https://sputnik.kg/20260830/1103298059.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады. "Манас" аба майданынан аны Кыргызстандын... 30.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-30T15:00+0600
2026-08-30T15:00+0600
2026-08-30T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103297893_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6d36b9596d94fd9bd3630948adc48006.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады. "Манас" аба майданынан аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи айым менен барып тосуп алды.Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.
30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө ШКУ саммитине расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилди. Бишкек шаарында ”Манас” эл аралык аэропортуна жана Васильевский трактындагы каттамдарда, ошондой эле Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймылга убактылуу чектөө киргизилет. Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда чектөөлөр болот. Ал эми Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына баруучу жолдо транспорт кыймылы убактылуу чектелет. ИИМ жарандарды жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдаланууга чакырды. Ведомство көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
"Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. ӨКМ жетекчиси Канатбек Чыныбаев алдын ала маалыматтарга таянып, электр зымдары бири-бирине тийишип калып, ушул кырсык болгонун билдирди.Учурда ал жерде өрт өчүрүүчү 10 бригада иштеп жатат. Ошондой эле жабык турган контейнерлерди ачуу үчүн Куткаруу кызматы чакырылган. Мындан тышкары, "Тазалыктын" суу ташыган үч техникасы менен Тез жардамдын 3 бригадасы барган.Баш-аягы 70ке чукул кызматкерлер тилсиз жоо менен күрөшүп, катардагы техника менен кошо дронду да колдонуп жатканын айтышты. Бишкек шаардык милициясы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, базарды курчоого алды. Тартип сакчылар өрттөн жабыркагандар бар деген маалымат тастыктала электигин айтып, элди жалган кабарды таратуудан оолак болууга чакырды.
Непалдагы кыйратуучу селдин кесепетинен каза тапкандардын саны 734кө жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Буга чейин AFP агенттиги 675 адамдын өмүрү кыйылганын кабарлаган болчу.26-августтун таңында Непалдын түндүк аймактары топон сууга кабылган. Кытайдын аймагынан келген агым кескин көтөрүлүп, Бхоте-Коши дарыясын каптап кирген. Ташкын жер титирөөдөн жана андан кийинки жер көчкүдөн улам келип чыккан.Алаамат Кытайдын Тибет автономдук районун да жөн калтырган жок. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, катуу жүргөн селдин кесепетинен 16 адам өлүп, дагы 546 киши дайынсыз болууда. Буга чейин Кытайдын Борбордук телеканалы беш адам каза таап, 558инин кабары чыкпай жатканын билдирген эле.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады. "Манас" аба майданынан аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи айым менен барып тосуп алды.Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө ШКУ саммитине расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилди. Бишкек шаарында ”Манас” эл аралык аэропортуна жана Васильевский трактындагы каттамдарда, ошондой эле Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймылга убактылуу чектөө киргизилет. Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда чектөөлөр болот. Ал эми Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына баруучу жолдо транспорт кыймылы убактылуу чектелет. ИИМ жарандарды жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдаланууга чакырды. Ведомство көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү."Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. ӨКМ жетекчиси Канатбек Чыныбаев алдын ала маалыматтарга таянып, электр зымдары бири-бирине тийишип калып, ушул кырсык болгонун билдирди.Учурда ал жерде өрт өчүрүүчү 10 бригада иштеп жатат. Ошондой эле жабык турган контейнерлерди ачуу үчүн Куткаруу кызматы чакырылган. Мындан тышкары, "Тазалыктын" суу ташыган үч техникасы менен Тез жардамдын 3 бригадасы барган.Баш-аягы 70ке чукул кызматкерлер тилсиз жоо менен күрөшүп, катардагы техника менен кошо дронду да колдонуп жатканын айтышты. Бишкек шаардык милициясы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, базарды курчоого алды. Тартип сакчылар өрттөн жабыркагандар бар деген маалымат тастыктала электигин айтып, элди жалган кабарды таратуудан оолак болууга чакырды.Непалдагы кыйратуучу селдин кесепетинен каза тапкандардын саны 734кө жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Буга чейин AFP агенттиги 675 адамдын өмүрү кыйылганын кабарлаган болчу.26-августтун таңында Непалдын түндүк аймактары топон сууга кабылган. Кытайдын аймагынан келген агым кескин көтөрүлүп, Бхоте-Коши дарыясын каптап кирген. Ташкын жер титирөөдөн жана андан кийинки жер көчкүдөн улам келип чыккан.Алаамат Кытайдын Тибет автономдук районун да жөн калтырган жок. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, катуу жүргөн селдин кесепетинен 16 адам өлүп, дагы 546 киши дайынсыз болууда. Буга чейин Кытайдын Борбордук телеканалы беш адам каза таап, 558инин кабары чыкпай жатканын билдирген эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103297893_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f530d67de4fa6c0ef7bbb529245bbdbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио