https://sputnik.kg/20260818/1103049629.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Үрүмчүдө... 18.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-18T13:00+0600
2026-08-18T13:00+0600
2026-08-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103049463_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_226ad1c4afab1902fc911b93e2e27a56.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Үрүмчүдө Кытайдын Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушууда белгилүү болду. Анда кыргызстандык күйүүчү май компаниялары менен түз байланыш түзүү, күйүүчү майды ташуу, бажыдан өткөрүү жана товар жүгүртүү шарттары каралды. Кыргыз делегациясына мунай тармагында иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчилери кирген.Өз кезегинде Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мунай тармагында кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор түзүлүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка практикалык маселелерди талкуулашты.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда башталат. Бул маалыматты Sputnik агенттигине парламент төрагасы Марлен Маматалиев ырастады. Анын айтымында, президенттик шайлоону дайындоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-сентябрда каралып, токтом кабыл алынат. Буга чейин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров дал ушул датаны парламентке сунуштаган болчу. Эл өкүлдөрү 25-июнда эки айга жайкы каникулга кетишкен.
Ош шаардык кеңешинин депутаты пара алууга шектелип кармалды Ош шаардык милициясы “Жибек” бала бакчасынын Ч.З. аттуу жетекчисин тарбиячыны жумушка алуу үчүн 25 миң сом талап кылган деп айыптоодо. Арыз ээсинин айтымында, ал алгач 20 миң сомду MBank аркылуу которуп, калганын жетекчинин иш бөлмөсүндө берген. Пара алуу менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
2026-жылдын июль айында республика боюнча 182 курулуш объектисине Техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, корутундулар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан берилди. Анын ичинен Социалдык объектилер — 130; Административдик имараттар — 7; Турак жай имараттары — 27; Турак эмес жайлар — 14 жана башка объектилер тузгон. "Техникалык корутунду курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги ролду ойнойт",-деп айтылат маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жакшы мамиледемин деп жар салганын РИА Новости жазды.Бул билдирүүнү Трамп АКШ менен Түштүк Кореянын Ulchi Freedom Shield деп аталган биргелешкен аскердик машыгууларына даярдык көрүлүп жаткан маалда жасады. Ага чейин Пентагондун башчысы Пит Хегсетке биргелешкен маневрлардын масштабын кыскартууну тапшырганын айткан. Американын президенти аны зарылчылыгы жок иш-чара катары сыпаттаган. Ал арада Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги аталган машыгууларды баскынчылык согушка көрүлгөн даярдык катары баалап, буга жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Дүйшөмбү күнү баштала турган машыгууларга АКШ, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн миңдеген аскери согуштук техникасы менен катышарын кабарлаган. Түндүк Корея Вашингтондун, Сеулдун жана Токионун аскердик кызматташуусун бир нече ирет сындаган. Пхеньян үч мамлекеттин аталган багыттагы өз ара алакасы өзөктүк альянстын мүнөзүнө өтүп бара жаткандыгын баса белгилеген.
Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларынын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Үрүмчүдө Кытайдын Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушууда белгилүү болду. Анда кыргызстандык күйүүчү май компаниялары менен түз байланыш түзүү, күйүүчү майды ташуу, бажыдан өткөрүү жана товар жүгүртүү шарттары каралды. Кыргыз делегациясына мунай тармагында иштеген 10дон ашык компаниянын жетекчилери кирген.Өз кезегинде Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мунай тармагында кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор түзүлүп, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка практикалык маселелерди талкуулашты. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы 2-сентябрда башталат. Бул маалыматты Sputnik агенттигине парламент төрагасы Марлен Маматалиев ырастады. Анын айтымында, президенттик шайлоону дайындоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-сентябрда каралып, токтом кабыл алынат. Буга чейин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров дал ушул датаны парламентке сунуштаган болчу. Эл өкүлдөрү 25-июнда эки айга жайкы каникулга кетишкен.Ош шаардык кеңешинин депутаты пара алууга шектелип кармалды Ош шаардык милициясы “Жибек” бала бакчасынын Ч.З. аттуу жетекчисин тарбиячыны жумушка алуу үчүн 25 миң сом талап кылган деп айыптоодо. Арыз ээсинин айтымында, ал алгач 20 миң сомду MBank аркылуу которуп, калганын жетекчинин иш бөлмөсүндө берген. Пара алуу менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.2026-жылдын июль айында республика боюнча 182 курулуш объектисине Техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, корутундулар Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан берилди. Анын ичинен Социалдык объектилер — 130; Административдик имараттар — 7; Турак жай имараттары — 27; Турак эмес жайлар — 14 жана башка объектилер тузгон. "Техникалык корутунду курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги ролду ойнойт",-деп айтылат маалыматта.АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жакшы мамиледемин деп жар салганын РИА Новости жазды.Бул билдирүүнү Трамп АКШ менен Түштүк Кореянын Ulchi Freedom Shield деп аталган биргелешкен аскердик машыгууларына даярдык көрүлүп жаткан маалда жасады. Ага чейин Пентагондун башчысы Пит Хегсетке биргелешкен маневрлардын масштабын кыскартууну тапшырганын айткан. Американын президенти аны зарылчылыгы жок иш-чара катары сыпаттаган. Ал арада Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги аталган машыгууларды баскынчылык согушка көрүлгөн даярдык катары баалап, буга жооп кайтарууга даяр экенин билдирди. Дүйшөмбү күнү баштала турган машыгууларга АКШ, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдүн миңдеген аскери согуштук техникасы менен катышарын кабарлаган. Түндүк Корея Вашингтондун, Сеулдун жана Токионун аскердик кызматташуусун бир нече ирет сындаган. Пхеньян үч мамлекеттин аталган багыттагы өз ара алакасы өзөктүк альянстын мүнөзүнө өтүп бара жаткандыгын баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/12/1103049463_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f6e6aa51918abe5206c3353eee1d0ffe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио