00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Индия жана Пакистан Кыргызстанга эмне бере алат жана ШКУ бул мүмкүнчүлүктөрдү кантип кеңейтет?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүмдөр арасында электрондук тамекинин жайылышы: вейп эмнеси менен кооптуу?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Чолпон-Атада "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-ыр фестивалы өтөтПутин ШКУнун Өнүктүрүү банкы кандай болушу керектигин айттыЖапаров ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланганы тууралуу айтты
Президент ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк Ички Дун Продукциянын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын айтты. Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун юбилейлик саммитинде айтты. Ал ШКУ саммити "Ырыс алды — ынтымак" деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр "Шанхай рухунун" маңызын чагылдырарына токтолду.Ал Кыргызстан ШКУга төрагалыгы алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүп, коопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдегенин да белгиледи. Мындан сырткары, экономикалык жана транспорттук байланыштар чыңдалып, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет жасалганына токтолду. Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелери ШКУнун сөз жүзүндө эмес, реалдуу ишке ашыруусу керек болгон артыкчылыктуу багыттарынын катарына кошулганын айтты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1-4-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалга дүйнөнүн төрт тарабынан келген 21 конкурсант катышып, жалпысынан 42 музыкалык номер тартуулайт. Өнөрпоздор өз элдеринин музыкалык мурасын жана чыгармачылыгын бир сахнада көрүүчүлөргө тартуулашат.Фестивалга кирүү үчүн билеттер сатылууда. Билеттерди nebs.gov.kg сайты аркылуу онлайн сатып алууга болот. Ошондой эле билеттер Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылууда. "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-ыр фестивалы дүйнө элдеринин музыкалык мурасын бир сахнага топтоп, ар түрдүү маданияттардын чыгармачылык байланышын чыңдоого багытталган.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган институттун базасында 200 млн сомго жакын каражатка 15 заманбап лаборатория камсыздалды. "Алар жашыл энергетика жана тоо-кен тармагы багытында иштеп, Борбор Азиядагы эң ири илимий, билим берүү жана практикалык борборлордун катарын толуктайт",-деди министр. Эскерте кетсек, бул долбоор Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатында ишке ашкан эң ири багыттардын бири болуп саналат.
Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкы экономикалык рычагдарды курал катары колдонгон өлкөлөрдүн каржы системаларынан көз карандысыз болушу керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди. Путин ШКУнун Иштиктүү кеңеши менен Банктар аралык бирикмеси пайда алып келе турган экономикалык долбоорлорго чоң салым кошуп жатканын белгиледи.Белгилей кетсек, ШКУнун Өнүктүрүү банкын негиздөө маселеси 2010-жылдардан бери күн тартибинде турат. Уюмдун адистеринин айтымында, мындай банктын түзүлүшү мүчө өлкөлөргө эл аралык санкциялык тобокелдиктерден коргонууга, сырткы каржы системаларынан эркин болууга жана аймактык соода-экономикалык долбоорлорду өз алдынча каржылоого шарт түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0