоо ниетинен эчак эле баш тартканын баса белгилейт. Ал эми "куру сөздү ооз көптүрө сүйлөгөн" Европанын Киевге жардам берүү жана Россиянын экономикасын чөгөлөтүү боюнча эч кандай так планы жок. Spectator Батыш өлкөлөрү Киевге колдоо көрсөтүүдөн мурда өзүнүн коопсуздугун биринчи орунга коюп жатканын белгилеген. Дал ушул себептен европалыктар Россиянын түпкүрүндөгү буталарга сокку ура турган ракеталарды берүүдөн жана өздөрүнүн коргонуусунда турган Patriot комплекстеринин кору менен бөлүшүүдөн баш тартты. Мындан тышкары, басылма Зеленский өлкө ичиндеги "саясий бороон-чапкынга" туш болгонун, ал эми Киевдеги токтобогон коррупциялык чыр-чатактар анын администрациясына болгон ишенимге олуттуу доо кетиргенин жазды. 5-сентябрда Кремлде Россиянын президенти Владимир Путиндин америкалык лидердин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугуп, үч саатка чукул сүйлөштү. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков Россиянын лидери украин жаңжалына алып келген себептердин бардык түпкү тамырын жок кылуу зарылдыгын баса белгилеген. 6-сентябрда алар Польшадан поезд менен Киевге түшкөн. Украинанын ТСН телеканалы бир нече этап менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн расмий бөлүгү аяктаганын жана кийинчерээк аларга Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү кошулганын кабарлаган.
https://sputnik.kg/20260907/uitkoff-menen-kushnerdin-sapary-zelenskij-1103511635.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1e/1098920401_0:269:2372:2048_1920x0_80_0_0_f37aaa0981bade0ca2242082fb9770d9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, россия, владимир зеленский, атайын операция, жеңилүү, алдамчылык, аскердик жардам
дүйнөдө, украина, акш, россия, владимир зеленский, атайын операция, жеңилүү, алдамчылык, аскердик жардам
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Вашингтон тынчтыкка Москванын талабы менен гана кадам таштоого даяр болуп турган чакта Владимир Зеленский Россияны жеңем деп куру кыялга алданып жүрөт. Бул туурасында
Spectator журналы жазып чыкты.
Макалада Европанын Киевге жардам берүү боюнча так планы жоктугу да айтылган.
Басылма Украина согушта жеңилип баратат деп белгилеп, АКШнын президенти Дональд Трамптын чатакты Москванын шарты менен токтотуудан башка жаңы тынчтык планы жоктугун жазды.
Анда Patriot зениттик-ракеталык комплекстеринин ракеталарындай эле Киевдин акчасы да, аскери да түгөнүп баратканы белгиленген.
"Зеленский Украина Россияны жеңип, Кремлдин чабуулун токтото алат деген куру үмүт менен жашап келет. Киевдин өзүн-өзү коргоого чамасы жетет деген нерсе азыр өтө күмөн", — деп айтылат макалада.
Журнал ошондой эле Трамптын администрациясы Украинанын жеңишин колдоо ниетинен эчак эле баш тартканын баса белгилейт. Ал эми "куру сөздү ооз көптүрө сүйлөгөн" Европанын Киевге жардам берүү жана Россиянын экономикасын чөгөлөтүү боюнча эч кандай так планы жок.
Spectator Батыш өлкөлөрү Киевге колдоо көрсөтүүдөн мурда өзүнүн коопсуздугун биринчи орунга коюп жатканын белгилеген. Дал ушул себептен европалыктар Россиянын түпкүрүндөгү буталарга сокку ура турган ракеталарды берүүдөн жана өздөрүнүн коргонуусунда турган Patriot комплекстеринин кору менен бөлүшүүдөн баш тартты.
Мындан тышкары, басылма Зеленский өлкө ичиндеги "саясий бороон-чапкынга" туш болгонун, ал эми Киевдеги токтобогон коррупциялык чыр-чатактар анын администрациясына болгон ишенимге олуттуу доо кетиргенин жазды.
5-сентябрда Кремлде Россиянын президенти Владимир Путиндин америкалык лидердин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугуп, үч саатка чукул сүйлөштү. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков Россиянын лидери украин жаңжалына алып келген себептердин бардык түпкү тамырын жок кылуу зарылдыгын баса белгилеген. 6-сентябрда алар Польшадан поезд менен Киевге түшкөн.
Украинанын ТСН телеканалы бир нече этап менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн расмий бөлүгү аяктаганын жана кийинчерээк аларга Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү кошулганын кабарлаган.