https://sputnik.kg/20260907/talasta-ehki-kun-bazar-zhana-sooda-zhajlary-ishtebejt-1103502837.html
Таласта 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турган болду
Таласта 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турган болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди. 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T10:40+0600
2026-09-07T10:40+0600
2026-09-07T11:20+0600
кыргызстан
талас
эгемендүүлүк
майрам
базар
соода борбору
мэрия
https://sputnik.kg/img/07e8/05/0a/1085004118_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_a5c06dd16dccb005fc0d249b652c4b28.jpg
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди. Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар (вулканизация) бар. Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи. Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө. 5 000 орундуу жаңы стадион жана "Баластан" балдар борборунун ачылышы каралган. Шаар бийлиги бул күндөрү ырчылардан Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келерин билдирген. Мындан тышкары, дрон-шоу жана фейерверк болот.
https://sputnik.kg/20260906/bilettin-akchasy-1103491487.html
талас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/05/0a/1085004118_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_41668785514a225f93d9a0c59a500435.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талас, эгемендүүлүк, майрам, базар, соода борбору, мэрия
кыргызстан, талас, эгемендүүлүк, майрам, базар, соода борбору, мэрия
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди.
Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар (вулканизация) бар.
Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи.
Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө.
5 000 орундуу жаңы стадион жана "Баластан" балдар борборунун ачылышы каралган. Шаар бийлиги бул күндөрү ырчылардан Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас келерин билдирген. Мындан тышкары, дрон-шоу жана фейерверк болот.