00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кандагы көп нерсе ойгонот. Этнограф жана манасчынын Көчмөндөр оюну тууралуу маеги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүIII Көчмөндөр оюндары. Архив
III Көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2026
Жазылуу
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды улуттук спорттун мекени эле эмес, тарыхы бай, маданияты уникалдуу өлкө катары дүйнөгө таанытууга жол ачкан эл аралык аянтчага айланды. Анын артында көчмөн цивилизациясынын тарыхы, дүйнө таанымы, салт-санаасы жана маданий мурасы турат.
Кыргызстан бул эл аралык иш-чарадан кийин кандай узак мөөнөттүү мурас жана натыйжа калтыра алат? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө, маданий мурастарды сактоого жана Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга кандай салым кошууда? Ушул жана башка суроолорго этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов жана Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев менен бирге жооп издедик.
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги миссиясын сиз кандай түшүндүрөт элеңиз? Бул жөн гана улуттук спортту көрсөтүүбү же көчмөн цивилизациясынын философиясын дүйнөгө таанытуунун жаңы формасыбы?
© SputnikЭтнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов
Фольклорст-этнограф, писатель-публицист Сулайман Кайыпов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2026
Этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов
Сулайман Кайыпов: — Цивилизациянын эң алгачкы бүчүрлөрүн көчмөндөр жараткан. Жүрүп отуруп, отурукташууга өткөндөн кийин көчмөндөр түзүп кеткен система өзгөрүп, азыркы цивилизация келип чыккан. "Көчмөндөр оюну" деп аталганы менен бул иш-чара жалаң эле оюндар менен чектелбейт. "Оюн" деген сөздүн мааниси өтө кенен. Спорттук оюндар, табышмак, көңүл ачуу, бий, жаңылмач айтышуу – ушулардын баары оюн. Көчмөндөр булардын баарын бир системада, бир бүтүндүктө колдонуп келишкен. Мен кыргыздын элдик оюндарын, айрыкча Памир кыргыздарынын оюндарын жыйнап, иреттеп, дүйнө элдеринин оюндарына салыштырып, бир системага салгам. Кыргызды элдик оюндар бар кылып келген экен. Мисалы, ордо оюну бир гана кыргызга таандык, башка эч кимде жок. Бул — мамлекет оюну. Анын ичинде мамлекеттик маселе, мамлекет жөнүндө түшүнүк камтылган. Эс тутумду жакшыртат, анан да саламаттыкка пайдалуу оюн. Эгерде оюндар ойнолбосо, коом түзүлбөй калмак. Анткени оюн адамды бириктирет, ынтымакка үндөйт. Көчмөндөр оюндарын кыргыздар биринчи болуп алып чыгып, дүйнө элине жайып, дүйнөлүк масштабда ойноп жатканы – табигый көрүнүш. Демек, биз дүйнөлүк бийиктиктерди жаратып жатабыз деген сөз. Садыр Жапаровдун "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" деген уңгулуу жолунда айтылгандай, ошол дүйнөлүк бийиктикке Көчмөндөр оюндары аркылуу чыгып жатабыз. Бул азыркы учурда мамлекеттик имидж үчүн абдан керек нерсе. Оюндар жөн эле өтүп кетпестен, элибиздин рухун бекемдеп, демин күчтөндүрөт.
— Көчмөндөр оюндары акыркы жылдары Кыргызстанда өтүүчү спорттук иш-чарадан эл аралык маданий брендге айланып баратат. Көчмөн маданияты дүйнөлүк коомчулук үчүн бүгүн эмнеси менен кызыктуу? Заманбап дүйнөдө көчмөндөрдүн жашоо философиясынан адамзат кандай сабак ала алат?
Замир Баялиев: — Көчмөндөр оюндары – байыркыны, бүгүнкүнү жана келечекти бир бүтүндүккө туюндурган чоң идеология. Биз Көчмөндөр оюндары дегенде Көкөтөйдүн ашын же "Манас" эпосундагы улуу окуяларды элестетебиз. Мына, Көкөтөйдүн ашына 113 улут чакырылган болсо, азыр дагы бул оюндарга дал ошондой эле 113 өлкөдөн коноктор келип жатат. Бир сан кем эмес, бир сан ашык эмес. Бул жөн эле дал келүү эмес.
"Манас" эпосунда ордо оюну баатырлардын жоокердик чеберчилигин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жана биримдигин чагылдырган негизги элемент катары баяндалат. Анда кадамык, тоорумак, чертмек, кан ордосу бар.
"Сексен үчкө салыптыр,
Жерди сызып алыптыр.
Оң бутун алып имерип,
Тооруп томпой жиберип,
Томпой ичке дыркырап,
Чүкө сыртка чыркырап,
Ордонун ичин айланып,
Четте турган чүкөгө,
Томпой калды байланып.
Тоодой болгон эр Чубак,
Ичке түштү жайланып,
Жаак эти түйүлүп,
Оң тизеси бүгүлүп.
