https://sputnik.kg/20260817/1103025431.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды Депутаттар Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков демилгелеген мыйзам... 17.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-17T11:00+0600
2026-08-17T11:00+0600
2026-08-17T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103025265_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_95e90cb27f48703f9bd562ea68b44e2c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды Депутаттар Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков демилгелеген мыйзам долбоору көл бетине причал, жыгач аянтча, понтон жана калкыма үй курууга жол ачат. Азыркы мыйзамда жээктен 100 метрге чейин капиталдык курулушка тыюу салынган. Долбоордо өзгөчө учурларда минкабдын чечими менен объект курууга, ошондой эле пирс, эллинг, тамактануучу жай жана агынды сууну тазалоочу системасы бар коомдук даараткана жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Мындан тышкары, минкабдын чечими жана Улуттук илимдер академиясынын макулдугу менен көлгө мүнөздүү эмес балыктарды өстүрүүгө жол ачылат. Балык чарбалары экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана тиешелүү уруксаттар менен көлдөн суу алып, тазаланган агынды сууну суу объектилерине агыза алат.
Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүнкү сот процессинин алдында учурда кардарын актагандан тышкары тергөө менен айыптоодо кеткен кемчиликтерге даттанууга аракет кылып жатканын айтты. Анын айтымында, экинчи инстанциядагы сот (Бишкек шаардык соту) да ишти мыйзам бузуулар менен баштады. "Биз өкүмдүн өзүнө гана даттанган жокпуз. Биринчи инстанцияда тергөө органдары менен прокурорлор кетирген кемчиликтерди кароону талап кылып жатабыз. Тилекке каршы, экинчи инстанциядагы сот (Бишкек шаардык соту) да ишти мыйзам бузуулар менен баштады. Кайсы учурлар экенин кийинчерээк айтып берем", — деген ал. Эске салсак, Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген. Сот иши Бишкек шаардык сотунда уланууда.
Россия Кыргызстанга буудай экспортун 4,5 эсе көбөйтүп, негизги жеткирүүчү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Быйылкы жылдын январь–май айларында 39 миллион долларга 179 миң тонна буудай импорттолгон. Учурда дан жеткирүүдө Россиянын үлүшү жалпы импорттун (234 миң тонна) 76,4 пайызын түзөт. Өткөн жылы Кыргызстан буудайды эң көп Казакстандан сатып алган.
Европанын милитаризацияланышы жана ЖККУ мамлекеттерине кастарын тиккен мамилеси өз ара ишеним дээрлик жок болуп турган азыркы чакта өтө кооптуу. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Таалатбек Масадыков РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик арсеналы абдан кеңири. "Ортодо ишеним кетип, кыйын кырдаалды чече турган эл аралык укуктук механизмдер жок болуп турган маалда Европа милитаризацияланып, ЖККУ мамлекеттерине сес көрсөткөнү күчөп жатат. Уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик арсеналы кеңири экенин эске алсак, мындай аракет өтө кооптуу", — деди Масадыков. Баш катчы аскердик чыгым 2025-жылы 2,9 триллион доллар деп бааланганын эске салды. Белгилей кетсек, Польшанын 13-14-июль күндөрү Россия менен Беларустун чек арасына жакын жерде аскердик машыгуу өткөргөнү айтылган. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул окууларды Варшаванын "күчүн көрсөтүүгө жасалган жоопкерчиликсиз аракет" деп баалаган эле.
Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды Депутаттар Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков демилгелеген мыйзам долбоору көл бетине причал, жыгач аянтча, понтон жана калкыма үй курууга жол ачат. Азыркы мыйзамда жээктен 100 метрге чейин капиталдык курулушка тыюу салынган. Долбоордо өзгөчө учурларда минкабдын чечими менен объект курууга, ошондой эле пирс, эллинг, тамактануучу жай жана агынды сууну тазалоочу системасы бар коомдук даараткана жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Мындан тышкары, минкабдын чечими жана Улуттук илимдер академиясынын макулдугу менен көлгө мүнөздүү эмес балыктарды өстүрүүгө жол ачылат. Балык чарбалары экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана тиешелүү уруксаттар менен көлдөн суу алып, тазаланган агынды сууну суу объектилерине агыза алат. Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүнкү сот процессинин алдында учурда кардарын актагандан тышкары тергөө менен айыптоодо кеткен кемчиликтерге даттанууга аракет кылып жатканын айтты. Анын айтымында, экинчи инстанциядагы сот (Бишкек шаардык соту) да ишти мыйзам бузуулар менен баштады. "Биз өкүмдүн өзүнө гана даттанган жокпуз. Биринчи инстанцияда тергөө органдары менен прокурорлор кетирген кемчиликтерди кароону талап кылып жатабыз. Тилекке каршы, экинчи инстанциядагы сот (Бишкек шаардык соту) да ишти мыйзам бузуулар менен баштады. Кайсы учурлар экенин кийинчерээк айтып берем", — деген ал. Эске салсак, Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген. Сот иши Бишкек шаардык сотунда уланууда.Россия Кыргызстанга буудай экспортун 4,5 эсе көбөйтүп, негизги жеткирүүчү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Быйылкы жылдын январь–май айларында 39 миллион долларга 179 миң тонна буудай импорттолгон. Учурда дан жеткирүүдө Россиянын үлүшү жалпы импорттун (234 миң тонна) 76,4 пайызын түзөт. Өткөн жылы Кыргызстан буудайды эң көп Казакстандан сатып алган. Европанын милитаризацияланышы жана ЖККУ мамлекеттерине кастарын тиккен мамилеси өз ара ишеним дээрлик жок болуп турган азыркы чакта өтө кооптуу. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Таалатбек Масадыков РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, ЖККУ өлкөлөрүнүн аскердик арсеналы абдан кеңири. "Ортодо ишеним кетип, кыйын кырдаалды чече турган эл аралык укуктук механизмдер жок болуп турган маалда Европа милитаризацияланып, ЖККУ мамлекеттерине сес көрсөткөнү күчөп жатат. Уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик арсеналы кеңири экенин эске алсак, мындай аракет өтө кооптуу", — деди Масадыков. Баш катчы аскердик чыгым 2025-жылы 2,9 триллион доллар деп бааланганын эске салды. Белгилей кетсек, Польшанын 13-14-июль күндөрү Россия менен Беларустун чек арасына жакын жерде аскердик машыгуу өткөргөнү айтылган. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул окууларды Варшаванын "күчүн көрсөтүүгө жасалган жоопкерчиликсиз аракет" деп баалаган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103025265_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da50d3fb2c2729d857e7697fd910fac4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио