https://sputnik.kg/20260831/1103339436.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы жаңы деңгээлге чыгат Владимир Путин Бишкекке келдиЖапаров менен Пезешкиан кыргыз-иран мамилелеринин келечегин... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T19:00+0600
2026-08-31T19:00+0600
2026-08-31T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103339268_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e35a79149e097141c78c8b0419f006f8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы жаңы деңгээлге чыгат Владимир Путин Бишкекке келдиЖапаров менен Пезешкиан кыргыз-иран мамилелеринин келечегин талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келди. Боордош өлкөнүн лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алганын президенттик администрациядан кабарлашты.Маалымдалгандай, Эрдоган Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары, "ШКУ+" форматындагы жолугушууларга катышары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Бишкекке Кытай, Индия, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Пакистан, Иран, Россия баш болгон ондон ашуу өлкөнүн лидрлери келишти.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Сыдыков белгилегендей, эки мамлекет ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор бар. Учурда соода жана инвестициялар боюнча келишимдин үстүндө иштер жүрүүдө. "Бул абдан кызыктуу жана ошол эле учурда абдан маанилүү келишим болот деп эсептейм. Анткени ал эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларына Кытайда жана Кыргызстанда өз ара иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Менимче, бул негизги жетишкендиктердин бири болот. Ошондой эле бүгүн бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлиги бир нече келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинде бажы, чек ара кызматтары иштей турган шарттарды түзүш үчүн бир катар макулдашуулар бар", - деди министр.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Путин 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мейман болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитине жана "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышат. Саммиттин алкагында Путин Кыргызстан, Кытай, Иран, Монголия, Тажикстан жана Түркиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Армения менен Индиянын премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрөт. Белгилей кетсек, 2027–2028-жылдары ШКУга төрагалык кылуу кезеги Россияга өтөт. Мындан тышкары, 2028-жылы кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казанда өтө тургандыгы ШКУ саммитинде жарыяланат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйын юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 2 тыйын Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы1- август Шейшемби күнү республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +29...+34, Талас чөлкөмүндө +20...+25, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын аймагында +23...+28 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +24...+26, Ошто +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы жаңы деңгээлге чыгат Владимир Путин Бишкекке келдиЖапаров менен Пезешкиан кыргыз-иран мамилелеринин келечегин талкуулады Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келди. Боордош өлкөнүн лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алганын президенттик администрациядан кабарлашты.Маалымдалгандай, Эрдоган Бишкекте өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары, "ШКУ+" форматындагы жолугушууларга катышары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Бишкекке Кытай, Индия, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Пакистан, Иран, Россия баш болгон ондон ашуу өлкөнүн лидрлери келишти. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-кытай алакасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Сыдыков белгилегендей, эки мамлекет ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан көптөгөн долбоорлор бар. Учурда соода жана инвестициялар боюнча келишимдин үстүндө иштер жүрүүдө. "Бул абдан кызыктуу жана ошол эле учурда абдан маанилүү келишим болот деп эсептейм. Анткени ал эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларына Кытайда жана Кыргызстанда өз ара иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Менимче, бул негизги жетишкендиктердин бири болот. Ошондой эле бүгүн бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлиги бир нече келишимдерге кол коюуга жетишти. Анын ичинде бажы, чек ара кызматтары иштей турган шарттарды түзүш үчүн бир катар макулдашуулар бар", - деди министр. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Путин 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мейман болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитине жана "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышат. Саммиттин алкагында Путин Кыргызстан, Кытай, Иран, Монголия, Тажикстан жана Түркиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Армения менен Индиянын премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрөт. Белгилей кетсек, 2027–2028-жылдары ШКУга төрагалык кылуу кезеги Россияга өтөт. Мындан тышкары, 2028-жылы кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казанда өтө тургандыгы ШКУ саммитинде жарыяланат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйын юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 2 тыйын Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы1- август Шейшемби күнү республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +29...+34, Талас чөлкөмүндө +20...+25, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын аймагында +23...+28 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +24...+26, Ошто +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103339268_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_be2ce2d5cbcb6074e1e7c813dd7e9521.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио