https://sputnik.kg/20260831/1103323781.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Манас" аба майданында чет өлкөлүк лидерлерге Көчмөндөр оюнунун тумары берилүүдөЛавров Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр экенин айттыСадыр Жапаров... 31.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-31T15:00+0600
2026-08-31T15:00+0600
2026-08-31T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103323615_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bf5ca2164911e320baff09408c5890ba.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
"Манас" аба майданында чет өлкөлүк лидерлерге Көчмөндөр оюнунун тумары берилүүдөЛавров Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр экенин айттыСадыр Жапаров БУУга Тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштады
Президент Садыр Жапаров ШКУ+ жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Өлкө башчысы Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи. Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Президент иш-чараны биргелешип уюштурууну сунуштады. Жыйынтыгында Кыргызстан менен БУУ кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдиришти.
Манас" эл аралык аэропортунда учактан түшкөндө чет өлкөлүк лидерлерге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары белекке берилүүдө. "Ынтымак ордо" жарыялаган сүрөттөрдөн мындай тартууну Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан алганын көрүүгө болот. Бүгүн келген Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбени да ушундай белек менен тосуп алышкан. Тумарга Батай деген ат берилген. Анын мааниси Ба — "барс" деген сөздөн алынган. Күчтү, эркиндикти жана ички кубатты билдирет. Тай — "таяныч" сөзүнүн кыскартылганы. Ички өзөктү, тең салмактуулукту жана уңгу менен байланышты туюндурат.
Соңку жылдары кытай-кыргыз мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен "Ынтымак ордодогу" жолугушууда билдирди. Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуу бардык тармактарда өр алып бара жаткандыгын белгиледи. Мунун ичинен Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолунун курулушу ишенимдүү бара жаткандыгына токтолду. Эске салсак, 30-августта Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип түшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "Эгерде башкалар кеңештин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алса, Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр". Бул туурасында Arctic.ru порталындагы макаласында белгилеген. Лавров, мындан сырткары, Россия Түндүк уюл аймагындагы эл аралык ири иш-чараны келерки жылы уюштура турганын билдирди. "Келерки жылдын март айында Мурманск шаарында өтө турган Россиянын Түндүк уюл аймагындагы кезектеги "Арктика – диалог аймагы" эл аралык форумунда чет элдик жогорку даражалуу меймандарды канааттануу менен тосуп алмакчыбыз", — деген министр. Лавров Владивостокто өтүүчү Чыгыш экономикалык 11- форумунун атайын сессияларында Арктика маселелерин талкуулоого чет элдик бир топ делегация катышарын кошумчалады.
"Манас" аба майданында чет өлкөлүк лидерлерге Көчмөндөр оюнунун тумары берилүүдөЛавров Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр экенин айттыСадыр Жапаров БУУга Тоо саммитин биргелешип уюштурууну сунуштады Президент Садыр Жапаров ШКУ+ жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Өлкө башчысы Гутерришке Кыргыз Республикасына келүүгө чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи.Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары катары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоону, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин эл аралык процесстердеги ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык чакырыктарды жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык аракеттерди бириктирүүнү белгиледи. Буга байланыштуу 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык маселеси талкууланды. Саммит 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык иш-аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Президент иш-чараны биргелешип уюштурууну сунуштады. Жыйынтыгында Кыргызстан менен БУУ кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдиришти. Манас" эл аралык аэропортунда учактан түшкөндө чет өлкөлүк лидерлерге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары белекке берилүүдө. "Ынтымак ордо" жарыялаган сүрөттөрдөн мындай тартууну Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан алганын көрүүгө болот. Бүгүн келген Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбени да ушундай белек менен тосуп алышкан. Тумарга Батай деген ат берилген. Анын мааниси Ба — "барс" деген сөздөн алынган. Күчтү, эркиндикти жана ички кубатты билдирет. Тай — "таяныч" сөзүнүн кыскартылганы. Ички өзөктү, тең салмактуулукту жана уңгу менен байланышты туюндурат. Соңку жылдары кытай-кыргыз мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен "Ынтымак ордодогу" жолугушууда билдирди. Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуу бардык тармактарда өр алып бара жаткандыгын белгиледи. Мунун ичинен Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолунун курулушу ишенимдүү бара жаткандыгына токтолду. Эске салсак, 30-августта Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип түшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров "Эгерде башкалар кеңештин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алса, Россия Арктика кеңешинин ишин жандантууга даяр". Бул туурасында Arctic.ru порталындагы макаласында белгилеген. Лавров, мындан сырткары, Россия Түндүк уюл аймагындагы эл аралык ири иш-чараны келерки жылы уюштура турганын билдирди. "Келерки жылдын март айында Мурманск шаарында өтө турган Россиянын Түндүк уюл аймагындагы кезектеги "Арктика – диалог аймагы" эл аралык форумунда чет элдик жогорку даражалуу меймандарды канааттануу менен тосуп алмакчыбыз", — деген министр. Лавров Владивостокто өтүүчү Чыгыш экономикалык 11- форумунун атайын сессияларында Арктика маселелерин талкуулоого чет элдик бир топ делегация катышарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1f/1103323615_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8e7b22aa018f94cbbfac14867588445f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио