https://sputnik.kg/20260830/1103295697.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн "Манас" аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын пландан тышкары барып текшерди."Ынтымак ордонун" маалыматында өлкө башчысы... 30.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-30T13:00+0600
2026-08-30T13:00+0600
2026-08-30T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103295531_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aac157ba72bcae661b5581833af54881.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн "Манас" аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын пландан тышкары барып текшерди."Ынтымак ордонун" маалыматында өлкө башчысы аба майдандын жалпы аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкканы айтылат. Президент ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган коноктордун коопсуздугун, тартипти жана аларды сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууну тапшырды. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөроюндарынын салатанттуу ачылышы, ал эми -сентябрга ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.
Эми министрлер кабинетинин төрагасы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине полковникке чейинки аскердик наамдарды ыйгара алат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду."Жогорку жана маанилүү жетишкендиктери үчүн мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилерине наам ыйгарылышы мүмкүн. Мында аскердик наам ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык келиши керек. Бул учурда полковникке чейинки наам ыйгарылышы мүмкүн", — деп айтылат документте.Ошондой эле белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү бүтө электе, башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда наам берүүгө жол берилет.
Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ал Казакстандын Алматы калаасында башкы консул, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, БШКнын мүчөсү болгон.
Дүйнөлүк жылдыз, ырчы жана актриса Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.Шерзингер легендалуу The Pussycat Dolls тобунун солисти, ошондой эле Don"t Cha, Buttons жана When I Grow Up сыяктуу дүйнөлүк хиттердин аткаруучусу жана актриса катары белгилүү. Ачылыш аземинин концерттик программасына кыргыз эстрадасынын атактуу ырчылары да катышат. Репетициялардан Тата Улан, ULUKMANAPO, Мирбек Атабеков, Amirchik, Каныкей жана башка ырчыларды көрүүгө болот.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына арналган башкы шоу кеченин негизги бөлүгү болмокчу. Уюштуруучулар анын кандай болорун азырынча ачыктай элек.
Киевдин жана аны колдогон өлкөлөрдүн Россиянын атайын аскердик операциясын жайлатууга жасаган аракеттери Украинага мындан да чоң жоготууларга алып келет. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген. "Каршы тарап жана аны колдогон өлкөлөр Россиянын атайын операциясын тизгиндөөнүн жолун издеп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок бул аларга жардам бербейт. Тескерисинче, Украинаны дагы чоң жоготууларга учуратат", — деген Галузин. Россия Украина кризисин сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече ирет билдирген. Бул үчүн Россия менен АКШ президенттеринин Аляскадагы саммиттеги макулдашууларына таянуу зарыл. Анда жаңжалдын түпкү себептеринин бири болгон Россиянын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды жоюу да каралган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого даяр эместигин билдирип келет. Ошондуктан Россиянын атайын аскердик операциясы дагы деле уланууда.
Президент Садыр Жапаров бүгүн "Манас" аэропортунун реконструкциядан кийинки абалын пландан тышкары барып текшерди."Ынтымак ордонун" маалыматында өлкө башчысы аба майдандын жалпы аймагын, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алууга арналган залдарды көрүп чыкканы айтылат. Президент ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган коноктордун коопсуздугун, тартипти жана аларды сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууну тапшырды. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөроюндарынын салатанттуу ачылышы, ал эми -сентябрга ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.Эми министрлер кабинетинин төрагасы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине полковникке чейинки аскердик наамдарды ыйгара алат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду."Жогорку жана маанилүү жетишкендиктери үчүн мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилерине наам ыйгарылышы мүмкүн. Мында аскердик наам ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык келиши керек. Бул учурда полковникке чейинки наам ыйгарылышы мүмкүн", — деп айтылат документте.Ошондой эле белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү бүтө электе, башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда наам берүүгө жол берилет.Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ал Казакстандын Алматы калаасында башкы консул, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, БШКнын мүчөсү болгон.Дүйнөлүк жылдыз, ырчы жана актриса Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.Шерзингер легендалуу The Pussycat Dolls тобунун солисти, ошондой эле Don"t Cha, Buttons жана When I Grow Up сыяктуу дүйнөлүк хиттердин аткаруучусу жана актриса катары белгилүү. Ачылыш аземинин концерттик программасына кыргыз эстрадасынын атактуу ырчылары да катышат. Репетициялардан Тата Улан, ULUKMANAPO, Мирбек Атабеков, Amirchik, Каныкей жана башка ырчыларды көрүүгө болот.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына арналган башкы шоу кеченин негизги бөлүгү болмокчу. Уюштуруучулар анын кандай болорун азырынча ачыктай элек.Киевдин жана аны колдогон өлкөлөрдүн Россиянын атайын аскердик операциясын жайлатууга жасаган аракеттери Украинага мындан да чоң жоготууларга алып келет. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген. "Каршы тарап жана аны колдогон өлкөлөр Россиянын атайын операциясын тизгиндөөнүн жолун издеп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок бул аларга жардам бербейт. Тескерисинче, Украинаны дагы чоң жоготууларга учуратат", — деген Галузин. Россия Украина кризисин сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече ирет билдирген. Бул үчүн Россия менен АКШ президенттеринин Аляскадагы саммиттеги макулдашууларына таянуу зарыл. Анда жаңжалдын түпкү себептеринин бири болгон Россиянын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды жоюу да каралган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого даяр эместигин билдирип келет. Ошондуктан Россиянын атайын аскердик операциясы дагы деле уланууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1e/1103295531_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41e3e22e1f5b6db725041fe5b753d9ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио