https://sputnik.kg/20260819/1103077551.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салуу 30-сентябрдан кийин да улантылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T17:00+0600
2026-08-19T17:00+0600
2026-08-19T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103077385_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4378e43bbb07cf600c3645a0ba46b1a9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салуу 30-сентябрдан кийин да улантылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине билдирди. Ал Россиядан айына 100 миң тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашуу аткарылып, тиешелүү көлөм келип жатканын белгиледи. "Эки өлкөнүн Энергетика министрликтери бул процессти жөнгө салып, транзитти камсыздоодо. Россиянын өзүндө тартыштык болгонуна карабай, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон керектүү көлөмдү бөлүп берип жатышат", — деди Амангелдиев. Эске салсак, майдын соңунда минкаб өлкөдө күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн бензин, дизель жана суюлтулган газ импорттогон компанияларга 30-сентябрга чейин субсидия берип, импорттук баа менен өкмөт белгилеген баанын айырмасын төлөп бермей болгон.
Кыргызстан Россиядан 41,6 миллион сомго заманбап трансформаторлорду сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, алынган 90 трансформатордун алгачкы партиясы өлкөгө келди. "Жаңы жабдуулар электр параметрлерин так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматтык системалардын ишенимдүү иштешин, электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө экспресс-жүктөрдү жана интернет аркылуу сатылган товарларды бажыдан өткөрүү процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы сунуштар талкууланды. Жыйын Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдындагы жумушчу топтун отурумунда өттү. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, почта операторлорунун жана экспресс-жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты. ЕЭК бул багытта эки сунуш даярдай турган болду. Биринчиси — бажы текшерүүсүн автоматташтыруу. Декларацияга товарга коюлган тыюу жана чектөөлөр тууралуу маалымат атайын код менен жазылат. Бул документтерди автоматтык текшерүүгө, товарларды бажыдан тез өткөрүп, жеткирүү убактысын кыскартууга жардам берет. Экинчи сунуш — чет өлкөлүктөрдүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү маркетплейстерден сатып алган товарларды сыртка чыгарууда жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуусу. Бул жергиликтүү сатуучулардын эл аралык рынокко чыгышын жеңилдетет.
Улуу Британия аскерлеринин Россияга жасалган ракеталык чабуулга түз катышарын жарыялагандан кийин Москва муну согушка аралашуу катары карай турганын эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мурдараак Россиянын Лондондогу элчилигинин британ дрондору менен аталган мамлекетке сокку уруунун арты жаман болот деген билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернэм Украинаны колдоону улантууну убада кылган. "Кимдир бирөө биздин кызыкчылыктарыбызга, мүлкүбүзгө кол сала турган болсо дүйнөлүк океандын кайсы жеринде болбосун чара көрүүгө укугубуз бар экенин президент эскерткен. Демек, Британиянын ракеталык аскерлеринин Россия Федерациясына жасалган чабуулдарына түз катышарын сыймыктануу менен жарыялаганын биз да аларды согушка аралашты деп кароого толук укуктуубуз. Мунун кесепети болот", — деген Лавров "Вестиге" берген комментарийинде. Министр Британиянын Украина менен аягына чейин калышы өкүнүчтүү болорун айткан.
Күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салуу 30-сентябрдан кийин да улантылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине билдирди. Ал Россиядан айына 100 миң тонна күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашуу аткарылып, тиешелүү көлөм келип жатканын белгиледи. "Эки өлкөнүн Энергетика министрликтери бул процессти жөнгө салып, транзитти камсыздоодо. Россиянын өзүндө тартыштык болгонуна карабай, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон керектүү көлөмдү бөлүп берип жатышат", — деди Амангелдиев. Эске салсак, майдын соңунда минкаб өлкөдө күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн бензин, дизель жана суюлтулган газ импорттогон компанияларга 30-сентябрга чейин субсидия берип, импорттук баа менен өкмөт белгилеген баанын айырмасын төлөп бермей болгон. Кыргызстан Россиядан 41,6 миллион сомго заманбап трансформаторлорду сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, алынган 90 трансформатордун алгачкы партиясы өлкөгө келди. "Жаңы жабдуулар электр параметрлерин так өлчөөгө, релелик коргоо жана автоматтык системалардын ишенимдүү иштешин, электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө экспресс-жүктөрдү жана интернет аркылуу сатылган товарларды бажыдан өткөрүү процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы сунуштар талкууланды. Жыйын Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин алдындагы жумушчу топтун отурумунда өттү. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, почта операторлорунун жана экспресс-жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты. ЕЭК бул багытта эки сунуш даярдай турган болду. Биринчиси — бажы текшерүүсүн автоматташтыруу. Декларацияга товарга коюлган тыюу жана чектөөлөр тууралуу маалымат атайын код менен жазылат. Бул документтерди автоматтык текшерүүгө, товарларды бажыдан тез өткөрүп, жеткирүү убактысын кыскартууга жардам берет. Экинчи сунуш — чет өлкөлүктөрдүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү маркетплейстерден сатып алган товарларды сыртка чыгарууда жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуусу. Бул жергиликтүү сатуучулардын эл аралык рынокко чыгышын жеңилдетет.Улуу Британия аскерлеринин Россияга жасалган ракеталык чабуулга түз катышарын жарыялагандан кийин Москва муну согушка аралашуу катары карай турганын эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мурдараак Россиянын Лондондогу элчилигинин британ дрондору менен аталган мамлекетке сокку уруунун арты жаман болот деген билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернэм Украинаны колдоону улантууну убада кылган. "Кимдир бирөө биздин кызыкчылыктарыбызга, мүлкүбүзгө кол сала турган болсо дүйнөлүк океандын кайсы жеринде болбосун чара көрүүгө укугубуз бар экенин президент эскерткен. Демек, Британиянын ракеталык аскерлеринин Россия Федерациясына жасалган чабуулдарына түз катышарын сыймыктануу менен жарыялаганын биз да аларды согушка аралашты деп кароого толук укуктуубуз. Мунун кесепети болот", — деген Лавров "Вестиге" берген комментарийинде. Министр Британиянын Украина менен аягына чейин калышы өкүнүчтүү болорун айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103077385_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_92a98176b79d06dae39bc7e70cf965a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио