https://sputnik.kg/20260824/1103163698.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 13:00Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталдыДүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калдыИИМ... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T13:00+0600
2026-08-24T13:00+0600
2026-08-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103163532_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aa1de2514bfa18bccbf9c3ee5d59506e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 13:00Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталдыДүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калдыИИМ 30–31-августта жеке унаалардан баш тартып, автобустарга өтүүгө чакырды
Ички ишер министрлиги Бишкектин тургундарына жана конокторуна 30–31-август күндөрү коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу бул күндөрү борбор калаада унаалардын агымы көбөйөт. Иш-чараларга байланыштуу айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турат. ИИМ шаар тургундары менен конокторун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо жеке унаалардын ордуна автобустарды пайдаланууга чакырды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө оңдоп-түзөөдөн өткөн Бишкектеги “Ак-Кеме”мейманканасынын жалгыз президенттик номери көрсөтүлдү.Аянты 100 чарчы метрди түзгөн бул бөлмө 13-кабатта жайгашкан. Анда эки уктоочу бөлмө, эки зал жана душ, дааратканасы менен эки жуунуучу бөлмө бар. Залдардын бири сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө жана эс алууга ылайыкталса, экинчисин коштоп жүргөн кызматкерлер же күзөтчүлөр үчүн колдонууга болот. Негизги коноктун тынчын албаш үчүн номерге коридордон бир нече өзүнчө эшик аркылуу кирүүгө болот.
Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталдыМач Беттер Адвенчерз платформасы жүргүзгөн рейтингде Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматта белгиленгендей, платформанын эксперттери 26 өлкөдөн турган рейтинг түзүшкөн. Өлкөлөр экстремалдык жана активдүү туризм, жөө жүрүү маршруттары, транспорттун жеткиликтүүлүгү, баалардын деңгээли, коопсуздук көрсөткүчтөрү, биологиялык ар түрдүүлүгү жана саякатчылардын кызыгуусунун өсүшү сыяктуу критерийлердин негизинде бааланган. Адистер белгилегендей, Кыргызстан бийик тоолору, бийик тоолуу көлдөрү жана адам колу тийбеген жаратылышы менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Теңир-Тоо трекинг, ат менен саякаттоо, тоо арасында лагерь куруу жана алыскы тоолуу аймактарды изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кыргызстанга келген туристтер боз үйлөрдө түнөө, ат минип саякаттоо, бийик тоолуу Ала-Көлдүн айланасында жөө жүрүш жасоо кызматтарын пайдалана алышат.
Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калдыСоодадагы тоскоолдуктар, кымбаттаган энергия жана климаттын кескин өзгөрүшү дүйнөлүк азык-түлүк системасына олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу тармактык адистерге таянып The New York Timesбасылмасы жазды. Гвельф университетинин Азык-түлүк институтунун директору Эван Фрейзердин айтымында, азыркы система үзгүлтүксүз соодага, арзан энергияга жана туруктуу климатка көз каранды. Бүгүнкү күндө бул шарттардын бири да толук аткарылбай калды. Аптаптуу ысык менен кургакчылык буудай өндүргөн ири өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда түшүмдүн азайышына алып келди. Бул дан баасынын кескин өсүшүнө түрткү болот. Натыйжада америкалык буудайды сатып алган кедей өлкөлөр аны бир кыйла кымбат баада алууга мажбур болушу мүмкүн.Буга чейин Ройтерз агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууда көйгөйлөр жаралса, жыл аягынан тарта азык-түлүк баасы дагы тездик менен кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын шартында алгачкы үч айда дүйнөдө буудай жана жүгөрү эгилген аянттар кыскарган, ал эми айрым америкалык дыйкандар жер семирткичти аз талап кылган соя өстүрүүгө өтүшкөн.
Саат 13:00Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталдыДүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калдыИИМ 30–31-августта жеке унаалардан баш тартып, автобустарга өтүүгө чакырды Ички ишер министрлиги Бишкектин тургундарына жана конокторуна 30–31-август күндөрү коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу бул күндөрү борбор калаада унаалардын агымы көбөйөт. Иш-чараларга байланыштуу айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турат. ИИМ шаар тургундары менен конокторун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо жеке унаалардын ордуна автобустарды пайдаланууга чакырды.Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө оңдоп-түзөөдөн өткөн Бишкектеги “Ак-Кеме”мейманканасынын жалгыз президенттик номери көрсөтүлдү.Аянты 100 чарчы метрди түзгөн бул бөлмө 13-кабатта жайгашкан. Анда эки уктоочу бөлмө, эки зал жана душ, дааратканасы менен эки жуунуучу бөлмө бар. Залдардын бири сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө жана эс алууга ылайыкталса, экинчисин коштоп жүргөн кызматкерлер же күзөтчүлөр үчүн колдонууга болот. Негизги коноктун тынчын албаш үчүн номерге коридордон бир нече өзүнчө эшик аркылуу кирүүгө болот. Кыргызстан жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп аталдыМач Беттер Адвенчерз платформасы жүргүзгөн рейтингде Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматта белгиленгендей, платформанын эксперттери 26 өлкөдөн турган рейтинг түзүшкөн. Өлкөлөр экстремалдык жана активдүү туризм, жөө жүрүү маршруттары, транспорттун жеткиликтүүлүгү, баалардын деңгээли, коопсуздук көрсөткүчтөрү, биологиялык ар түрдүүлүгү жана саякатчылардын кызыгуусунун өсүшү сыяктуу критерийлердин негизинде бааланган. Адистер белгилегендей, Кыргызстан бийик тоолору, бийик тоолуу көлдөрү жана адам колу тийбеген жаратылышы менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Теңир-Тоо трекинг, ат менен саякаттоо, тоо арасында лагерь куруу жана алыскы тоолуу аймактарды изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кыргызстанга келген туристтер боз үйлөрдө түнөө, ат минип саякаттоо, бийик тоолуу Ала-Көлдүн айланасында жөө жүрүш жасоо кызматтарын пайдалана алышат. Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калдыСоодадагы тоскоолдуктар, кымбаттаган энергия жана климаттын кескин өзгөрүшү дүйнөлүк азык-түлүк системасына олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу тармактык адистерге таянып The New York Timesбасылмасы жазды. Гвельф университетинин Азык-түлүк институтунун директору Эван Фрейзердин айтымында, азыркы система үзгүлтүксүз соодага, арзан энергияга жана туруктуу климатка көз каранды. Бүгүнкү күндө бул шарттардын бири да толук аткарылбай калды. Аптаптуу ысык менен кургакчылык буудай өндүргөн ири өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда түшүмдүн азайышына алып келди. Бул дан баасынын кескин өсүшүнө түрткү болот. Натыйжада америкалык буудайды сатып алган кедей өлкөлөр аны бир кыйла кымбат баада алууга мажбур болушу мүмкүн.Буга чейин Ройтерз агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууда көйгөйлөр жаралса, жыл аягынан тарта азык-түлүк баасы дагы тездик менен кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын шартында алгачкы үч айда дүйнөдө буудай жана жүгөрү эгилген аянттар кыскарган, ал эми айрым америкалык дыйкандар жер семирткичти аз талап кылган соя өстүрүүгө өтүшкөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103163532_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_45d959b40f00ce3b8f16929286257809.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио