00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:04
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кызыл-Кыя шаарында курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен "Асыл Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы ишканасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Долбоордун алкагында шаардык мэрия тарабынан жеке ишкерге 0,4 гектар муниципалдык жер аянты даяр өндүрүштүк имараты менен кошо ижарага берилген. Жеке инвестор тарабынан түзүлгөн базага 13,1 млн сом инвестиция тартылып, зарыл болгон жабдуулардын бардыгы орнотулду. Учурда сыноо иретинде алгачкы продукциялар чыгарыла баштады. Ишкана толук ишке киргенде күнүнө 60-70 тонна курулуш материалдарын чыгарылып, жергиликтүү тургундар үчүн 15 жаңы жумуш орду түзүлөт. Белгиленгендей, жаңы өндүрүштү үстүбүздөгү жылдын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.
Бүгүн Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборунун жети адамдан турган делегациясы келди. Институттун маалыматына ылайык, делегация Борбор Азиядагы “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча аймактык системаны чыңдоо” жана “Борбор Азиядагы шаарлардын кырсыктарга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу” долбоорлорунун алкагында аймактык миссияны жүргүзүшөт. Иш сапардын негизги максаты – Кыргызстандын илимий жана техникалык мекемелери менен сейсмикалык коркунучтарды баалоо жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир катар маселелерди талкуулап, консультацияларды өткөрүү.
Ленинское айылынын аймагындагы Аламүдүн дарыясын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бул иш-чараларды Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) жана Достук айыл өкмөтү биргеликте жүргүзүүдө. "Аламүдүн дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, ташталган тиричилик калдыктары агын суу менен келип жээк бойлоруна, ошондой эле нуктун айрым тилкелерине топтолуп калган", — деп айтылат маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамптын Patriot ракетасын өндүрүүгө лицензия берүү менен Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөнтүү аракети майнапсыз болуп, Вашингтондун өзүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Responsible Statecraft жазды. Басылма украиналыктар аны өз убагында куруп жетишпейт деген пикирде. Автордун айтымында, АКШ бийлиги чечиминин кесепетин түшүнсө, андан баш тартышы мүмкүн. Шаршемби күнү АКШ президенти Анкарада өткөн саммиттин алкагында Киев режиминин жетекчиси менен жолуккан. Анда америкалык лидер Украина Patriot системаларын өндүрүү үчүн лицензия ала аларын айткан. Москва Киевди курал-жарак менен камсыздоо атайын операциянын нугун өзгөртө албай турганын, тескерисинче, жаңжалды создуктурарын айтып келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров мындай жүктөр россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0