https://sputnik.kg/20260908/blokada-leningrad-bishkek-miting-rekviyem-1103537921.html
Ленинград блокадасынын башталганына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттү
Ленинград блокадасынын башталганына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттү
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Ленинград блокадасынын башталгандыгынын 85 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-08T19:38+0600
2026-09-08T19:38+0600
2026-09-09T09:57+0600
кыргызстан
ленинград блокадасында
эскерүү
марат кутанов
сергей вакунов
митинг-реквием
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/09/08/1103537751_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_5470689783d8656142a0240f426109b0.jpg
Эскерүү иш-чарасы бүгүн Жеңиш сейил багындагы блокадачылардын мемориалынын жанында уюштурулду. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) ректору Сергей Волков, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, ардагерлер, ошондой эле шаар тургундары менен меймандары катышты. Алар курман болгондордун элесине таазим этип, эскерүүдөн соң эстеликке гүлчамбар коюшту. Россиянын элчиси Ленинградды коргоо согуштун эң каргашалуу барагы жана совет элинин фашизмге каршы кажыбас кайратынын үлгүсү катары тарыхта каларын белгиледи. Ал ошондой эле СССРдин бардык элдеринин өкүлдөрү менен бирге кыргызстандыктар да Ленинградга чоң көмөк көрсөткөнүн эске салды. "Биздин 4,5 миңден ашуун мекендешибиз Ленинград үчүн өмүрүн берди. 16 миңден ашуун ленинграддык блокадачы Кыргызстандан баш калка тапса, алардын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланып, аман калган. 150 ленинграддык балага эне болгон Токтогон Алтыбасарованын эрдиги боордош элдердин сүйүүсүнүн, энелик мээриминин жана достугунун символу катары түбөлүккө калат", — деди Россия элчиси. Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев блокада согуштун эң каргашалуу барагы болгонун белгилеп өттү. "Ленинграддын жоокерлери менен тургундары толук курчоодо калганда душман абадан бомбалап, замбирек менен аткылап турган. Блокадачылардын жана Ленинградды коргоочулардын элеси түбөлүккө жашасын", — деп кошумчалады ал. Кыргызстандын блокадачылар коомунун төрагасы Ленинграддын баатырдыгы эрктин, туруктуулуктун жана жан аябастыктын тарыхы экенин баса белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө Кавказда курман болгон жоокерлердин жакындарын издөөгө багытталган патриоттук акциялар өттү. Ошондой эле дайынсыз жоголгон ата-бабалардын ысымдары урпактарына кайтарылып, КРСУ уюштурган тарыхый көргөзмө тартууланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/08/1103537751_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_925f2df0d80c01cb6e3d21252721d005.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ленинград блокадасында, эскерүү, марат кутанов, сергей вакунов, митинг-реквием, видео, видео
кыргызстан, ленинград блокадасында, эскерүү, марат кутанов, сергей вакунов, митинг-реквием, видео, видео
Ленинград блокадасынын башталганына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттү
19:38 08.09.2026 (Жаңыртылды: 09:57 09.09.2026) Бишкекте Ленинград блокадасынын башталгандыгынын 85 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
Эскерүү иш-чарасы бүгүн Жеңиш сейил багындагы блокадачылардын мемориалынын жанында уюштурулду. Ага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) ректору Сергей Волков, Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, ардагерлер, ошондой эле шаар тургундары менен меймандары катышты. Алар курман болгондордун элесине таазим этип, эскерүүдөн соң эстеликке гүлчамбар коюшту.
Россиянын элчиси Ленинградды коргоо согуштун эң каргашалуу барагы жана совет элинин фашизмге каршы кажыбас кайратынын үлгүсү катары тарыхта каларын белгиледи.
"1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград блокадасы башталган. Бул согуштун эң үрөй учурган окуяларынын бири болду. Душман шаарды ачкачылык, суук жана коркунуч менен чөгөлөтүп, тургундардын каршылык көрсөтүү эркин жок кылууну көздөгөн. Бирок Ленинград багынган жок. Блокада 872 күнгө созулуп, бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды, алардын 600 миңден ашыгы ачкалыктан көз жумган", — деди Вакунов.
Ал ошондой эле СССРдин бардык элдеринин өкүлдөрү менен бирге кыргызстандыктар да Ленинградга чоң көмөк көрсөткөнүн эске салды.
"Биздин 4,5 миңден ашуун мекендешибиз Ленинград үчүн өмүрүн берди. 16 миңден ашуун ленинграддык блокадачы Кыргызстандан баш калка тапса, алардын ичинен 3,5 миң бала эвакуацияланып, аман калган. 150 ленинграддык балага эне болгон Токтогон Алтыбасарованын эрдиги боордош элдердин сүйүүсүнүн, энелик мээриминин жана достугунун символу катары түбөлүккө калат", — деди Россия элчиси.
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев блокада согуштун эң каргашалуу барагы болгонун белгилеп өттү.
"Ленинграддын жоокерлери менен тургундары толук курчоодо калганда душман абадан бомбалап, замбирек менен аткылап турган. Блокадачылардын жана Ленинградды коргоочулардын элеси түбөлүккө жашасын", — деп кошумчалады ал.
Кыргызстандын блокадачылар коомунун төрагасы Ленинграддын баатырдыгы эрктин, туруктуулуктун жана жан аябастыктын тарыхы экенин баса белгиледи.
"Эс тутум — бул жөн гана өткөндү сактоо эмес, согушта дайынсыз кеткендерди таап, ысымын кайтаруу. "Ысымдарды кайтаруу" долбоору жана Москвадагы Жеңиш музейи менен кызматташуунун аркасында блокаданын 85 жылдыгына карата согушта жоголгон 18 кыргызстандыктын аты-жөнү аныкталды", — деди Кутанов.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кавказда курман болгон жоокерлердин жакындарын издөөгө багытталган патриоттук акциялар өттү. Ошондой эле дайынсыз жоголгон ата-бабалардын ысымдары урпактарына кайтарылып, КРСУ уюштурган тарыхый көргөзмө тартууланды.