Кырк чоронун жыйырмасы,
Намыс колдон кетти деп,
Ошол жерден түңүлүп.
Жыйырмасын карасаң,
Түпкө чогуу жеткин деп,
Түгөл чертип кеткин деп,
Эр Чубак деп бакырып,
Жыйырмасы сүйүнүп..." — деп сүрдөнүп, кырданып жатып, оюнду башынан өткөрүшкөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Замирбек Баялиев. Архив
Манасчи Замирбек Баялиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2026
Манасчы Замирбек Баялиев. Архив
Андан тышкары, Манас атабыз Таластан чыгып, Суусамыр жолу менен Чаек, Жумгалды аралап келип, Балыкчыга түшөт. Балыкчыда Бокмурун 90 миң боз үй тигип, 90 миң бий менен күтүп алат. Эми бүгүнкү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дал эле ушундай тартипте "Биримдик кербени" аттуу уникалдуу маданий долбоор жүрүп жатат. Бул керемет оюнга дүйнө элдеринин назары бурулуп, көк бөрүгө да күбө болушат.
"Манаста" көк бөрү оюну жөнүндө мындай айтылат:
"Ылайланып кир болуп,
Ылай менен бир болуп,
Ат туягын салганда,
Камыр болуп жуурулуп,
Кармаса колдон суурулуп...
Улаккандын Эр Сыргак,
Телегейи тең Сыргак.
Көкөтөйдүн ашында
Көк бөрүнү тартканда,
Элдин баары таң калат.
Улак колго тийгенде,
Ушул кызык билгенге.
Кагып оозун буудандын,
Камчы чаап ийгенде,
Көк коендой секирип,
Камалаган балбандан,
Качып жүрөт бекинип.
Кээде атын чаптырып,
Кээде токтоп бастырып,
Кууп келсе кырк чоро,
Карматпастан жазгырып.
Муну көргөн Манас кан
Кырда турду каткарып..." — ушинтип дүйнө элдери суктанып көрүп отурушкан. Мына, ушунун баары азыр болуп жатат.
Келечекти, байыркыны туюндурган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын философиясы, ички маңызы, идеологиясы мамлекеттүүлүктү, элдүүлүктү көрсөтүп турат.
Мамлекеттүүлүгүбүзгө 35 жыл толуп жатат. Ал эми "Манаста" биздин мамлекеттүүлүк миң жылдап кыргыздын канында, аң-сезиминде, жүрөгүндө айтылып келе жатат.
— Кыргызстан ДКО аркылуу өзүнүн тарыхын жана маданиятын дүйнөгө канчалык туура тааныта алды? Өзүбүздүн маданий мурасыбызды дүйнөгө кантип түшүндүрүп жатабыз?
С.К: — Бизде жыйналбай жаткан казына көп. "Манасты" да али терең изилдеп, түпкүрүнө жете элекпиз. Изилдене элек, унутулуп бара жаткан элдик оюндар да бар. Бирок алар жыйналбай калса да тарых таптакыр унутулуп кетпейт. Айрыкча, байыркы элдерде кандайдыр бир себептер менен шарт түзүлүп калганда генетикалык эс тутумдагы этностук түп белги куттун өзөгүндө ойгонуп, жанданып кетет. Ал кайсы доордо жанданбасын, ошол доорго кызматын өтөй берет. Азыр Көчмөндөр оюндары ойнолуп жаткан шартта, кайсы бир музыканын үнүнөн, бир баатырдын кыймылынан, кайсы бир спорттук оюндун жүрүшүнөн же жалпы атмосферадан улам каныбыздагы көп нерсе ойгонот.
Бизди оюндар бир гана таң калтырып, мактантып койбойт. Бул ичтен таасир этип, өзүбүздү өзүбүз тарбиялаганга, уңгуга кайтып, ким экенибизди түшүнгөнгө, бири-бирибизге өрнөк көрсөтүп, тарбиялоого жол ачат. Уюштуруучулар масштабдуу ой жүгүртүп, ошол кең программаны деталдуу, конкреттүү нерселер менен толтуруп, бир бүтүндүккө алып келип жатышат. Ошол эле учурда 5-6 күндүк өмүрүн ошол жерде аралашып жүрүп өткөрүүгө шарт түзгөн өзгөчө атмосфераны калыптандырып жатышат. ДКОнун өткөрүлүшү — биздин дүйнөгө таанылышыбыздын жаңы бир этабы. Улуттук аң-сезимибиздин ачылышынын, оожалышынын, терс нерселерден тазаланышынын жаңы кадамы болот.
Четтен келген эл көчмөн цивилизациясынын эмне экенин көрүп, өзү менен кошо башка көчмөн оюндарын да алып чыкты деп сөзсүз түрдө биз тууралуу жакшы ойдо кетет. Көчмөн цивилизациясы бардык цивилизациялардын, маданияттардын уюткусу боло турган деңгээлге жетип калды. Демек, өткөндө тарыхыбыз болгон сыяктуу эле, азыр да тарых жаратып жатабыз, келечекте да тарыхыбыз болот деген кеп.
