https://sputnik.kg/20260819/1103068249.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылышы учурунда Бишкектеги парктар жабылбайт. Бул тууралуу калаа мэри Айбек... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T13:00+0600
2026-08-19T13:00+0600
2026-08-19T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103068083_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee7ca915ba6a5775a9bd0ee01b8d0c23.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылышы учурунда Бишкектеги парктар жабылбайт. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, шаардыктар кечкисин чыгып сейилдей беришсе болот. Андан тышкары, чакан базарлар да иштей берет. Буга чейин шаардагы көпчүлүк базарлар, соода борборлору 2-3 күнгө жабылары айтылган. Чоң көчөлөрдүн боюндагы кафе, ресторандар да иштебей турган болду.
Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны кыскарганын Статком билдирди. Сандарга көз жүгүртсөк, 2021/2022-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 81 миңден ашык чет өлкөлүк студент окуса, 2025/2026-окуу жылында алардын саны 38 миңге жетпей калган. Өзбекстандан билим алам деп келгендердин саны алты эсе, тагыраагы, 51,6 миңден 8,6 миңге чейин азайган. Пакистандык студенттер 1,3 миңге, индиялыктар 3 миңге кыскарган. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 3,7 миңден 5,5 миңге көбөйгөн.
"Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында "Асман" деп аталган дрон иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди. Милициянын маалыматына караганда, дрон барууга кыйын болгон аймактарда адамдарды издөөгө жардам берет. "Адамдын өмүрү коркунучта турганда ар бир секунд, ар бир кадам жана ар бир аракет маанилүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстанда курал алгысы келген жарандар менен жеке күзөтчүлөрдүн медициналык күбөлөндүрүү тартибин өзгөртүү сунушталууда. Ички иштер министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, мээнин электроэнцефалографиясы (ЭЭГ) жана эксперименталдык-психологиялык текшерүү бардык адамдарга милдеттүү болбой, зарыл болгон учурда гана жүргүзүлөт. Азыркы талапта мээнин ЭЭГ текшерүүсүнөн өтүү милдеттүү. Авторлор жаңы тартипте бул талап өзгөртүлүп, ЭЭГди психиатрдын жолдомосу менен жана клиникалык көрсөтмө болгон учурда гана жүргүзүү сунушталууда. Ушундай эле тартип эксперименталдык-психологиялык текшерүүгө да тиешелүү болот. Башкача айтканда, курал алууга талапкер болгон ар бир адам автоматтык түрдө ЭЭГден жана психологиялык текшерүүдөн өтпөйт. Адамдын ден соолук абалын баалаган психиатр зарыл деп тапса гана кошумча текшерүүгө жөнөтүлөт. Ошондой эле тамеки чеккен адамдарга курал-жарак алууга жана күзөтчү болуп иштөөгө байланыштуу айрым чектөөлөрдү алып салуу сунушталды. Министрлик никотинге көз карандылык адамдын куралды коопсуз колдонуу жөндөмүн жоготконун билдирбейт деп эсептейт. Ошондуктан никотинге көз карандылыкты курал колдонууга медициналык тыюу салууга негиз катары кароого болбой турганы белгиленген. Бирок курал алууга бардык медициналык талаптар жоюлбайт. Психикалык бузулуулар, көздүн көрүүсүнө байланыштуу, ошондой эле алкоголду, опиоиддерди, каннабиноиддерди жана башка психоактивдүү заттарды колдонууга байланышкан психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар боюнча каршы көрсөтмөлөрдүн негизги тизмеси сакталат.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылышы учурунда Бишкектеги парктар жабылбайт. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, шаардыктар кечкисин чыгып сейилдей беришсе болот. Андан тышкары, чакан базарлар да иштей берет. Буга чейин шаардагы көпчүлүк базарлар, соода борборлору 2-3 күнгө жабылары айтылган. Чоң көчөлөрдүн боюндагы кафе, ресторандар да иштебей турган болду.Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттердин саны кыскарганын Статком билдирди. Сандарга көз жүгүртсөк, 2021/2022-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 81 миңден ашык чет өлкөлүк студент окуса, 2025/2026-окуу жылында алардын саны 38 миңге жетпей калган. Өзбекстандан билим алам деп келгендердин саны алты эсе, тагыраагы, 51,6 миңден 8,6 миңге чейин азайган. Пакистандык студенттер 1,3 миңге, индиялыктар 3 миңге кыскарган. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 3,7 миңден 5,5 миңге көбөйгөн."Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында "Асман" деп аталган дрон иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди. Милициянын маалыматына караганда, дрон барууга кыйын болгон аймактарда адамдарды издөөгө жардам берет. "Адамдын өмүрү коркунучта турганда ар бир секунд, ар бир кадам жана ар бир аракет маанилүү", — деп айтылат билдирүүдө. Кыргызстанда курал алгысы келген жарандар менен жеке күзөтчүлөрдүн медициналык күбөлөндүрүү тартибин өзгөртүү сунушталууда. Ички иштер министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, мээнин электроэнцефалографиясы (ЭЭГ) жана эксперименталдык-психологиялык текшерүү бардык адамдарга милдеттүү болбой, зарыл болгон учурда гана жүргүзүлөт. Азыркы талапта мээнин ЭЭГ текшерүүсүнөн өтүү милдеттүү. Авторлор жаңы тартипте бул талап өзгөртүлүп, ЭЭГди психиатрдын жолдомосу менен жана клиникалык көрсөтмө болгон учурда гана жүргүзүү сунушталууда. Ушундай эле тартип эксперименталдык-психологиялык текшерүүгө да тиешелүү болот. Башкача айтканда, курал алууга талапкер болгон ар бир адам автоматтык түрдө ЭЭГден жана психологиялык текшерүүдөн өтпөйт. Адамдын ден соолук абалын баалаган психиатр зарыл деп тапса гана кошумча текшерүүгө жөнөтүлөт. Ошондой эле тамеки чеккен адамдарга курал-жарак алууга жана күзөтчү болуп иштөөгө байланыштуу айрым чектөөлөрдү алып салуу сунушталды. Министрлик никотинге көз карандылык адамдын куралды коопсуз колдонуу жөндөмүн жоготконун билдирбейт деп эсептейт. Ошондуктан никотинге көз карандылыкты курал колдонууга медициналык тыюу салууга негиз катары кароого болбой турганы белгиленген. Бирок курал алууга бардык медициналык талаптар жоюлбайт. Психикалык бузулуулар, көздүн көрүүсүнө байланыштуу, ошондой эле алкоголду, опиоиддерди, каннабиноиддерди жана башка психоактивдүү заттарды колдонууга байланышкан психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар боюнча каршы көрсөтмөлөрдүн негизги тизмеси сакталат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103068083_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d98740d41e6ed8024832cd728434a489.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио