https://sputnik.kg/20260831/1103313038.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн ар бир кыргызстандык башын бийик көтөрүп, эгемен мамлекеттин жаранымын деп сыймыктана турган, улуттук биримдикти даңазалаган улуу күн... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T11:00+0600
2026-08-31T11:00+0600
2026-08-31T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103312872_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c52c59d391be62fa3f18c6a095722e00.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн ар бир кыргызстандык башын бийик көтөрүп, эгемен мамлекеттин жаранымын деп сыймыктана турган, улуттук биримдикти даңазалаган улуу күн экенин белгиледи. Мамлекеттин күч-кубаты анын жарандарынын интеллектуалдык даражасында жана моралдык тазалыгында болорун эске салды. "Мен кыргыз жаранымын, Мен кыргызстандыкмын!" деп сыймыктанган ар бир адам жоопкерчиликтүү аң-сезим менен өлкөбүздүн алдыга жылышы, коомчулуктун сабаттуулугу жана жаңычылдыкка умтулуусу үчүн күрөшсө, анда мамлекетибиздин өнүгүүсү мындан да ыкчамдайт", — деди ал элге кайрылуусунда. Биздин башка Мекенибиз жоктугун, Кыргызстан биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз экенин баса белгиледи. Эгемендигибиздин, эркиндигибиздин кадырына жете билип, улуттук сыймыгыбызды ыйык тутууга чакырык таштады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына курулчу жаңы Гепатология борборунун пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Имаратты коомдук фонддордун бири куруп, заманга бап келген жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздамакчы. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин борбор мамлекеттин карамагына колдонууга өткөрүп берилет. Андан сырткары баштапкы кароо, тереңдетилген диагностика, амбулатордук жана стационардык дарылоо, диспансердик көзөмөл болмокчу. Иш-чарага ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, "Илшат" коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана медицина кызматкерлери катышты. Маматалиев борбордун ачылышы боор ооруларын эрте аныктоого жана өлкө ичинде эле дарылоого шарт түзүп, жарандарды чет өлкөгө барып дарылануу түйшүгүнөн арылтарын баса белгиледи. Ошондой эле ал инфраструктураны жаңылоо менен катар медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча реформалар улантыларын кошумчалады.
Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын төрт районунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин түз эфирде көрсөтүү үчүн 12 фан-зона уюштурулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Ошондой эле Октябрь, Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунда атайын аянтчалар иштейт. Фан-зоналарда шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары уюштурулат. Бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.
НАТОнун аскердик активдүүлүгү Россияга кооптуулук жаратып жатат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Arctic.ru порталындагы макаласында белгилеген. Анын айтымында, альянстын мындай темпи куралдуу кагылышка алып келет. Лавров НАТО Россиянын жана анын досторунун өнүгүүсүн чектөө үчүн Арктиканы тирешүүнүн жаңы майданына айландырууну көздөп жатканын да белгиледи.РФ ТИМи Түндүк атлантикалык альянс Россиянын чектерине жакын жерге жайгашып, андан соң аскердик даярдыгын күчөтүп жатканына да токтолду. Башкы дипломат 2026-жылдын февралында НАТО өзүнүн аскерлерин көп жерге жайгаштырып, "Арктикалык сакчы" операциясын ишке ашырууга киришкенин эске салды.
Садыр Жапаров бүгүн ар бир кыргызстандык башын бийик көтөрүп, эгемен мамлекеттин жаранымын деп сыймыктана турган, улуттук биримдикти даңазалаган улуу күн экенин белгиледи. Мамлекеттин күч-кубаты анын жарандарынын интеллектуалдык даражасында жана моралдык тазалыгында болорун эске салды. "Мен кыргыз жаранымын, Мен кыргызстандыкмын!" деп сыймыктанган ар бир адам жоопкерчиликтүү аң-сезим менен өлкөбүздүн алдыга жылышы, коомчулуктун сабаттуулугу жана жаңычылдыкка умтулуусу үчүн күрөшсө, анда мамлекетибиздин өнүгүүсү мындан да ыкчамдайт", — деди ал элге кайрылуусунда. Биздин башка Мекенибиз жоктугун, Кыргызстан биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз экенин баса белгиледи. Эгемендигибиздин, эркиндигибиздин кадырына жете билип, улуттук сыймыгыбызды ыйык тутууга чакырык таштады. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына курулчу жаңы Гепатология борборунун пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Имаратты коомдук фонддордун бири куруп, заманга бап келген жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздамакчы. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин борбор мамлекеттин карамагына колдонууга өткөрүп берилет. Андан сырткары баштапкы кароо, тереңдетилген диагностика, амбулатордук жана стационардык дарылоо, диспансердик көзөмөл болмокчу. Иш-чарага ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, "Илшат" коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана медицина кызматкерлери катышты. Маматалиев борбордун ачылышы боор ооруларын эрте аныктоого жана өлкө ичинде эле дарылоого шарт түзүп, жарандарды чет өлкөгө барып дарылануу түйшүгүнөн арылтарын баса белгиледи. Ошондой эле ал инфраструктураны жаңылоо менен катар медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча реформалар улантыларын кошумчалады. Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын төрт районунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин түз эфирде көрсөтүү үчүн 12 фан-зона уюштурулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Ошондой эле Октябрь, Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунда атайын аянтчалар иштейт. Фан-зоналарда шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары уюштурулат. Бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт. НАТОнун аскердик активдүүлүгү Россияга кооптуулук жаратып жатат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Arctic.ru порталындагы макаласында белгилеген. Анын айтымында, альянстын мындай темпи куралдуу кагылышка алып келет. Лавров НАТО Россиянын жана анын досторунун өнүгүүсүн чектөө үчүн Арктиканы тирешүүнүн жаңы майданына айландырууну көздөп жатканын да белгиледи.РФ ТИМи Түндүк атлантикалык альянс Россиянын чектерине жакын жерге жайгашып, андан соң аскердик даярдыгын күчөтүп жатканына да токтолду. Башкы дипломат 2026-жылдын февралында НАТО өзүнүн аскерлерин көп жерге жайгаштырып, "Арктикалык сакчы" операциясын ишке ашырууга киришкенин эске салды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103312872_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e83c5ab784ba02a6c83b330741e46f0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио