00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Эми министрлер кабинетинин төрагасы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине полковникке чейинки аскердик наамдарды ыйгара алат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду."Жогорку жана маанилүү жетишкендиктери үчүн мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилерине наам ыйгарылышы мүмкүн. Мында аскердик наам ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык келиши керек. Бул учурда полковникке чейинки наам ыйгарылышы мүмкүн", — деп айтылат документте.Ошондой эле белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү бүтө электе, башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда наам берүүгө жол берилет.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуу үчүн талаптар да өзгөрөт. Деген менен өлчөмү мурдагыдай эле — ар бир балага 1 200 сом бойдон калат.Өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилип, документ 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.Жөлөк пулга укукту аныктоодо кепилденген минималдуу киреше колдонулат. Азыр ал бир адамга 1 000 сомду түзөт. 1-сентябрдан тартып бул көрсөткүч 1 500 сомго жогорулайт.Мисалы, беш адамдан турган үй-бүлөнүн эсепке алынган бир айлык кирешеси 7 000 сом болсо, ар бир адамга 1 400 сомдон туура келет. Учурда мындай үй-бүлө киреше талабына жооп бербейт. Ал эми 1-сентябрдан кийин жөлөк пул алууга талапкер боло алат. Бирок киреше жалгыз критерий эмес. Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн турак жайы, транспорту, жери, малы жана башка мүлкү да эске алынат.Мындан тышкары, үй-бүлө программанын башка талаптарына да жооп бериши керек.Жөлөк пул дайындатуу үчүн социалдык камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Мамлекеттик органдар керектүү маалыматтарды "Түндүк" электрондук тутуму аркылуу текшерет.
Дүйнөлүк жылдыз, ырчы жана актриса Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.Шерзингер легендалуу The Pussycat Dolls тобунун солисти, ошондой эле Don"t Cha, Buttons жана When I Grow Up сыяктуу дүйнөлүк хиттердин аткаруучусу жана актриса катары белгилүү.Ачылыш аземинин концерттик программасына кыргыз эстрадасынын атактуу ырчылары да катышат. Репетициялардан Тата Улан, ULUKMANAPO, Мирбек Атабеков, Amirchik, Каныкей жана башка ырчыларды көрүүгө болот.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына арналган башкы шоу кеченин негизги бөлүгү болмокчу. Уюштуруучулар анын кандай болорун азырынча ачыктай элек.
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла менен дүйнө тарыхындагы эң ири мунай келишими түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости агенттиги таратты.Ак үйдүн башчысы Вашингтон Венесуэладагы көлөмү 65 миллиард баррелден ашкан мунай запастарынын басымдуу бөлүгүнө көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ болгонун белгилеген."Бул тарыхый келишим Американын мунай запастарын эки эсе көбөйтөт. Муну менен катар мунайдын жетки
Жаңылыктар түрмөгү
0