https://sputnik.kg/20260809/-ukraina-uluu-britaniya-sogush-asker-oyun-1102883050.html
Адамдын өмүрүн оюнга айланткан. Британия армиясынын башчысы Украинаны айыптады
Адамдын өмүрүн оюнга айланткан. Британия армиясынын башчысы Украинаны айыптады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Ричард Найтон Украинадагы дрон операторлорунун адам өлтүрүүнү оюнга айлантканын айыптады. Ал бул... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T15:34+0600
2026-08-09T15:34+0600
2026-08-09T15:34+0600
дүйнөдө
украина
улуу британия
нато
дрон
аскер
өлүм
атуу
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102881619_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_38ae6e5e606dcc8c40ee1b9d807e7195.jpg
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Ричард Найтон Украинадагы дрон операторлорунун адам өлтүрүүнү оюнга айлантканын айыптады. Ал бул тууралуу Heywood Quarterly басылмасына берген маегинде айткан.Найтондун айтымында, Украинанын Пилотсуз системалар күчтөрүнүн жашыруун башкаруу борборундагы чоң экранда жок кылынган буталардын эсеби жүргүзүлүп, ар бирине упай түрүндө "баа" коюлат. Оператор тастыкталган сокку үчүн балл алып, аны интернет-дүкөнгө окшош жабык сайт аркылуу жаңы дрондорго жумшай алат. Буга чейин Sky News телеканалы Украинада дрондорду жасаган жашыруун заводдордун түйүнү иштеп жатканын билдирген. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүшкө кеткен каражат эл аралык коомчулуктан түшүүдө. Бейшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, учурда Улуу Британиядагы элчи Валерий Залужный Киевде өткөн элчилердин жалпы жыйынында Украина согуш талаасында жаңы ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн түгөткөнүн билдирди. Анын айтымында, Украина НАТОнун куралдануусундагы Tomahawk ракеталары, өзөктүк курал, авианосецтер жана F-35 учактарынан башка дээрлик бардык курал түрлөрүн колдонуп бүттү.
https://sputnik.kg/20260809/-rossiya-aksh-kural-zharak-nato--1102881324.html
украина
улуу британия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102881619_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_3dd5731ccaf6b12a63aa401d17881823.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, улуу британия, нато, дрон, аскер, өлүм, атуу
дүйнөдө, украина, улуу британия, нато, дрон, аскер, өлүм, атуу
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Ричард Найтон Украинадагы дрон операторлорунун адам өлтүрүүнү оюнга айлантканын айыптады. Ал бул тууралуу
Heywood Quarterly басылмасына берген маегинде айткан.
Найтондун айтымында, Украинанын Пилотсуз системалар күчтөрүнүн жашыруун башкаруу борборундагы чоң экранда жок кылынган буталардын эсеби жүргүзүлүп, ар бирине упай түрүндө "баа" коюлат. Оператор тастыкталган сокку үчүн балл алып, аны интернет-дүкөнгө окшош жабык сайт аркылуу жаңы дрондорго жумшай алат.
"Оюнга айланган бул жорук мага эле эмес, көпчүлүккө жакпай, үрөй учурса керек", — деген Башкы штабдын жетекчиси.
Буга чейин Sky News телеканалы Украинада дрондорду жасаган жашыруун заводдордун түйүнү иштеп жатканын билдирген. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүшкө кеткен каражат эл аралык коомчулуктан түшүүдө.
Бейшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, учурда Улуу Британиядагы элчи Валерий Залужный Киевде өткөн элчилердин жалпы жыйынында Украина согуш талаасында жаңы ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн түгөткөнүн билдирди. Анын айтымында, Украина НАТОнун куралдануусундагы Tomahawk ракеталары, өзөктүк курал, авианосецтер жана F-35 учактарынан башка дээрлик бардык курал түрлөрүн колдонуп бүттү.