https://sputnik.kg/20260908/donbasstyn-boshotulushu-1103533742.html
Донбассты нацисттерден бошоткон Кызыл армия. Сталинонун тарыхы видеодо
Донбассты нацисттерден бошоткон Кызыл армия. Сталинонун тарыхы видеодо
Sputnik Кыргызстан
1943-жылы 8-сентябрда мурдагы Сталино, азыркы Донецк шаары айыгышкан салгылаш менен нацисттерден бошотулган. Советтик армия чабуулун 13-августта баштап, Курск... 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-08T20:03+0600
2026-09-08T20:03+0600
2026-09-08T20:03+0600
дүйнөдө
улуу ата мекендик согуш
донбасс
бошотуу
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096388935_0:26:1000:589_1920x0_80_0_0_142841afa399e63eed09f43096a933e2.jpg
Негизги кагылышуу Миус дарыясында болуп, легендалуу Саур-Могиланы улам бир тарап ээлеп турган. 1-сентябрь күнү нацисттик баскынчылар чегинип, жөн кетпей жердин баарын өрттөп кетишет. Натыйжада жалпы Украинаны бошотуу үчүн плацдарм түзүлүп, 22-сентябрда советтик жоокерлер нацисттерди Днепрдин ары жагына сүрүп чыгарган. Улуу Ата Мекендик согуш кээрин тарттырып, жүрөктү ооруткан сандарга көз таштасак, согушка чейинки 500 миң жашоочудан бошотулган Донецкиде болгону 17 миң адам калган. Өнөр жай ишканалары талкаланып, завод-фабрикалар жардырылган. Донбасста 300дөй шахта жардырылса, жер алдындагы 2000 чакырымдан ашык көмүр жай зыян тарткан. Ал эми 1945-жылдын башында аймак кайрадан өзүнө келе баштаганын байкоого болот эле. Шахталардын төрттөн үч бөлүгүнүн иши жанданып, Донбасстын ири ишканалары мурдагы иш процессине акырындап кайта баштаган.
донбасс
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096388935_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_efce94d8f2bf2c9f6e5f85de5b440e69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, донбасс, бошотуу, видео, видео
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, донбасс, бошотуу, видео, видео
Донбассты нацисттерден бошоткон Кызыл армия. Сталинонун тарыхы видеодо
1943-жылы 8-сентябрда мурдагы Сталино, азыркы Донецк шаары айыгышкан салгылаш менен нацисттерден бошотулган. Советтик армия чабуулун 13-августта баштап, Курск догосунда ийгиликке жетишкен.
Негизги кагылышуу Миус дарыясында болуп, легендалуу Саур-Могиланы улам бир тарап ээлеп турган.
1-сентябрь күнү нацисттик баскынчылар чегинип, жөн кетпей жердин баарын өрттөп кетишет. Натыйжада жалпы Украинаны бошотуу үчүн плацдарм түзүлүп, 22-сентябрда советтик жоокерлер нацисттерди Днепрдин ары жагына сүрүп чыгарган.
Улуу Ата Мекендик согуш кээрин тарттырып, жүрөктү ооруткан сандарга көз таштасак, согушка чейинки 500 миң жашоочудан бошотулган Донецкиде болгону 17 миң адам калган. Өнөр жай ишканалары талкаланып, завод-фабрикалар жардырылган. Донбасста 300дөй шахта жардырылса, жер алдындагы 2000 чакырымдан ашык көмүр жай зыян тарткан.
Ал эми 1945-жылдын башында аймак кайрадан өзүнө келе баштаганын байкоого болот эле. Шахталардын төрттөн үч бөлүгүнүн иши жанданып, Донбасстын ири ишканалары мурдагы иш процессине акырындап кайта баштаган.