— Улуттук оюндардын артында кандай тарыхый жана философиялык маани жатат? Мисалы, көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат чабыш сыяктуу оюндарды жөн гана спорт катары кароо туурабы? Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында аттын орду өзгөчө болгон. Бүгүнкү ДКОдо ат оюндарынын көрсөтүлүшү ошол тарыхый мурастын маңызын канчалык деңгээлде сактап жатат?
З.Б.: — Манастын минген аты Торучаар, учурда аппалуза деген ат менен Америкада белгилүү. Кыргыздар атка ушунчалык аяр, асыл мамиле жасаган. Атты буудан, тулпар деп түргө бөлгөн. Ат менен болгон кыргыздын байланышы миң жылдык жашоосунда нарк-насили, каада-салты, ыйман-ызааты, жашоо шарты менен ажырагыс болгон.
Ат мингенде камчысы жок болсо "чолок атка кондуң", эки жагын карабай минсең "көйрөң атка кондуң" деген сыяктуу сөздөр айтылган. "Арбактуу киши ат чаппайт", атчан киши менен жөө киши саламдашканда ким биринчи салам берет деген сыяктуу эреже-шарттары да бар. Атты тарбиялаганда кулун кезде кулпуртуп, жабагы кезде жактырып, кунан кезде кууратып, тай кезинде такшалтып, бышты кезде бышырып, асый кезде аземдеп минген. Бардык тарбиядан өткөн жылкы баласы жер тааныган. "Аштан-тойдон калган соң күлүктүгү не пайда?" деп айтылат. Кыргызда "Ат – адамдын канаты" делет. "Манаста" да бул тууралуу көп сөз болот. Аккуланы алып келгенде Чыйырды эне ийип кетет да, сүтүн челекке саап, жемге аралаштырып берген. Аккула менен Манас атабыз тагдырлаш, эмчектеш болгон.
Аккула окко учканда Манас атабыз:
"Көкүлүнөн кармап, кур жыттап,
Куркурады деп бек жыттап,
Айланайын Аккула,
Сага окшогон буудандан
Айрылбай калбай не болдум?
Караңгы көр тозокко
Кайрылбай койбой не болдум?
Ала-Тоо элем, пас болдум,
Азабың тартып,
Кыя жолдо пас болдум", — деп бекер айткан эмес.
Ал эми бул оюндардан кийин көк бөрүнүн тарыхын эл изилдеп, карап көрөт. Көрсө, кыргыз эли байыртан табият менен камыр-жумур болуп, көк бөрү эле эмес, аттан тартып кушка чейин баарын изилдеп билген салттуу билими бар турбайбы. Салттуу билиминде жаңы үйлөнгөн жигитке "куш бооң бек болсун", жаңы келинге "конгон тууруң бекем болсун" дешет турбайбы. Демек, куш кармаганда кут, береке, дөөлөт келет, көзгө көрүнбөгөн кайыптын күчүн сезет деп түшүнүшөт.
Ал эми бөрүлөрдүн оюну ошол табиятынан алынган. Бөлтүрүктөрүн улак тарттыртып, куш салып, турмушка үйрөткөн. Бөрүлөрдүн мүнөзү: буйрук укпаганы, көк жалдыгы, тайманбастыгы, кекчилдиги жана жашоосунда өтө таза жашагандыгы кыргыздарга белгилүү болгон. Аларды тотем катары кабыл алышкан. Тырмагы, өтү, чүкөсү ырым-жырымдарда колдонулган. Демек, ушундан улам көк бөрү оюну келип чыкканын түшүнүшөт. Мунун баары кыргыз жашоосунун уюп турган уюткусу.
ДКОнун алкагында дүйнө элине бул нерселер илимий жана практикалык жактан чечмеленип, жөнөкөй кыргыз жашоосу жалпы элге чагылдырылат.
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар түрдүү элдерди бириктирген аянтча болуп калды. Катышкан мамлекеттердин ар биринин өзүнө таандык көчмөн мурасы бар. Алардын маданиятындагы окшоштуктар эмнеден келип чыгат? Көчмөндөр оюндары улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө кандай таасир бере алат?
С.К.: — Көчмөн элдеринин айырмачылыгына караганда окшоштугу абдан көп. Элдик оозеки чыгармачылык адамзатка тил бүткөндөн бери эле өнүгө баштаган нерсе. Ошондуктан карап отурсаң, таптакыр кыргыздар байланышпаган жерде деле окшош ырлар, окшош образдар, окшош сюжеттер чыгып кала берет. Себеби адамзаттын байыркысы баары бир окшош. Чүкөнү эле алалы. Аны менен ойнобогон эл жок. Болгону айрымдар аны биз сыяктуу өнүктүрүп кеткен.
ДКОнун талисманы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2026
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. Соңку маалыматтар
Кыргызстан курамасынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган формасы. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0