https://sputnik.kg/20260729/-putin-astana-kelechek-oyun-kayryluu-1102694866.html
Путин Астанадагы “Келечек оюндарынын” катышуучуларына кайрылуу жасады
Путин Астанадагы “Келечек оюндарынын” катышуучуларына кайрылуу жасады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Владимир Путин Астанада өтүп жаткан III “Келечек оюндарынын” катышуучуларына кайрылуу жасады. 29.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-29T18:45+0600
2026-07-29T18:45+0600
2026-07-30T15:07+0600
казакстан
астана
владимир путин
кайрылуу
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094602585_0:180:2968:1850_1920x0_80_0_0_d1a533b9910beb234116a35c6d878b0d.jpg
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Владимир Путин Астанада өтүп жаткан III “Келечек оюндарынын” катышуучуларына кайрылуу жасады.“Сиздерди "Келечектин оюндары" катары белгилүү болгон үчүнчү эл аралык мультиспорттук турнирдин ачылышы менен куттуктап жатканыма кубанычтамын. Бул өзгөчө мелдеш өзүнө спорт менен инновацияны, физикалык жана интеллектуалдык маданиятты бириктирет”, — деп белгиледи Владимир Путин.Анын айтымында, турнирдин башкы максаты — келечекке умтулган, заманбап технологияларды эркин өздөштүргөн жана билимдин баалуулугун түшүнүп, дайыма өсүп-өнүгүүгө умтулган адамдарды калыптандыруу.Россиянын лидери өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Ал 2022-жылдын ноябрында эле Бүткүл россиялык фиджитал-спорт федерациясы түзүлгөнүн, ал эми 2024-жылдын февраль-мартында Казанда биринчи “Келечек оюндары” өтүп, көрүүчүлөр менен спортчулардын чоң кызыгуусун жаратканын эске салды.“Бул оюндар эң башынан бери саясий конъюнктурадан, кандайдыр бир басмырлоодон же эки жүздүү мамиледен эркин бойдон калууда”, — деди Россия президенти.Ошондой эле Путин оюндардын географиясы кеңейип жатканы маанилүү экенин белгиледи.Ал Казакстан президентинин жеке колдоосунун аркасында III “Келечек оюндары” Астанада өтүп жатканын айтты.Путин кошумчалагандай, Казакстандын спорттук потенциалы абдан жогору жана анын спортчулары эл аралык мелдештерде дайыма жогорку ийгиликтерди багынтып келишет.“Казакстандык досторубуздун меймандостук жана коноктоп-тосуу салтын жакшы билебиз. Ошондуктан оюндар эң жогорку деңгээлде өтөт, ал эми спортчулар менен көрүүчүлөр курч мүнөздөгү жарыштардан унутулгус эмоцияларды алышат деп ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктаган Россия лидери катышуучуларга ийгилик каалады.
https://sputnik.kg/20260729/zhaparov-kazakstanga-bardy-1102678050.html
казакстан
астана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094602585_237:0:2968:2048_1920x0_80_0_0_4021c07a5d4c96f6b89cb3def20426dd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
казакстан, астана, владимир путин, кайрылуу
казакстан, астана, владимир путин, кайрылуу
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Владимир Путин Астанада өтүп жаткан III “Келечек оюндарынын” катышуучуларына кайрылуу жасады.
“Сиздерди "Келечектин оюндары" катары белгилүү болгон үчүнчү эл аралык мультиспорттук турнирдин ачылышы менен куттуктап жатканыма кубанычтамын. Бул өзгөчө мелдеш өзүнө спорт менен инновацияны, физикалык жана интеллектуалдык маданиятты бириктирет”, — деп белгиледи Владимир Путин.
Анын айтымында, турнирдин башкы максаты — келечекке умтулган, заманбап технологияларды эркин өздөштүргөн жана билимдин баалуулугун түшүнүп, дайыма өсүп-өнүгүүгө умтулган адамдарды калыптандыруу.
“Убакыт өткөн сайын фиджитал-спорттогу да, оюндардын программасындагы да өз алдынча спорт түрлөрүнүн саны көбөйүп, популярдуулугу өсөт деп ишенем. Россия — дүйнөдөгү алдыңкы спорттук өлкөлөрдүн бири, улуу спортчулардын, рекорддордун жана жеңиштердин мекени. Биз фиджитал-кыймылынын башатында токтой алганыбызга сыймыктанабыз”, — деди Путин.
Россиянын лидери өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. Ал 2022-жылдын ноябрында эле Бүткүл россиялык фиджитал-спорт федерациясы түзүлгөнүн, ал эми 2024-жылдын февраль-мартында Казанда биринчи “Келечек оюндары” өтүп, көрүүчүлөр менен спортчулардын чоң кызыгуусун жаратканын эске салды.
“Бул оюндар эң башынан бери саясий конъюнктурадан, кандайдыр бир басмырлоодон же эки жүздүү мамиледен эркин бойдон калууда”, — деди Россия президенти.
Ошондой эле Путин оюндардын географиясы кеңейип жатканы маанилүү экенин белгиледи.
“Бул жолу эстафетаны былтыркы кожоюн Абу-Дабиден өткөрүп алып, мелдештерди заманбап жана тез өнүгүп жаткан Астана шаары кабыл алууда. Бул фиджитал-кыймылдын өнүгүшүнө жана "Келечектин оюндарын" уюштурууга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев чоң салымын кошту”, — деп баса белгиледи Путин.
Ал Казакстан президентинин жеке колдоосунун аркасында III “Келечек оюндары” Астанада өтүп жатканын айтты.
Путин кошумчалагандай, Казакстандын спорттук потенциалы абдан жогору жана анын спортчулары эл аралык мелдештерде дайыма жогорку ийгиликтерди багынтып келишет.
“Казакстандык досторубуздун меймандостук жана коноктоп-тосуу салтын жакшы билебиз. Ошондуктан оюндар эң жогорку деңгээлде өтөт, ал эми спортчулар менен көрүүчүлөр курч мүнөздөгү жарыштардан унутулгус эмоцияларды алышат деп ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктаган Россия лидери катышуучуларга ийгилик каалады.