https://sputnik.kg/20260709/1102322884.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Муниципалитет Бишкекке ар аймактан келгендерди коомдук транспортко отургузууну көздөөдө. Бул үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана "Бишкек... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-09T15:00+0600
2026-07-09T15:00+0600
2026-07-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102322718_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_601997a40416a5572c9ba0b996fcbaa6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Муниципалитет Бишкекке ар аймактан келгендерди коомдук транспортко отургузууну көздөөдө. Бул үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана "Бишкек автобекети" ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырган. Демилгеге ылайык, борбор калаага келгендер унаасын автобекеттин аймагына калтырып, шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Мындай картаны колдонуу ыктыярдуу болору айтылды.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) үйлөрүндө автоунаа кое турган аянттардын жоктугуна түшүндүрмө берди. Ал МИК калктын аялуу катмарына турак жай курчу социалдык долбоор деп, батир аталган программа боюнча 25 жылга бөлүп төлөө шарты менен берилерин эске салды. "Бардыгыбыз эле машина менен жүргүбүз келет. Келгиле, алгач кредитти төлөйлү, машинаны андан соң сатып алалы. Кандай дейсиздер?" — деп журналисттердин суроолоруна жооп берген. Эскерте кетсек, Орунтаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге бир күндүк иш күнүн көрсөтүп жүрөт.
"Кыргызстан аэропорттору" Asman Airlines компаниясынын Раззаков шаарына багыт алган учагы орто жолдон эмне себептен кайтканын түшүндүрдү. Маалыматта аба кемеси асманга көтөрүлгөндөн кийин экипаж жабдуудан мүчүлүштүк кеткенин каттаган. Мындай учурда, эрежеге ылайык, стандарттуу процедуралар жүрүшү керек. "Авиакомпания менен "Манас" аэропортунун бардык кызматтары тиешелүү шарт-талапка ылайык иштеди. Аба майданы техникалык индикация маалында керектүү кызматтарды дароо даярдап берген", — деп айтылат кабарда. Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкектен Баткенге жол алган учак кайра кайтып келүүгө аргасыз болгон. Аны учуп-конуу тилкесинен сүйрөтүп чыгышкан.
Дүйнөдөгү азыркы адаттан тышкаркы аптап жаратылыштан жана Күн планетасынын өзүнөн эмес, адамдардын жасаган иштеринин кесепетинен болууда. Техас технологиялык университетинин профессору, климатты изилдеген окумуштуу Кэтрин Хэйхо РИА Новости менен сүйлөшкөндө айтып берген. "Жерде ысык адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен күчөп жатат, буга адамзат өзүбүз күнөөлүбүз. Тагыраагы, глобалдуу жылуулуктун үчтөн бири парник газдарына байланыштуу, калган чейреги токойлорду кыюудан, жерди, сууну, жаратылышты ысырапчылык менен колдонуудан болууда", — деген окумуштуу. Бул ыкма кыска мөөнөттө көп түшүм алууну көздөйт, бирок узак мөөнөттө айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирет. Хэйхонун айтымында, азыркы мээ кайнаткан ысыкты табигый факторлорго — Күндүн активдүү болушуна же жанар тоонун атылышына шылтоо туура эмес. Тескерисинче, эгерде табияттын себептерин алсак, анда Жер азыркысынан алда канча салкыныраак болмок. Климатолог адамзат бул көйгөйдү чече аларын айтты. Таза энергетикага баш коюп, айыл чарбасын туура иштетип, тагыраагы, жерди, сууну, жаратылышты сарамжал колдонуп жана табиятка инвестиция салып, кам көрүү зарыл. Акыркы учурда Кыргызстанда да, дүйнөнүн башка арбын жерлеринде да күн катуу ысып жатат.
Муниципалитет Бишкекке ар аймактан келгендерди коомдук транспортко отургузууну көздөөдө. Бул үчүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекетинде жана "Бишкек автобекети" ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырган. Демилгеге ылайык, борбор калаага келгендер унаасын автобекеттин аймагына калтырып, шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Мындай картаны колдонуу ыктыярдуу болору айтылды.Курулуш министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) үйлөрүндө автоунаа кое турган аянттардын жоктугуна түшүндүрмө берди. Ал МИК калктын аялуу катмарына турак жай курчу социалдык долбоор деп, батир аталган программа боюнча 25 жылга бөлүп төлөө шарты менен берилерин эске салды. "Бардыгыбыз эле машина менен жүргүбүз келет. Келгиле, алгач кредитти төлөйлү, машинаны андан соң сатып алалы. Кандай дейсиздер?" — деп журналисттердин суроолоруна жооп берген. Эскерте кетсек, Орунтаев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге бир күндүк иш күнүн көрсөтүп жүрөт."Кыргызстан аэропорттору" Asman Airlines компаниясынын Раззаков шаарына багыт алган учагы орто жолдон эмне себептен кайтканын түшүндүрдү. Маалыматта аба кемеси асманга көтөрүлгөндөн кийин экипаж жабдуудан мүчүлүштүк кеткенин каттаган. Мындай учурда, эрежеге ылайык, стандарттуу процедуралар жүрүшү керек. "Авиакомпания менен "Манас" аэропортунун бардык кызматтары тиешелүү шарт-талапка ылайык иштеди. Аба майданы техникалык индикация маалында керектүү кызматтарды дароо даярдап берген", — деп айтылат кабарда. Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкектен Баткенге жол алган учак кайра кайтып келүүгө аргасыз болгон. Аны учуп-конуу тилкесинен сүйрөтүп чыгышкан. Дүйнөдөгү азыркы адаттан тышкаркы аптап жаратылыштан жана Күн планетасынын өзүнөн эмес, адамдардын жасаган иштеринин кесепетинен болууда. Техас технологиялык университетинин профессору, климатты изилдеген окумуштуу Кэтрин Хэйхо РИА Новости менен сүйлөшкөндө айтып берген. "Жерде ысык адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй тездик менен күчөп жатат, буга адамзат өзүбүз күнөөлүбүз. Тагыраагы, глобалдуу жылуулуктун үчтөн бири парник газдарына байланыштуу, калган чейреги токойлорду кыюудан, жерди, сууну, жаратылышты ысырапчылык менен колдонуудан болууда", — деген окумуштуу. Бул ыкма кыска мөөнөттө көп түшүм алууну көздөйт, бирок узак мөөнөттө айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирет. Хэйхонун айтымында, азыркы мээ кайнаткан ысыкты табигый факторлорго — Күндүн активдүү болушуна же жанар тоонун атылышына шылтоо туура эмес. Тескерисинче, эгерде табияттын себептерин алсак, анда Жер азыркысынан алда канча салкыныраак болмок. Климатолог адамзат бул көйгөйдү чече аларын айтты. Таза энергетикага баш коюп, айыл чарбасын туура иштетип, тагыраагы, жерди, сууну, жаратылышты сарамжал колдонуп жана табиятка инвестиция салып, кам көрүү зарыл. Акыркы учурда Кыргызстанда да, дүйнөнүн башка арбын жерлеринде да күн катуу ысып жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102322718_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_24b857b0e5f2006ff889018b174e9a48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио