https://sputnik.kg/20260712/abdylas-maldybaev-tuuraluu-1102314296.html
Кыргыз профессионал музыкасын негиздеген Абдылас Малдыбаев тууралуу 16 факт
Кыргыз профессионал музыкасын негиздеген Абдылас Малдыбаев тууралуу 16 факт
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз элинин фольклордук мурасы өтө бай. Аны жазуу-сызуу өнүккөн XX кылымга чейин өнөрлүү адамдар жеткирип келген. Ушул кылымда кыргыздар дүйнөлүк... 12.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-12T13:10+0600
2026-07-12T13:10+0600
2026-07-12T13:10+0600
кыргызстан
абдылас малдыбаев
музыка
чыгарма
маданият
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/07e6/07/07/1065893651_0:125:1501:969_1920x0_80_0_0_9f25bb0e13b9f5e908e20aa97ca5b82e.jpg
Ошонун баарын европалык стандартта, биринчи кезекте, орус искусствосунун таасири менен жаңыдан түзүү керек эле. Саамалыктын башатында профессионалдык музыка жаатында Абдылас Малдыбаев турган. Ошол кездеги башка кыргыздар сыяктуу анын деле нота, партитура, хор тууралуу түшүнүгү жок эле. Европалык музыка өнөрүнө кызыкты, окуду, анан бул өнөрдүн сырын үйрөнүп кыргыз элинин профессионал музыкасынын негиздөөчүсү, туңгуч композитор болуп калыптанды. Туулган жери жана жылы. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Жети-Суу облусундагы Пишпек уездинин (азыркы Кемин району) Кара-Булак айылында туулган. 1919-жылга чейин ал жердегилер көчүп-конуп жашаган. Казак жерлери менен чектешип тургандыктан алар менен кыз алышып-беришип, бирге мал карап оокат кылган. Атасы "жел таман" атыккан Малдыбай. Малдыбай атына заты төп келбеген, мал-салы жок томаяк киши эле. Комуз, кыяк чапкан, аларды ар кимге сатып же оокат-ашка айырбаштап тирилик кылган. Өзү да комуз чертип, ырдап калчу экен. Мыкты усталар ат жабдыктарын жасаган, бу киши да ээр чапчу. Айылда ал кезде эң өтүмдүү буюм боз үй болгон да, атактуу усталардын боз үйлөрү жакшы бааланган. Малдыбайдын ээрлери менен боз үйлөрү кымбатка сатылбаганы менен балдарды багып турууга огожо болгон. Бирок баары бир оокатка жетпейт. Тоо жери болгондуктан айылдыктардын жан багар оокаты мал эле. Абдылас да эс тарткандан атасы менен бирге колунда бар кишилердин малын багып, мал артында жүрүп, кыйынчылыктын баарын көргөн, ошол эле кезде көктөйүнөн тиричиликке бышык бала болгон. Малдыбайды айылдаштары "жел таман" дешкен, айылынан Токмокко чейин келип, жасаган буюмдарын сатып кетип турган. Токмоктогу дунгандардан, өзбектерден дыйканчылык, багбанчылык кылууну үйрөнөт, айылга жер-жемиштин баарын өстүрүп, кыштагында Мичурин аталат. "Ырчылык өнөр мага апа жактан өткөн" деп койчу экен. Бул өрөөнгө ырчылар, чоорчулар, манасчылар көп келип турчу дешет. Ары жагы Алма-Ата казактарынан да келишкен. Айылдашы Сартбайдын (белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын атасы) да ырын угуп, атасы Малдыбайдын жанында комуз үнүн тыңшап, элдик санжырачылардын кебине куштарлана чоңоет. Апасы Бейилда (Дейилда деп да айтышат) да таза үнү менен тели-теңтуштарынын арасында ырдап, өлүм чыккан жерде кошок кошуп берчү экен. Өзү да "ырчылык өнөр мага апа жактан өткөн" деп койчу дешет. Күрөңкөйдүн Муратаалысы аны аябай таасирленткен. Малдыбайдын бир тууганы Байбосун деген киши болгон, чамасы ал да ыр-күүгө жакын киши болгонбу, бир күнү алардыкына шериктери менен бир киши келип түшөт. Балдар казан-аякка каралашып, кыз-келиндер ичеги-карын жууп, конокту өтө ызаат менен күтүшөт. Боз үйдүн керегелерин түрүп, батпай калган айылдыктар дагы уксун, көрсүн деп кам көрө баштайт. Жанагы конок комузун алып күү чертерде ар бир күүсүнүн кандайча чыкканын айтып бермейи бар экен, бул жомок сыяктуу нерселер балдарга өзгөчө кызык да, Абдылас анын сөздөрүн кунт кое угат. Кыл кыягычы! Тим эле сүйлөтөт экен! Боз үйдүн ичиндегилер да, сыртындагылар да ал кишини сүрөп отурат. Мындай "концерт" уюштурган Байбосун жөн эле боюн көтөрүп, эл алдында каадаланып калат. Көрсө, ал өнөр көрсөтүп аткан кадимки Күрөңкөйдүн Муратаалысы экен. Көлдүн Талды-Булак деген айылынан келиптир. Атасы Күрөңкөй чоң комузчу, анын атасы Белек ошол замандагы эң керектүү өнөр ээси, кернейчи болуптур. Бала 15-16га келгенде Чыңгышбай деген менен күү чертишип, аны жеңип даңазасы таш жарат. Кичи-Кеминдин Кара-Булагына ошол келиште ал кербездери менен ботойлорун кол ойнотуп чертип, домбрасын ала коюп, казак акындары Сүйүнбай менен Кенендин, Майрык кожо менен Жамбылдын обон-күүлөрүн ушунча келтирет. Чоорун оозуна алып барып, үйлөп коюп эле ыр-күүлөрдү безелентет. Мунун баары түрүлгөн керегеден көз салып турган Абдыласка башкача бир таасир этет. Үйүнө келип, комузу менен кыл кыягын колуна алып өзүнчө эле Муратаалы болуп жүрдү. Баланын өзгөрүп калганын атасы Малдыбай да, апасы Дейилда да сезди. Мурда комуз черткенде уулуна комуздун башын тиштетип койгон атасы абдан кунтун коюп, уулуна атап кичирээк бир комуз чаап берди. Эми ал мал артынан жүргөндө аппак булуттарга карап, жуушуп жаткан малына карап шаңшып, комуз коштотуп ырдачу болду, коко тикендерди кесип чоор кылып ойночу болду. Ал кезде мыкты ырчылар койчулардан чыккан, себеби алар ээн тоолордун арасында "ай дээр ажо, кой дээр кожо жок", көмөкөйүн болушунча ачып ыр менен кеч киргизген. Кытайдагы эрксиз күндөр. 1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшү деген чыгып, ага катышкандарды жазалоо башталган кезде Чүй жана Нарын өрөөнүнүн чоң бөлүгү, Ысык-Көл өрөөнү дээрлик бүтүндөй Кытай тарапты көздөй качып жөнөгөн. 10 жаштагы Абдылас да ата-энеси, айыл журту менен качкандарга кошулуп жөнөп, ашуулардын азабын, адам чыдагыс оор жолду, өлүм менен коштолуп кетүүчү куугунду, кыйкырып учуп өлгөн адамдарды, малды — бүт баарын көрдү. Жүрөгү тилинди, көзүндө качкындардын жана куугундардын элеси калды. Өлгөндөн калган кыргыздар Кытайдын Турпанына келет. Ал жердин негизги калкы уйгурлар болгон. Качкындар жанын багыш үчүн аларга күчүн сатты, кызын сатты, эркин сатты. Токмок базарындагы жоон үндүү ырчы бала. Кудай жалгап Ала-Тоодон эски Николай бийлиги тактан кулагандыгы тууралуу кабар келди да, качкан эл жерине кайта баштады. Келсе, кеңеш бийлиги орноп, жаңы турмуш башталып жаткан экен. Бирок эл турмушу дале кыйын, дале ачарчылык, дале жокчулук каптап туруптур. Айылына эмес, Токмокко келет, эмнеси болсо да шаар эмеспи, эптеп күн көрөрбүз дейт. Апасы Бейилда айран, сүт сатып оокат кылып жүргөндө тиф менен ооруп, баш көтөрбөй жатып калат. Анын ордуна Абдылас сатуучулук кылат, жоон үндүү бала ырдаганда базардагылар ага жакын келип, товарын жакшы алчу экен. Тапкан акчага апасына дары-дармек, тамак-аш сатып алып, таланты менен апасын айыктырып алат. Абдыластын "Акинайы". Кеңеш өкмөтү балдардын сабатсыздыгын жоюу үчүн мектептерди ача баштаган. Бул маанилүү жумуш Токмок, Кичи-Кемин, Чоң-Кеминде биринчи болуп колго алынган. Айылында ачылган ошондой мектепке 11 жашында кирген Абдылас өздүк-көркөм ийримдерине кошулуп, ырдап, элге жаңы өкмөткө кирүү керектигин түшүндүргөн балдар менен бирге жүрөт. Бактысына жараша, ырга жакын мугалим туш келгенби, балдар тизилип алып хор ырдашчу экен. Абдылас ушунчалык музыкага кумар болгон экен, биринчи жолу обон да чыгарып иет. Аны "Акинай" деп атайт. Койчунун махабат ыры эле. Сөзүн да өзү жазат. 16га эми толгон баланын ыры ошол кездеги жаштар арасына оозеки тарап, жаш жигиттин ким экенине кызыккандар көп болгон. Билим жолуна түшүп Алма-Атага барганда... 1924-жылга чейин республикалар бөлүнгөн эмес, 1918-1924-жылдары РСФСРдин Түркстан АССРинин борбору Ташкент шаары эле, ал алысыраак болгондуктан экинчи борбор сыяктуу Алма-Ата калаасында окуу жайлары ачыла баштаган. Алма-Ата ал кезде Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун борбору болчу, орустар Верный деп койгон аты 1921-жылы кайра Алма-Ата болуп өзгөргөн. Азыркы Кыргызстандын бир катар аймактары ошол облуска караган да, окуу үчүн көпчүлүк ошол шаарга жол алган. Айылдан кат таанып калган Абдылас эки досу менен ошол шаарды көздөй суу кечип, тоо ашып, жайлоолорду аралап, бир жумадай жүрүп Алма-Атага жетет. Окууларга кабыл алып бүткөн бекен, же башка себеби болдубу, айтор, Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна гана кирүүгө мүмкүн болот. Ошол жерде жарым жылдай окуганда Казакстандын Агартуу институтуна (Кыргыз-казак агартуу институту, инпрос деп аталган) которулат. Анан кыргыз группасы ачылып жатканын угуп, ал жерге барып окууга кирет. Бул 1923-жыл эле. Эми анын таланты ачылат. Ырдайт. Обон чыгарат. Ушул жерде Касымалы Баялинов да окуп жаткан экен. Ал анда "Ажарды" жаза элек. Куйручук тууралуу бир күлкүлүү нерсе жазып, ошону сахналаштырып, Абдылас да бир роль ойногон экен. Биринчи хор, биринчи ийримдер... 1925-жылдын 25-октябрында Кыргыз Агартуу институту ачылат (1928-жылдан педтехникум). Ушул окуу жайына кирген Абдылас эми жаштар арасына "артист" катары таанылат: хордо ырдайт, драмкружокто роль аткарат, оркестр сыяктуу топ уюштурушат, өз алдынча музыкалык чыгармаларды жаратат. Аталган окуу жайы кийин кыргыз маданиятынын "каймактарын" чыгарган биринчи улуттук интеллигенциянын уюткусу болот (Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев, Гапар Айтиев, Узакбай Абдукаимов, Касымалы Жантөшов, Мукай Элебаев, Жума Жамгырчиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Райкан Шүкүрбеков ж.б.). Алар "Кызыл учкун" деген адабий ийрим уюштурат. Абдылас 1925-жылы Касымалы Жантөшевдин "Биз – ленинчилдер", 1926-жылы ошол эле автордун "Кызыл туу" деген ырларына хор үчүн музыка жазат. Бул кезде көп үн менен ырдоо (хор) элдин маанайын көтөрүү үчүн, Лениндин, Октябрдын идеяларын таасирдүү жеткирүү үчүн зарыл болгон. "Кыз бурак", "Кызыл атчандар" деген хорлору жазылып, дароо эле студенттер тарабынан аткарылат. Окуу жайдын директору Петр Юдахин жана окуу бөлүмүн жетектеген Базаркул Данияров абдан прогрессивдүү кишилер болгон. Студенттердин музыкалык-хор студиясын ачат, ага обончу, ырчы Абдылас Малдыбаев, акын-жазуучу, кийин согуштан кайтпай калган Жума Жамгырчиев, окууну бүтүп ошол эле жерде мугалим болгон Төлөнбай Данияров, Аккагаз Арабаева, Айшакан Түмөнбаева ж.б. катышкан. Ошол кезде "Кошчу" союзунун театры ачылган экен, Абдылас хордун негизги солисти болгон. Катышуучулар майрамдарда же дем алыштарда төлөмөр билет чыгарып сатып, мамлекеттик жетекчилерди (Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Турдалы Токбаев, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Сатар Кулматов, Абдыкадыр Орозбеков, Таш Кудайбергенов, Нуркул Кулназаров ж.б.) өздөрүнүн концерттерине чакырып турган. Ал кезде жаңы советтик жаштардын көңүл ачар жери, үгүт жүргүзөр аянтчасы мына ушул педтехникумдун иш-чаралары гана болгон. Окууну бүткөн кезде (1930-жылы) ошол студенттердин бир тобун, мисалы, жаш куудул Мукай Элебаевди, пьеса жазып жүргөн Ташым Байжиевди Кыргыз драма театрына иштөөгө чакырылышы да алардын кандай популярдуу болгонун тастыктайт. 1926-1930-жылдарда Фрунзедеги педагогикалык техникумда студенттерди ар тараптуу тарбиялаган экен, болбосо айылдардан эми гана кат-сабатын жоюп келген балдар педагогикалык адистик боюнча кетиши керек эле, окуу жайы ар кимдин шыгын тапкан, бирөө (Гапар Айтиев) сүрөт менен кетсе, дагы бирөө музыка (Абдылас Малдыбаев) жаатына кетти. Алгачкы иштеген жумуш орундары. Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп жаткандарды, же болбосо эми гана бүткөндөрдү борбор калаада жаңыдан ачылып жаткан маданий мекемелер, гезит-журнал редакциялары, билим берүү мекемелери дароо жумушка алчу. Себеби ал кезде мындай даражалуу билим алган советтик жаштар таңсык эле. Ташкенттен, Алма-Атадан окуп келген айрым жаштар мамлекеттик кызматтарга, техникумдарга кызматка кирчү. Абдылас Малдыбаев 1929-жылы окуусун бүтүп-бүтпөй эле Кыргыз музыкалык-драмалык студиясына мугалим болуп кирип, окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын да аркалайт. Ага чейин деле студия менен иштешип жүргөн. 1926-жылы 11-октябрда Кыробком ВКП (б) сахнада иштей турган кадрларды даярдоо үчүн улуттук студия ачуу тууралуу токтом кабыл алган эле. Дал ошол студия азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын башаты болгон. 1930-жылы 7-ноябрда Улуттук музыкалык-драмалык студия Кыргыз мамлекеттик театры болуп кайра түзүлөт. Ошол студия, азыр ойлоп отурсак, абдан чоң иш жасаптыр: 1927-жылы 18-мартта "Молдо Насирдин" спекталинин таанытымын өткөрүптүр. Ошол жылы жайында Каракол кантонуна, Токмок шаарына гастролго барыптыр. Жалпы студия өзүнүн үч жылдык тарыхында (1927-1930) 87 спектакль көрсөтүптүр (анын 23ү акысыз коюлган). Аларды өкмөт ар кандай иш-чараларга катыштырып турган. 14 пьесаны кыргыз тилинде даярдаган жана кыргыз драматургиясынын калыптанышына да салым кошкон. Мына ушул иштердин борбордук фигурасы Абдылас Малдыбаев эле. 1930-жылы аны Фрунзеде ачылган Кыргыз музыкалык техникумуна директор кылып дайындашат. Ал жерде 1933-жылга дейре иштейт. Же профессионал музыкант кадрлар жок, нота билгендер андан бетер жок, европалык музыкалык билимдүүлөр мындан бетер жок, сахнага эч ким чыгып көрбөгөн, оркестр деген түшкө кирбеген, жөн гана айылдык таза үн бар, комуз бар, кыяк бар, эң негизгиси, дымак бар. Мына ошол дымактуулардын башында ушул Абдылас Малдыбаев турган. Затаевич менен жолугушуу. Атактуу музыкантты 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссариатынын төрагасы Жусуп Абдрахманов жеке өзү демилге көтөрүп, кийинки жылы алдырып келген, анын келиши менен Жусуп Абдрахманов жер-жердеги бийлик башчыларына таланттарды таап келүүгө катуу тапшырма берген. Анан Александр Затаевич 1928-жылы сентябрь айында Эл агартуу комиссариатынын (комиссар Касым Тыныстанов) чакыруусу боюнча Фрунзеге келет да, дароо жазуу иштерин баштайт. Ошол келишинде Затаевич ачарчылыкка, жугуштуу оорунун каптап турганына, суукка карабай Фрунзенин Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан бир үйдө отуруп Муратаалы Күрөңкөевден, Карамолдо Орозовдон, Токтогул Сатылгановдон ыр-күүлөрдү жаздырып алган, нотага түшүргөн, арасында жаш композитор Абдылас Малдыбаев да болгон. Кийин экинчи жолу үч жылдан кийин Фрунзеге келип, таланттардан 170 ыр-күү жазып алган. Ошондо ал Малдыбаевдин "Кызыл жоолукчан", "Тилек", "Күн бүгүн", дагы башка он ырын фортепиано үчүн иштеп чыккан. Мына ушул нотага түшкөн ырлары анын эмгектерин европалыктарга таратты, түбөлүккө калтырды. Ушул ноталар кыргыз профессионал музыканттарын үйрөтүүдө, даярдоодо эбегейсиз чоң мааниге ээ болгон. Анын эки келиштеги жыйнаган материалдары 1971-жылы Москвадан "Киргизские инструментальные пьесы и напевы" деген ат менен басылып чыккан. Александр Затаевич кыргыздын жаш композитору Абдылас Малдыбаевдин жолун ачып, анын чоң музыкант болоруна ишеним артса, кыргыздын жаш жигити атактуу музыка таануучуну устатым деп эсептей баштаган. Таланттары менен тааныла баштаган 30-жылдар. XX кылымдын 30-жылдары кыргыз музыкалык маданияты, драма театрлары үчүн өзгөчө бир кылымга бергис жылдар болгон. 1928-жылы Кыргыз ССРине дирижер жана композитор Петр Шубин келет. Ал Кыргыз музыкалык техникумуна окутуучу болуп кирип (директору А.Малдыбаев), Аскар Түлеев, Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев ж.б. алгачкы улуттук композиторлорду тарбиялашат. Петр Шубин 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына дирижер жана композитор катары чакырылып, Абдылас Малдыбаев менен бирге Касымалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасы боюнча коюлган спектаклдин музыкасын жазышат. Ушул жылдарда эң чоң милдет – ансамбль жана оркестр түзүү эле. Кыргыз таланттары комуздун коштоосунда ырдап, кыл кыяк менен күү чертип, аларды бириктирип бир күүгө, бир үнгө келтирүүнү билген эмес. Петр Шубин жергиликтүү кадр Абдылас Малдыбаевдин жардамы менен 1936-жылы Кыргыз эл аспаптар оркестрин уюштурат. Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Калык Акиев, Молдобасан Мусулманкулов, Алымкул Үсөнбаев, Шаршен Термечиков, Атай Огомбаев, Муса Баетов, Осмонкул Бөлөбалаев, Сейит Бекмуратов сымал 32 музыкант бирдей ыргакта күү чертип, бирдей отуруп-туруп, бирдей саламдашып, муну көрүп-билбеген кыргыздар үчүн өзүнчө эле керемет болгон. 30-жылдардагы колхоз курулушу, жаңы турмуш ыргактары анын обондору менен айкалышып, "Акинай", "Кызыл жоолукчан", "Өмүр", "Забойщиктер" деген чыгармалары ар бир концертте ырдалып, ар бир үйдө жаңырып турат. Сахнада да роль ойногон. Абдылас Малдыбаев ырчы катары гана эмес, драмалык театрда актер катары да образдарды жараткан, ал жылдарда эл аралап оюндарды койгон. Актер катары билими жана тажрыйбасы жок кезде эле бир аткаруучу ооруп калып, анын ордуна Николай Гоголдун "Ревизор", Дмитрий Фурмановдун "Козголоң" драмаларында, Райкан Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасов" комедиясында роль жараткан. Атүгүл Жоомарт Бөкөнбаевдин эпикалык масштабдагы "Алтын кыз", Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" драмаларын сахналаштырганда да роль аткарат. Александр Пушкиндин "Евгений Онегини" боюнча оюнда Ленскийди ойногон. Токомбаев — Малдыбаев тандеми. Жакшы обон чыгаруу үчүн жакшы текст керек. Бул жагынан XX кылымдан 30-жылдарынан башталган акын Аалы Токомбаев менен обончу-композитор Абдылас Малдыбаевдин биргелешип иштөөсү азырга чейин аңыз болуп айтылып келет. Экөөнүн "Күн бүгүн" (1932), "Кимге айтам?", "Биздин даңктуу партия" (1954), "Кечирчи" (1944), "Китеп" (1957), "Дүрдана" (1959), "Ал – Ленин" (1969), "Родина – эне" (1971), "Тельман" (1975), "Мына бул туу" (1975) деген ж.б. чыгармалары көптөгөн жылдар бою ырдалып келет. Бул чыгармаларды аткарып далай ырчы сый-урматка жетти. Малдыбаев 30-50-жылдарда кыргыз композиторлорунан биринчи орунда турса, Аалы Токомбаев акындардын алды эле, бири Композиторлор союзунун төрагасы болсо, бири Жазуучулар союзунун башчысы катары республикалык ар кандай маселелерди чечүүгө киришкен. Андан да маанилүүсү — экөө жүздөй чыгарманы биримдикте иштеп, мурас кылып калтырган. Көп кырдуу талант. Биринчилик. Биринчи жолу музыкалык билим берүүгө, эл аспаптарынан (комуз, кыл кыяк, кыяк, ооз комуз, темир комуз, чоор ж.б.) оркестр түзүүгө катышкан. 1936-жылы Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев жазган чыгармалардын либреттолоруна таянып, Москвадан келген композиторлор Владимир Власов жана Владимир Фере менен өнөктөшүп "Айчүрөк" операсын, пьесалардын негизинде "Ажал ордуна", "Алтын кыз" музыкалык драмаларын өнөктөштүктө жазган. Кыргыз композитору бул чыгармаларга улуттук колорит, кыргыздын рухун киргизген, элдик ыр-күүлөрдү пайдаланган. Бул чыгармалар 1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө СССРдин жетекчилери жана адистер тарабынан жогору бааланган, атүгүл Иосиф Сталин өзү кол чапкан. Жыйынтыгында Кыргыз ССРинде гана эмес, ошол кездеги союздук республикалардын ичинен Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти деген эң жогорку наамды алат. 33 гана жаштагы жигит үчүн, ал гана эмес, бүт Кыргызстан үчүн бул аябагандай чоң урмат эле. Өз кезегинде "Малдыбаев – ырчы", "Малдыбаев – актер", "Малдыбаев – композитор", "Малдыбаев – директор", "Малдыбаев – педагог" деген сөздөр кеңири тарап, бул кишинин талантынын масштабдуулугун айгинелеген. Абдылас Малдыбаев — ыр, романс, хор, кантата, оратория, музыкалык комедия, музыкалык драма, опера сыяктуу жанрлардын баарында чыгарма жазган универсалдуу талант. 1954-жылы Улуттук опера жана балет театры ачылганда Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликовго либреттосун жаздырып "Манас" операсынын музыкасын иштеп чыккан. Чынында бул өтө чоң эмгек болгон. Ал 300дөн ашык музыкалык чыгарма жазган, авторлош болгон, 13ү чоң опера эле. Мындай көрүнүш дүйнөдө сейрек кездешет. Узак жылдар бою (1939-1967) Кыргыз ССРинин композиторлор союзун башкарган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын алгачкы лауреаты ("Манас" операсынын музыкасы үчүн). СССР Жогорку Советинин 1-чакырылышынын, Кыргыз ССРинин 2-4-чакырылыштарынын депутаты болгон. Азыр Бишкек шаарындагы эң мыкты салынган жана көптөгөн артисттерди тарбиялаган Опера жана балет театры Абдылас Малдыбаевдин атында. Туулган жерине эстелиги орнотулган, ысымы мектепке, көчөгө ыйгарылып, элеси улуттук валютага түшүрүлгөн. Жары Батина Малдыбаева. Көп жылдар драмалык театрда актриса болуп иштеди. Киного да тартылган ("Алымкан" телефильми Макмалдын ролу, 1965). Экөөнүн эки кыз, эки уулу бар. Эркектердин улуусу Абылхайды комиссия келип, балетке бийлейт деп Ленинград шаарына алып кетишкен, бирок ал бала окубай качып келгенде атасы "мындан музыкант чыкпайт экен деп", куруучулук кесипке окуткан. Кыздардын улуусу Толкун – пианист, Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайын аяктап, Петр Шубин атындагы музыкалык мектепте сабак берип жүрдү. Уулу Болот Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн, хор багыты боюнча таанымал адис, филармонияда, Кыз-келиндер педагогика институтунда иштеген. Экинчи кызы Жылдыз атасынын кырк жашында, 1946-жылы, көргөн эркеси, ал да бир туугандары окуган окуу жайынан окуп келген. Көп жыл азыркы И.Арабаев атындагы университетте иштеди, профессор, композитор, КР эл артисти. Малдыбаевдер (Абдылас, Болот, Жылдыз) музыка боюнча мектептер үчүн окуу китептеринин авторлору катары да кийинки муунду эстетикалык тарбиялоо багытында чоң иштерди кылды.
https://sputnik.kg/20260621/akyn-abdyrasul-toktomushev-tuuraluu-faktylar-1101981481.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/07/1065893651_0:0:1501:1126_1920x0_80_0_0_9dde2bb952da5ed0977262dd972b7c78.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, абдылас малдыбаев, музыка, чыгарма, маданият, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, абдылас малдыбаев, музыка, чыгарма, маданият, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Ошонун баарын европалык стандартта, биринчи кезекте, орус искусствосунун таасири менен жаңыдан түзүү керек эле. Саамалыктын башатында профессионалдык музыка жаатында Абдылас Малдыбаев турган. Ошол кездеги башка кыргыздар сыяктуу анын деле нота, партитура, хор тууралуу түшүнүгү жок эле. Европалык музыка өнөрүнө кызыкты, окуду, анан бул өнөрдүн сырын үйрөнүп кыргыз элинин профессионал музыкасынын негиздөөчүсү, туңгуч композитор болуп калыптанды.
Туулган жери жана жылы. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Жети-Суу облусундагы Пишпек уездинин (азыркы Кемин району) Кара-Булак айылында туулган. 1919-жылга чейин ал жердегилер көчүп-конуп жашаган. Казак жерлери менен чектешип тургандыктан алар менен кыз алышып-беришип, бирге мал карап оокат кылган.
Атасы "жел таман" атыккан Малдыбай. Малдыбай атына заты төп келбеген, мал-салы жок томаяк киши эле. Комуз, кыяк чапкан, аларды ар кимге сатып же оокат-ашка айырбаштап тирилик кылган. Өзү да комуз чертип, ырдап калчу экен. Мыкты усталар ат жабдыктарын жасаган, бу киши да ээр чапчу. Айылда ал кезде эң өтүмдүү буюм боз үй болгон да, атактуу усталардын боз үйлөрү жакшы бааланган. Малдыбайдын ээрлери менен боз үйлөрү кымбатка сатылбаганы менен балдарды багып турууга огожо болгон. Бирок баары бир оокатка жетпейт. Тоо жери болгондуктан айылдыктардын жан багар оокаты мал эле. Абдылас да эс тарткандан атасы менен бирге колунда бар кишилердин малын багып, мал артында жүрүп, кыйынчылыктын баарын көргөн, ошол эле кезде көктөйүнөн тиричиликке бышык бала болгон. Малдыбайды айылдаштары "жел таман" дешкен, айылынан Токмокко чейин келип, жасаган буюмдарын сатып кетип турган. Токмоктогу дунгандардан, өзбектерден дыйканчылык, багбанчылык кылууну үйрөнөт, айылга жер-жемиштин баарын өстүрүп, кыштагында Мичурин аталат.
"Ырчылык өнөр мага апа жактан өткөн" деп койчу экен. Бул өрөөнгө ырчылар, чоорчулар, манасчылар көп келип турчу дешет. Ары жагы Алма-Ата казактарынан да келишкен. Айылдашы Сартбайдын (белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын атасы) да ырын угуп, атасы Малдыбайдын жанында комуз үнүн тыңшап, элдик санжырачылардын кебине куштарлана чоңоет. Апасы Бейилда (Дейилда деп да айтышат) да таза үнү менен тели-теңтуштарынын арасында ырдап, өлүм чыккан жерде кошок кошуп берчү экен. Өзү да "ырчылык өнөр мага апа жактан өткөн" деп койчу дешет.
Күрөңкөйдүн Муратаалысы аны аябай таасирленткен. Малдыбайдын бир тууганы Байбосун деген киши болгон, чамасы ал да ыр-күүгө жакын киши болгонбу, бир күнү алардыкына шериктери менен бир киши келип түшөт. Балдар казан-аякка каралашып, кыз-келиндер ичеги-карын жууп, конокту өтө ызаат менен күтүшөт. Боз үйдүн керегелерин түрүп, батпай калган айылдыктар дагы уксун, көрсүн деп кам көрө баштайт. Жанагы конок комузун алып күү чертерде ар бир күүсүнүн кандайча чыкканын айтып бермейи бар экен, бул жомок сыяктуу нерселер балдарга өзгөчө кызык да, Абдылас анын сөздөрүн кунт кое угат. Кыл кыягычы! Тим эле сүйлөтөт экен! Боз үйдүн ичиндегилер да, сыртындагылар да ал кишини сүрөп отурат. Мындай "концерт" уюштурган Байбосун жөн эле боюн көтөрүп, эл алдында каадаланып калат. Көрсө, ал өнөр көрсөтүп аткан кадимки Күрөңкөйдүн Муратаалысы экен. Көлдүн Талды-Булак деген айылынан келиптир. Атасы Күрөңкөй чоң комузчу, анын атасы Белек ошол замандагы эң керектүү өнөр ээси, кернейчи болуптур. Бала 15-16га келгенде Чыңгышбай деген менен күү чертишип, аны жеңип даңазасы таш жарат. Кичи-Кеминдин Кара-Булагына ошол келиште ал кербездери менен ботойлорун кол ойнотуп чертип, домбрасын ала коюп, казак акындары Сүйүнбай менен Кенендин, Майрык кожо менен Жамбылдын обон-күүлөрүн ушунча келтирет. Чоорун оозуна алып барып, үйлөп коюп эле ыр-күүлөрдү безелентет. Мунун баары түрүлгөн керегеден көз салып турган Абдыласка башкача бир таасир этет. Үйүнө келип, комузу менен кыл кыягын колуна алып өзүнчө эле Муратаалы болуп жүрдү. Баланын өзгөрүп калганын атасы Малдыбай да, апасы Дейилда да сезди. Мурда комуз черткенде уулуна комуздун башын тиштетип койгон атасы абдан кунтун коюп, уулуна атап кичирээк бир комуз чаап берди. Эми ал мал артынан жүргөндө аппак булуттарга карап, жуушуп жаткан малына карап шаңшып, комуз коштотуп ырдачу болду, коко тикендерди кесип чоор кылып ойночу болду. Ал кезде мыкты ырчылар койчулардан чыккан, себеби алар ээн тоолордун арасында "ай дээр ажо, кой дээр кожо жок", көмөкөйүн болушунча ачып ыр менен кеч киргизген.
Кытайдагы эрксиз күндөр. 1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшү деген чыгып, ага катышкандарды жазалоо башталган кезде Чүй жана Нарын өрөөнүнүн чоң бөлүгү, Ысык-Көл өрөөнү дээрлик бүтүндөй Кытай тарапты көздөй качып жөнөгөн. 10 жаштагы Абдылас да ата-энеси, айыл журту менен качкандарга кошулуп жөнөп, ашуулардын азабын, адам чыдагыс оор жолду, өлүм менен коштолуп кетүүчү куугунду, кыйкырып учуп өлгөн адамдарды, малды — бүт баарын көрдү. Жүрөгү тилинди, көзүндө качкындардын жана куугундардын элеси калды. Өлгөндөн калган кыргыздар Кытайдын Турпанына келет. Ал жердин негизги калкы уйгурлар болгон. Качкындар жанын багыш үчүн аларга күчүн сатты, кызын сатты, эркин сатты.
Токмок базарындагы жоон үндүү ырчы бала. Кудай жалгап Ала-Тоодон эски Николай бийлиги тактан кулагандыгы тууралуу кабар келди да, качкан эл жерине кайта баштады. Келсе, кеңеш бийлиги орноп, жаңы турмуш башталып жаткан экен. Бирок эл турмушу дале кыйын, дале ачарчылык, дале жокчулук каптап туруптур. Айылына эмес, Токмокко келет, эмнеси болсо да шаар эмеспи, эптеп күн көрөрбүз дейт. Апасы Бейилда айран, сүт сатып оокат кылып жүргөндө тиф менен ооруп, баш көтөрбөй жатып калат. Анын ордуна Абдылас сатуучулук кылат, жоон үндүү бала ырдаганда базардагылар ага жакын келип, товарын жакшы алчу экен. Тапкан акчага апасына дары-дармек, тамак-аш сатып алып, таланты менен апасын айыктырып алат.
Абдыластын "Акинайы". Кеңеш өкмөтү балдардын сабатсыздыгын жоюу үчүн мектептерди ача баштаган. Бул маанилүү жумуш Токмок, Кичи-Кемин, Чоң-Кеминде биринчи болуп колго алынган. Айылында ачылган ошондой мектепке 11 жашында кирген Абдылас өздүк-көркөм ийримдерине кошулуп, ырдап, элге жаңы өкмөткө кирүү керектигин түшүндүргөн балдар менен бирге жүрөт. Бактысына жараша, ырга жакын мугалим туш келгенби, балдар тизилип алып хор ырдашчу экен. Абдылас ушунчалык музыкага кумар болгон экен, биринчи жолу обон да чыгарып иет. Аны "Акинай" деп атайт. Койчунун махабат ыры эле. Сөзүн да өзү жазат. 16га эми толгон баланын ыры ошол кездеги жаштар арасына оозеки тарап, жаш жигиттин ким экенине кызыккандар көп болгон.
Билим жолуна түшүп Алма-Атага барганда... 1924-жылга чейин республикалар бөлүнгөн эмес, 1918-1924-жылдары РСФСРдин Түркстан АССРинин борбору Ташкент шаары эле, ал алысыраак болгондуктан экинчи борбор сыяктуу Алма-Ата калаасында окуу жайлары ачыла баштаган. Алма-Ата ал кезде Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун борбору болчу, орустар Верный деп койгон аты 1921-жылы кайра Алма-Ата болуп өзгөргөн. Азыркы Кыргызстандын бир катар аймактары ошол облуска караган да, окуу үчүн көпчүлүк ошол шаарга жол алган. Айылдан кат таанып калган Абдылас эки досу менен ошол шаарды көздөй суу кечип, тоо ашып, жайлоолорду аралап, бир жумадай жүрүп Алма-Атага жетет. Окууларга кабыл алып бүткөн бекен, же башка себеби болдубу, айтор, Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна гана кирүүгө мүмкүн болот. Ошол жерде жарым жылдай окуганда Казакстандын Агартуу институтуна (Кыргыз-казак агартуу институту, инпрос деп аталган) которулат. Анан кыргыз группасы ачылып жатканын угуп, ал жерге барып окууга кирет. Бул 1923-жыл эле. Эми анын таланты ачылат. Ырдайт. Обон чыгарат. Ушул жерде Касымалы Баялинов да окуп жаткан экен. Ал анда "Ажарды" жаза элек. Куйручук тууралуу бир күлкүлүү нерсе жазып, ошону сахналаштырып, Абдылас да бир роль ойногон экен.
Биринчи хор, биринчи ийримдер... 1925-жылдын 25-октябрында Кыргыз Агартуу институту ачылат (1928-жылдан педтехникум). Ушул окуу жайына кирген Абдылас эми жаштар арасына "артист" катары таанылат: хордо ырдайт, драмкружокто роль аткарат, оркестр сыяктуу топ уюштурушат, өз алдынча музыкалык чыгармаларды жаратат. Аталган окуу жайы кийин кыргыз маданиятынын "каймактарын" чыгарган биринчи улуттук интеллигенциянын уюткусу болот (Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Саткын Сасыкбаев, Гапар Айтиев, Узакбай Абдукаимов, Касымалы Жантөшов, Мукай Элебаев, Жума Жамгырчиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Райкан Шүкүрбеков ж.б.). Алар "Кызыл учкун" деген адабий ийрим уюштурат. Абдылас 1925-жылы Касымалы Жантөшевдин "Биз – ленинчилдер", 1926-жылы ошол эле автордун "Кызыл туу" деген ырларына хор үчүн музыка жазат. Бул кезде көп үн менен ырдоо (хор) элдин маанайын көтөрүү үчүн, Лениндин, Октябрдын идеяларын таасирдүү жеткирүү үчүн зарыл болгон. "Кыз бурак", "Кызыл атчандар" деген хорлору жазылып, дароо эле студенттер тарабынан аткарылат. Окуу жайдын директору Петр Юдахин жана окуу бөлүмүн жетектеген Базаркул Данияров абдан прогрессивдүү кишилер болгон. Студенттердин музыкалык-хор студиясын ачат, ага обончу, ырчы Абдылас Малдыбаев, акын-жазуучу, кийин согуштан кайтпай калган Жума Жамгырчиев, окууну бүтүп ошол эле жерде мугалим болгон Төлөнбай Данияров, Аккагаз Арабаева, Айшакан Түмөнбаева ж.б. катышкан. Ошол кезде "Кошчу" союзунун театры ачылган экен, Абдылас хордун негизги солисти болгон. Катышуучулар майрамдарда же дем алыштарда төлөмөр билет чыгарып сатып, мамлекеттик жетекчилерди (Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Турдалы Токбаев, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Сатар Кулматов, Абдыкадыр Орозбеков, Таш Кудайбергенов, Нуркул Кулназаров ж.б.) өздөрүнүн концерттерине чакырып турган. Ал кезде жаңы советтик жаштардын көңүл ачар жери, үгүт жүргүзөр аянтчасы мына ушул педтехникумдун иш-чаралары гана болгон. Окууну бүткөн кезде (1930-жылы) ошол студенттердин бир тобун, мисалы, жаш куудул Мукай Элебаевди, пьеса жазып жүргөн Ташым Байжиевди Кыргыз драма театрына иштөөгө чакырылышы да алардын кандай популярдуу болгонун тастыктайт. 1926-1930-жылдарда Фрунзедеги педагогикалык техникумда студенттерди ар тараптуу тарбиялаган экен, болбосо айылдардан эми гана кат-сабатын жоюп келген балдар педагогикалык адистик боюнча кетиши керек эле, окуу жайы ар кимдин шыгын тапкан, бирөө (Гапар Айтиев) сүрөт менен кетсе, дагы бирөө музыка (Абдылас Малдыбаев) жаатына кетти.
Алгачкы иштеген жумуш орундары. Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуп жаткандарды, же болбосо эми гана бүткөндөрдү борбор калаада жаңыдан ачылып жаткан маданий мекемелер, гезит-журнал редакциялары, билим берүү мекемелери дароо жумушка алчу. Себеби ал кезде мындай даражалуу билим алган советтик жаштар таңсык эле. Ташкенттен, Алма-Атадан окуп келген айрым жаштар мамлекеттик кызматтарга, техникумдарга кызматка кирчү. Абдылас Малдыбаев 1929-жылы окуусун бүтүп-бүтпөй эле Кыргыз музыкалык-драмалык студиясына мугалим болуп кирип, окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын да аркалайт. Ага чейин деле студия менен иштешип жүргөн. 1926-жылы 11-октябрда Кыробком ВКП (б) сахнада иштей турган кадрларды даярдоо үчүн улуттук студия ачуу тууралуу токтом кабыл алган эле. Дал ошол студия азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын башаты болгон. 1930-жылы 7-ноябрда Улуттук музыкалык-драмалык студия Кыргыз мамлекеттик театры болуп кайра түзүлөт. Ошол студия, азыр ойлоп отурсак, абдан чоң иш жасаптыр: 1927-жылы 18-мартта "Молдо Насирдин" спекталинин таанытымын өткөрүптүр. Ошол жылы жайында Каракол кантонуна, Токмок шаарына гастролго барыптыр. Жалпы студия өзүнүн үч жылдык тарыхында (1927-1930) 87 спектакль көрсөтүптүр (анын 23ү акысыз коюлган). Аларды өкмөт ар кандай иш-чараларга катыштырып турган. 14 пьесаны кыргыз тилинде даярдаган жана кыргыз драматургиясынын калыптанышына да салым кошкон. Мына ушул иштердин борбордук фигурасы Абдылас Малдыбаев эле. 1930-жылы аны Фрунзеде ачылган Кыргыз музыкалык техникумуна директор кылып дайындашат. Ал жерде 1933-жылга дейре иштейт. Же профессионал музыкант кадрлар жок, нота билгендер андан бетер жок, европалык музыкалык билимдүүлөр мындан бетер жок, сахнага эч ким чыгып көрбөгөн, оркестр деген түшкө кирбеген, жөн гана айылдык таза үн бар, комуз бар, кыяк бар, эң негизгиси, дымак бар. Мына ошол дымактуулардын башында ушул Абдылас Малдыбаев турган.
Затаевич менен жолугушуу. Атактуу музыкантты 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссариатынын төрагасы Жусуп Абдрахманов жеке өзү демилге көтөрүп, кийинки жылы алдырып келген, анын келиши менен Жусуп Абдрахманов жер-жердеги бийлик башчыларына таланттарды таап келүүгө катуу тапшырма берген. Анан Александр Затаевич 1928-жылы сентябрь айында Эл агартуу комиссариатынын (комиссар Касым Тыныстанов) чакыруусу боюнча Фрунзеге келет да, дароо жазуу иштерин баштайт. Ошол келишинде Затаевич ачарчылыкка, жугуштуу оорунун каптап турганына, суукка карабай Фрунзенин Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан бир үйдө отуруп Муратаалы Күрөңкөевден, Карамолдо Орозовдон, Токтогул Сатылгановдон ыр-күүлөрдү жаздырып алган, нотага түшүргөн, арасында жаш композитор Абдылас Малдыбаев да болгон. Кийин экинчи жолу үч жылдан кийин Фрунзеге келип, таланттардан 170 ыр-күү жазып алган. Ошондо ал Малдыбаевдин "Кызыл жоолукчан", "Тилек", "Күн бүгүн", дагы башка он ырын фортепиано үчүн иштеп чыккан. Мына ушул нотага түшкөн ырлары анын эмгектерин европалыктарга таратты, түбөлүккө калтырды. Ушул ноталар кыргыз профессионал музыканттарын үйрөтүүдө, даярдоодо эбегейсиз чоң мааниге ээ болгон. Анын эки келиштеги жыйнаган материалдары 1971-жылы Москвадан "Киргизские инструментальные пьесы и напевы" деген ат менен басылып чыккан. Александр Затаевич кыргыздын жаш композитору Абдылас Малдыбаевдин жолун ачып, анын чоң музыкант болоруна ишеним артса, кыргыздын жаш жигити атактуу музыка таануучуну устатым деп эсептей баштаган.
Таланттары менен тааныла баштаган 30-жылдар. XX кылымдын 30-жылдары кыргыз музыкалык маданияты, драма театрлары үчүн өзгөчө бир кылымга бергис жылдар болгон. 1928-жылы Кыргыз ССРине дирижер жана композитор Петр Шубин келет. Ал Кыргыз музыкалык техникумуна окутуучу болуп кирип (директору А.Малдыбаев), Аскар Түлеев, Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев ж.б. алгачкы улуттук композиторлорду тарбиялашат. Петр Шубин 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына дирижер жана композитор катары чакырылып, Абдылас Малдыбаев менен бирге Касымалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасы боюнча коюлган спектаклдин музыкасын жазышат. Ушул жылдарда эң чоң милдет – ансамбль жана оркестр түзүү эле. Кыргыз таланттары комуздун коштоосунда ырдап, кыл кыяк менен күү чертип, аларды бириктирип бир күүгө, бир үнгө келтирүүнү билген эмес. Петр Шубин жергиликтүү кадр Абдылас Малдыбаевдин жардамы менен 1936-жылы Кыргыз эл аспаптар оркестрин уюштурат. Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Калык Акиев, Молдобасан Мусулманкулов, Алымкул Үсөнбаев, Шаршен Термечиков, Атай Огомбаев, Муса Баетов, Осмонкул Бөлөбалаев, Сейит Бекмуратов сымал 32 музыкант бирдей ыргакта күү чертип, бирдей отуруп-туруп, бирдей саламдашып, муну көрүп-билбеген кыргыздар үчүн өзүнчө эле керемет болгон. 30-жылдардагы колхоз курулушу, жаңы турмуш ыргактары анын обондору менен айкалышып, "Акинай", "Кызыл жоолукчан", "Өмүр", "Забойщиктер" деген чыгармалары ар бир концертте ырдалып, ар бир үйдө жаңырып турат.
Сахнада да роль ойногон. Абдылас Малдыбаев ырчы катары гана эмес, драмалык театрда актер катары да образдарды жараткан, ал жылдарда эл аралап оюндарды койгон. Актер катары билими жана тажрыйбасы жок кезде эле бир аткаруучу ооруп калып, анын ордуна Николай Гоголдун "Ревизор", Дмитрий Фурмановдун "Козголоң" драмаларында, Райкан Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасов" комедиясында роль жараткан. Атүгүл Жоомарт Бөкөнбаевдин эпикалык масштабдагы "Алтын кыз", Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" драмаларын сахналаштырганда да роль аткарат. Александр Пушкиндин "Евгений Онегини" боюнча оюнда Ленскийди ойногон.
Токомбаев — Малдыбаев тандеми. Жакшы обон чыгаруу үчүн жакшы текст керек. Бул жагынан XX кылымдан 30-жылдарынан башталган акын Аалы Токомбаев менен обончу-композитор Абдылас Малдыбаевдин биргелешип иштөөсү азырга чейин аңыз болуп айтылып келет. Экөөнүн "Күн бүгүн" (1932), "Кимге айтам?", "Биздин даңктуу партия" (1954), "Кечирчи" (1944), "Китеп" (1957), "Дүрдана" (1959), "Ал – Ленин" (1969), "Родина – эне" (1971), "Тельман" (1975), "Мына бул туу" (1975) деген ж.б. чыгармалары көптөгөн жылдар бою ырдалып келет. Бул чыгармаларды аткарып далай ырчы сый-урматка жетти. Малдыбаев 30-50-жылдарда кыргыз композиторлорунан биринчи орунда турса, Аалы Токомбаев акындардын алды эле, бири Композиторлор союзунун төрагасы болсо, бири Жазуучулар союзунун башчысы катары республикалык ар кандай маселелерди чечүүгө киришкен. Андан да маанилүүсү — экөө жүздөй чыгарманы биримдикте иштеп, мурас кылып калтырган.
Көп кырдуу талант. Биринчилик. Биринчи жолу музыкалык билим берүүгө, эл аспаптарынан (комуз, кыл кыяк, кыяк, ооз комуз, темир комуз, чоор ж.б.) оркестр түзүүгө катышкан. 1936-жылы Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев жазган чыгармалардын либреттолоруна таянып, Москвадан келген композиторлор Владимир Власов жана Владимир Фере менен өнөктөшүп "Айчүрөк" операсын, пьесалардын негизинде "Ажал ордуна", "Алтын кыз" музыкалык драмаларын өнөктөштүктө жазган. Кыргыз композитору бул чыгармаларга улуттук колорит, кыргыздын рухун киргизген, элдик ыр-күүлөрдү пайдаланган. Бул чыгармалар 1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүндө СССРдин жетекчилери жана адистер тарабынан жогору бааланган, атүгүл Иосиф Сталин өзү кол чапкан. Жыйынтыгында Кыргыз ССРинде гана эмес, ошол кездеги союздук республикалардын ичинен Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти деген эң жогорку наамды алат. 33 гана жаштагы жигит үчүн, ал гана эмес, бүт Кыргызстан үчүн бул аябагандай чоң урмат эле. Өз кезегинде "Малдыбаев – ырчы", "Малдыбаев – актер", "Малдыбаев – композитор", "Малдыбаев – директор", "Малдыбаев – педагог" деген сөздөр кеңири тарап, бул кишинин талантынын масштабдуулугун айгинелеген. Абдылас Малдыбаев — ыр, романс, хор, кантата, оратория, музыкалык комедия, музыкалык драма, опера сыяктуу жанрлардын баарында чыгарма жазган универсалдуу талант. 1954-жылы Улуттук опера жана балет театры ачылганда Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликовго либреттосун жаздырып "Манас" операсынын музыкасын иштеп чыккан. Чынында бул өтө чоң эмгек болгон. Ал 300дөн ашык музыкалык чыгарма жазган, авторлош болгон, 13ү чоң опера эле. Мындай көрүнүш дүйнөдө сейрек кездешет. Узак жылдар бою (1939-1967) Кыргыз ССРинин композиторлор союзун башкарган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын алгачкы лауреаты ("Манас" операсынын музыкасы үчүн). СССР Жогорку Советинин 1-чакырылышынын, Кыргыз ССРинин 2-4-чакырылыштарынын депутаты болгон. Азыр Бишкек шаарындагы эң мыкты салынган жана көптөгөн артисттерди тарбиялаган Опера жана балет театры Абдылас Малдыбаевдин атында. Туулган жерине эстелиги орнотулган, ысымы мектепке, көчөгө ыйгарылып, элеси улуттук валютага түшүрүлгөн.
Жары Батина Малдыбаева. Көп жылдар драмалык театрда актриса болуп иштеди. Киного да тартылган ("Алымкан" телефильми Макмалдын ролу, 1965). Экөөнүн эки кыз, эки уулу бар. Эркектердин улуусу Абылхайды комиссия келип, балетке бийлейт деп Ленинград шаарына алып кетишкен, бирок ал бала окубай качып келгенде атасы "мындан музыкант чыкпайт экен деп", куруучулук кесипке окуткан. Кыздардын улуусу Толкун – пианист, Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайын аяктап, Петр Шубин атындагы музыкалык мектепте сабак берип жүрдү. Уулу Болот Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн, хор багыты боюнча таанымал адис, филармонияда, Кыз-келиндер педагогика институтунда иштеген. Экинчи кызы Жылдыз атасынын кырк жашында, 1946-жылы, көргөн эркеси, ал да бир туугандары окуган окуу жайынан окуп келген. Көп жыл азыркы И.Арабаев атындагы университетте иштеди, профессор, композитор, КР эл артисти. Малдыбаевдер (Абдылас, Болот, Жылдыз) музыка боюнча мектептер үчүн окуу китептеринин авторлору катары да кийинки муунду эстетикалык тарбиялоо багытында чоң иштерди кылды.