https://sputnik.kg/20260830/1103293458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү шериктештикке кирген мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү... 30.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-30T11:00+0600
2026-08-30T11:00+0600
2026-08-30T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103293292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b9faf64ffd41beab1a0587c366b41a5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү шериктештикке кирген мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинин 35-отурумунда билдирди. Анын айтымында, туризм экономиканын маанилүү тармагы гана болбостон, маданий жана руханий байланыштарды чыңдоонун натыйжалуу куралы болуп саналат. “Заманбап туристтик тармак — бул экономикалык багыт гана эмес, албетте, анын экономикалык мааниси да чоң. Ошол эле учурда туризм адамдардын бири-бири менен таанышып, бири-бирин таанып-билүүсүнө, достошуусуна, жалпы тарыхый тамырларын жана келечегин көрө билүүсүнө шарт түзгөн өзгөчө руханий инструмент”, — деди Кондрашов.Ал КМШнын туристтик потенциалын өнүктүрүү темасынын актуалдуулугу Кыргызстанда ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.Кондрашов ошондой эле жыйындын Ысык-Көлдө өтүп жатышынын символдук маанисине токтолду. Анын айтымында, мындан 40 жыл мурда дал ушул жерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл форуму уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн көрүнүктүү интеллектуалдар жана маданият ишмерлери чогулган.
Талас облусунун Айтматов районунда көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ”Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплексинин курулушу аяктоо алдында турат. Айтматов районунун акими Нурланбек Умаров билдиргендей, долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде 2026-жылдын башынан тарта ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылды.”Долбоордун негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын даңазалоо жана аны жаш муунга жеткирүү. Мындан тышкары, комплекс Талас облусунда маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, — деди ал. Комплекстин жалпы аянты 15 гектарды түзөт. Анда музей, китепкана, заманбап кинотеатр жана келген коноктор үчүн конок үйү каралган. Ошондой эле аймакка Чыңгыз Айтматовдун жана анын чыгармаларынын каармандарынын айкелдери орнотулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нурланбек Умаровдун айтымында, долбоорду ишке ашырууга 100дөн ашуун адам тартылган. Учурда комплекстин курулушуна 200 млн сомго жакын каражат жумшалды. Азыркы учурда объектти салтанаттуу ачылышка даярдоо иштери жүрүүдө. Ачылышы президенттин катышуусунда 11–12-сентябрга пландалган.
"Росатом" кыргызстандык адистерге мурдагы заводдордун аймактарын уулуу заттардан кантип тазалоо керектигин көрсөттү. Бул тууралуу "Росатомдун" маалымат кызматы кабарлады.Айта кетсек, Россиянын мамлекеттик корпорациясы Таш-Көмүрдөгү мурдагы "Криталл" заводунун айланасындагы калдыктарды тазалоого катышат. "Россиялык адистер Иркутск облусундагы эки ири объекттнии мисал кылып, Кыргызстандан барган кесиптештерине мындай аймактар менен иштөө боюнча комплекстүү ыкманы көрсөтүштү. Анын алкагында аймакты изилдөө, тобокелдиктерди баалоо, булганган жерлерди тосуу, коопсуз тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.Иркутскидеги ишканалардын бири — "Усольехимпром", анын аймагы ондогон жылдар бою экологиялык олуттуу коркунуч жаратып келген. "Росатом" андагы химиялык өндүрүштөн калган уулуу заттар менен иштеген, эми Таш-Көмүрдө дагы ошондой татаал маселени чечүүгө катышууда.
КМШ өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү шериктештикке кирген мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинин 35-отурумунда билдирди. Анын айтымында, туризм экономиканын маанилүү тармагы гана болбостон, маданий жана руханий байланыштарды чыңдоонун натыйжалуу куралы болуп саналат. “Заманбап туристтик тармак — бул экономикалык багыт гана эмес, албетте, анын экономикалык мааниси да чоң. Ошол эле учурда туризм адамдардын бири-бири менен таанышып, бири-бирин таанып-билүүсүнө, достошуусуна, жалпы тарыхый тамырларын жана келечегин көрө билүүсүнө шарт түзгөн өзгөчө руханий инструмент”, — деди Кондрашов.Ал КМШнын туристтик потенциалын өнүктүрүү темасынын актуалдуулугу Кыргызстанда ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.Кондрашов ошондой эле жыйындын Ысык-Көлдө өтүп жатышынын символдук маанисине токтолду. Анын айтымында, мындан 40 жыл мурда дал ушул жерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл форуму уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн көрүнүктүү интеллектуалдар жана маданият ишмерлери чогулган.Талас облусунун Айтматов районунда көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ”Чыңгыз Ааламы” мемориалдык комплексинин курулушу аяктоо алдында турат. Айтматов районунун акими Нурланбек Умаров билдиргендей, долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде 2026-жылдын башынан тарта ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылды.”Долбоордун негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун руханий жана чыгармачылык мурасын даңазалоо жана аны жаш муунга жеткирүү. Мындан тышкары, комплекс Талас облусунда маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, — деди ал. Комплекстин жалпы аянты 15 гектарды түзөт. Анда музей, китепкана, заманбап кинотеатр жана келген коноктор үчүн конок үйү каралган. Ошондой эле аймакка Чыңгыз Айтматовдун жана анын чыгармаларынын каармандарынын айкелдери орнотулуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нурланбек Умаровдун айтымында, долбоорду ишке ашырууга 100дөн ашуун адам тартылган. Учурда комплекстин курулушуна 200 млн сомго жакын каражат жумшалды. Азыркы учурда объектти салтанаттуу ачылышка даярдоо иштери жүрүүдө. Ачылышы президенттин катышуусунда 11–12-сентябрга пландалган."Росатом" кыргызстандык адистерге мурдагы заводдордун аймактарын уулуу заттардан кантип тазалоо керектигин көрсөттү. Бул тууралуу "Росатомдун" маалымат кызматы кабарлады.Айта кетсек, Россиянын мамлекеттик корпорациясы Таш-Көмүрдөгү мурдагы "Криталл" заводунун айланасындагы калдыктарды тазалоого катышат. "Россиялык адистер Иркутск облусундагы эки ири объекттнии мисал кылып, Кыргызстандан барган кесиптештерине мындай аймактар менен иштөө боюнча комплекстүү ыкманы көрсөтүштү. Анын алкагында аймакты изилдөө, тобокелдиктерди баалоо, булганган жерлерди тосуу, коопсуз тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.Иркутскидеги ишканалардын бири — "Усольехимпром", анын аймагы ондогон жылдар бою экологиялык олуттуу коркунуч жаратып келген. "Росатом" андагы химиялык өндүрүштөн калган уулуу заттар менен иштеген, эми Таш-Көмүрдө дагы ошондой татаал маселени чечүүгө катышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103293292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ac3bfc707b7571174c2c45d6f956a0e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио