https://sputnik.kg/20260819/1103070908.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү май кымбаттабайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T15:00+0600
2026-08-19T15:00+0600
2026-08-19T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103070741_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a372a56b1968b698e51cd6af886561d3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү май кымбаттабайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине билдирди. Ал муктаждык болсо компенсациянын өлчөмү көтөрүлөрүн белгиледи. "Күйүүчү май кандай баада сатып алынбасын, тиешелүү компенсациясын төлөп беребиз. Чечим атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында кабыл алынат. Алар ассоциация көрсөткөн бааларды да текшерет: күйүүчү май кайдан кандай келишим менен сатып алынганын карашат. Спекуляцияга жана ашыкча пайда табууга жол бербөө үчүн ар бир келишим текшерилет. Комиссия ар бир арызды үч күндүн ичинде карайт. Андан кийин компенсация компанияларга дароо төлөнөт. Буга чейин бир да кечигүү болгон жок", — деди Амангелдиев. Биринчи вице-премьер эң башкы маселе тартыштыкка жол бербөө экенин баса белгилеп, бааны кармап турууга минкабдын мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Буга чейин нефтетрейдерлер дүйнөдө баалар өсүп жатканын жүйө келтирип, өкмөт тарабынан берилген субсидиянын өлчөмүн же чекене бааны кайра карап чыгууну сунушташкан.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) санариптик экономика боюнча 2026-жылдагы форуму 14-16-сентябрда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун административдик борбору Үрүмчү шаарында өтөт. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Маалыматка караганда, форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү, аналитикалык борборлорунун, ири компанияларынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн жалпы 500гө жакын адам, анын ичинде 200дөн ашуун чет элдик конок катышары күтүлүүдө. Форумдун алкагында министрлер деңгээлинде жабык жыйын, ачылыш аземи, пленардык отурум жана тематикалык 4 талкуу өтөт.
Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунда иштердин 52 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 33,4 чакырым болгон жолдун 23 чакырымында учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор Алматы — Бишкек — Ташкент жана Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолдорунун тилкелерин реконструкциялоону камтыйт. Трасса Бишкектин батышындагы Маловодное айылынан башталып, Кантка чейин созулат. Жаңы жол алты тилкелүү болот. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Айрым транспорттук түйүндөрдүн алдында тилкелердин саны 10го чейин көбөйөт. Долбоор боюнча, жолдун бардык ири кесилиштеринде эки деңгээлдүү транспорттук түйүндөр курулуп, жол чырак болбойт. Жалпысынан 13 жол өтмөгү курулат. Алардын 11и жаңыдан салынат, бирөө реконструкцияланат жана дагы бирине капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.
АКШ Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Томоко Аканэ менен Абдулай Сейге каршы санкция киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Вашингтон мындай кадамга аталган уюмду таркатуу үчүн барганы айтылат. Мамлекеттик департамент Эл аралык кылмыш соту анын юрисдикциясына макулдук бербеген мамлекеттин кызмат адамдарын кармап, камап, жоопкерчиликке тартууга аркет кылып жатат деп кине коюуда. Мамдепартаменттин жетекчиси Марко Рубио аталган сот коррупцияга батып, өтө саясатташып кеткенин белгилеген. "Эл аралык кылмыш соту укугунан кыянаттык менен пайдаланып, юрисдикциясын баш ийүүгө макулдук бербеген жана Рим статусун ратификациялабаган АКШ жана башка мамлекеттин жарандарына жайылтууга аракет кылып, мандатынан аша чаап жатат", — деди ал.
Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү май кымбаттабайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik агенттигине билдирди. Ал муктаждык болсо компенсациянын өлчөмү көтөрүлөрүн белгиледи. "Күйүүчү май кандай баада сатып алынбасын, тиешелүү компенсациясын төлөп беребиз. Чечим атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында кабыл алынат. Алар ассоциация көрсөткөн бааларды да текшерет: күйүүчү май кайдан кандай келишим менен сатып алынганын карашат. Спекуляцияга жана ашыкча пайда табууга жол бербөө үчүн ар бир келишим текшерилет. Комиссия ар бир арызды үч күндүн ичинде карайт. Андан кийин компенсация компанияларга дароо төлөнөт. Буга чейин бир да кечигүү болгон жок", — деди Амангелдиев. Биринчи вице-премьер эң башкы маселе тартыштыкка жол бербөө экенин баса белгилеп, бааны кармап турууга минкабдын мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Буга чейин нефтетрейдерлер дүйнөдө баалар өсүп жатканын жүйө келтирип, өкмөт тарабынан берилген субсидиянын өлчөмүн же чекене бааны кайра карап чыгууну сунушташкан.Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) санариптик экономика боюнча 2026-жылдагы форуму 14-16-сентябрда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун административдик борбору Үрүмчү шаарында өтөт. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Маалыматка караганда, форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү, аналитикалык борборлорунун, ири компанияларынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн жалпы 500гө жакын адам, анын ичинде 200дөн ашуун чет элдик конок катышары күтүлүүдө. Форумдун алкагында министрлер деңгээлинде жабык жыйын, ачылыш аземи, пленардык отурум жана тематикалык 4 талкуу өтөт.Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунда иштердин 52 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 33,4 чакырым болгон жолдун 23 чакырымында учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор Алматы — Бишкек — Ташкент жана Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолдорунун тилкелерин реконструкциялоону камтыйт. Трасса Бишкектин батышындагы Маловодное айылынан башталып, Кантка чейин созулат. Жаңы жол алты тилкелүү болот. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Айрым транспорттук түйүндөрдүн алдында тилкелердин саны 10го чейин көбөйөт. Долбоор боюнча, жолдун бардык ири кесилиштеринде эки деңгээлдүү транспорттук түйүндөр курулуп, жол чырак болбойт. Жалпысынан 13 жол өтмөгү курулат. Алардын 11и жаңыдан салынат, бирөө реконструкцияланат жана дагы бирине капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.АКШ Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Томоко Аканэ менен Абдулай Сейге каршы санкция киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Вашингтон мындай кадамга аталган уюмду таркатуу үчүн барганы айтылат. Мамлекеттик департамент Эл аралык кылмыш соту анын юрисдикциясына макулдук бербеген мамлекеттин кызмат адамдарын кармап, камап, жоопкерчиликке тартууга аркет кылып жатат деп кине коюуда. Мамдепартаменттин жетекчиси Марко Рубио аталган сот коррупцияга батып, өтө саясатташып кеткенин белгилеген. "Эл аралык кылмыш соту укугунан кыянаттык менен пайдаланып, юрисдикциясын баш ийүүгө макулдук бербеген жана Рим статусун ратификациялабаган АКШ жана башка мамлекеттин жарандарына жайылтууга аракет кылып, мандатынан аша чаап жатат", — деди ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103070741_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8d94f06bfb69a5a7544bd81fd5c950aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио