https://sputnik.kg/20260830/1103302017.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга мамлекеттик сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн масштабдуу жаңы планы белгиленерин Си Цзиньпин билдирди. Бул туурасында... 30.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-30T17:00+0600
2026-08-30T17:00+0600
2026-08-30T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103301851_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_915c6865995ef1b7eac024d5e9a03381.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга мамлекеттик сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн масштабдуу жаңы планы белгиленерин Си Цзиньпин билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн ТИМинин сайтына жарыяланды.Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет элдик инвестору болуп келет; Кытайда чыгарылган смартфондор жана электромобилдер Кыргызстанда популярдуу болууда; Кыргызстандын сапаттуу айыл чарба продукциялары Кытайдын миллиондогон үй-бүлөлөрүнө жетүүдө; эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарынын саны көбөйүүдө, былтыр мындай сапарлардын саны 400 миңден ашкан; Кытай Кыргызстандын саясий туруктуулугуна, экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдогу ынтымагына кубанат; эки өлкөнүн мамилеси — достуктун жана өз ара ийгиликтүү кызматташтыктын үлгүсү; Кытай мындан ары да Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана элдин жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө даяр; Кытай кыргызстандык достору менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери биргелешип ачкан өндүрүш долбоорлоруна жеңилдетилген насыя берүү программасы иштеп жатат. Анда насыя пайызынын көп бөлүгүн биримдик өзү төлөп берет. Бул тууралуу Кыргыз өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.Анын айтымында, арзан насыя алуу үчүн негизги шарт — кеминде 3 мамлекеттин ишкерлери биригип ишкана ачышы керек.“Мисалы, Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун ишкерлери чогуу завод же цех ачып продукция чыгарса, каалаган банктан насыя алса болот. Эгер банктын үстөк пайызы 18% болсо, анын 12 пайызын ЕАЭБ төлөп берет. Натыйжада ишкер болгону 6 пайыз менен арзан насыяга ээ болот”, — деп түшүндүрдү Ибраев. Каражат өнөр жай, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, техника жана жабдууларды алып келүүгө берилет. Бул механизм боюнча Кыргызстандан сунушталган алгачкы эки долбоор колдоо таап, иштей баштады.
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө инновацияларды колдоонун толук кандуу системасын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин жума күнү Нижний Новгородго иш сапары менен барып, "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форумуна катышты. Ал Россиянын бардык аймактары өз технологияларын колдонуп, алар менен сыймыктанууга тийиш экенин белгиледи. “Биз өзүбүздүн товарларга туруктуу кардар таап, жаңы ойлоп табууларды колдогон толук система түзүшүбүз керек. Ал эми келечекти алдын ала көрүп, ал үчүн кандай адистер менен жөндөмдөр керектелерин так билүү — бул агенттиктин эң күчтүү жагы”, — деди Путин. Стратегиялык демилгелер агенттиги жана "Росконгресс" фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форуму Нижний Новгороддо 27-28-августта отту
Кыргызстанга мамлекеттик сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн масштабдуу жаңы планы белгиленерин Си Цзиньпин билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн ТИМинин сайтына жарыяланды.Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана чет элдик инвестору болуп келет; Кытайда чыгарылган смартфондор жана электромобилдер Кыргызстанда популярдуу болууда; Кыргызстандын сапаттуу айыл чарба продукциялары Кытайдын миллиондогон үй-бүлөлөрүнө жетүүдө; эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарынын саны көбөйүүдө, былтыр мындай сапарлардын саны 400 миңден ашкан; Кытай Кыргызстандын саясий туруктуулугуна, экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдогу ынтымагына кубанат; эки өлкөнүн мамилеси — достуктун жана өз ара ийгиликтүү кызматташтыктын үлгүсү; Кытай мындан ары да Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана элдин жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө даяр; Кытай кыргызстандык достору менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр.Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери биргелешип ачкан өндүрүш долбоорлоруна жеңилдетилген насыя берүү программасы иштеп жатат. Анда насыя пайызынын көп бөлүгүн биримдик өзү төлөп берет. Бул тууралуу Кыргыз өндүрүүчүлөр жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.Анын айтымында, арзан насыя алуу үчүн негизги шарт — кеминде 3 мамлекеттин ишкерлери биригип ишкана ачышы керек.“Мисалы, Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун ишкерлери чогуу завод же цех ачып продукция чыгарса, каалаган банктан насыя алса болот. Эгер банктын үстөк пайызы 18% болсо, анын 12 пайызын ЕАЭБ төлөп берет. Натыйжада ишкер болгону 6 пайыз менен арзан насыяга ээ болот”, — деп түшүндүрдү Ибраев. Каражат өнөр жай, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, техника жана жабдууларды алып келүүгө берилет. Бул механизм боюнча Кыргызстандан сунушталган алгачкы эки долбоор колдоо таап, иштей баштады.Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө инновацияларды колдоонун толук кандуу системасын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин жума күнү Нижний Новгородго иш сапары менен барып, "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форумуна катышты. Ал Россиянын бардык аймактары өз технологияларын колдонуп, алар менен сыймыктанууга тийиш экенин белгиледи. “Биз өзүбүздүн товарларга туруктуу кардар таап, жаңы ойлоп табууларды колдогон толук система түзүшүбүз керек. Ал эми келечекти алдын ала көрүп, ал үчүн кандай адистер менен жөндөмдөр керектелерин так билүү — бул агенттиктин эң күчтүү жагы”, — деди Путин. Стратегиялык демилгелер агенттиги жана "Росконгресс" фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форуму Нижний Новгороддо 27-28-августта отту
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103301851_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_607265f13ad264551f55c7ac99b38454.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио