https://sputnik.kg/20260709/1102320117.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бийлик суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга алдыдагы тогуз жылга 405,7 миллиард сом бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-09T13:00+0600
2026-07-09T13:00+0600
2026-07-09T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102319951_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1be762cfd715eab71b87019364fbeea2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бийлик суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга алдыдагы тогуз жылга 405,7 миллиард сом бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматта ведомство 2035-жылга чейинки программа даярдаганы айтылат. Ага ылайык, бул мезгилде суу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун кеминде 20 пайызга жогорулатуу пландалууда. Программада 190 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүү каралган. Мындан тышкары, 650 миң гектар жердин суу менен камсыз болушун жакшыртуу жана 150 миң гектар аянтка суу үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу мерчемделип жатат.
Түндүк – Түштүк альтернативдүү (Балыкчы — Манас) жолунун 318-чакырымында жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу жайы ишке кирди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Туннелдин зундугу — 3 890 метр. "Төлөм которуу менен (накталай эмес) гана жүргүзүлөт. Айдоочулар QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттарын колдонушу керек. Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасы өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. "Көк-Арт" Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели деп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. Министрлик түшкөн акча кайда жумшаларын да айтты. "Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннель күнү-түнү жарык болуп, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугунун жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл", — деп түшүндүрүштү.Жеңил автоунаалар үчүн жол акысы 100 сом, ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик жеңил унаалар үчүн 200 сомду түзөт.
Asman Airlines компаниясынын Бишкектен Раззаков шаарына багыт алган учагы кайра келип конгонун "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти. Маалыматта учак техникалык себептерден улам кайтканы айтылат. Аба кемеси аман-эсен конгон, аны учуп-конуу тилкесинен сүйрөтүп чыгышкан. Компания кошумча маалымат берилерин айтты.
АКШ түндө Ирандын аймагына ракеталарын кайрадан кое берип, жаңы чабуул жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Чет элдик ЖМКлардын жазганына таянсак, Кошмо Штаттардын авиациясы 90 жерге сокку урган. АКШнын президенти Дональд Трамп бул кадам Тегерандын Ормуз кысыгында турган коммерциялык кемелерге жасаган чабуулуна жооп иретинде жасалганын билдирген. Андан сырткары, мындай нерселер кайра кайталанса жооп катуу болорун эскерткен. Axios басылмасы радиолокациялык станциялар жана абадан кол салганда коргонуучу түзүмдөр да талкаланганын жазды. Иран медиалары Жаск шаарында, Абу-Муса, Чабахар аралдарында, андан сырткары, Бушер АЭСине жакын жерде жарылуулар болгонун кабарлады. Ислам революциясынын коргоочулар корпусунан Кувейт менен Бахрейндеги америкалык аскердик жайларга жооптор болорун айтышты. Кувейт бийлиги абадан кол салуудан коргонгон системалар иштеп жатканын билдирген. Ал эми Бахрейнде коопсуздук тууралуу билдирүүлөр улам-улам айгай менен жаңырууда. Тараптардын чабуулдан тарткан зыяны азырынчы тактала элек дешти.
Бийлик суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртууга алдыдагы тогуз жылга 405,7 миллиард сом бөлүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматта ведомство 2035-жылга чейинки программа даярдаганы айтылат. Ага ылайык, бул мезгилде суу жана жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун кеминде 20 пайызга жогорулатуу пландалууда. Программада 190 миң гектар жаңы сугат жерин ишке киргизүү каралган. Мындан тышкары, 650 миң гектар жердин суу менен камсыз болушун жакшыртуу жана 150 миң гектар аянтка суу үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу мерчемделип жатат. Түндүк – Түштүк альтернативдүү (Балыкчы — Манас) жолунун 318-чакырымында жайгашкан "Көк-Арт" төлөм алуу жайы ишке кирди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Туннелдин зундугу — 3 890 метр. "Төлөм которуу менен (накталай эмес) гана жүргүзүлөт. Айдоочулар QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттарын колдонушу керек. Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасы өлкөбүздүн маанилүү стратегиялык жолдорунун бири. "Көк-Арт" Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели деп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. Министрлик түшкөн акча кайда жумшаларын да айтты. "Мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлеп туруу чоң чыгымды талап кылат. Туннель күнү-түнү жарык болуп, желдетүү системалары, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугунун жабдуулары, авариялык байланыш каражаттары жана башка инженердик системалар үзгүлтүксүз иштеп турушу зарыл", — деп түшүндүрүштү.Жеңил автоунаалар үчүн жол акысы 100 сом, ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик жеңил унаалар үчүн 200 сомду түзөт. Asman Airlines компаниясынын Бишкектен Раззаков шаарына багыт алган учагы кайра келип конгонун "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти. Маалыматта учак техникалык себептерден улам кайтканы айтылат. Аба кемеси аман-эсен конгон, аны учуп-конуу тилкесинен сүйрөтүп чыгышкан. Компания кошумча маалымат берилерин айтты. АКШ түндө Ирандын аймагына ракеталарын кайрадан кое берип, жаңы чабуул жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Чет элдик ЖМКлардын жазганына таянсак, Кошмо Штаттардын авиациясы 90 жерге сокку урган. АКШнын президенти Дональд Трамп бул кадам Тегерандын Ормуз кысыгында турган коммерциялык кемелерге жасаган чабуулуна жооп иретинде жасалганын билдирген. Андан сырткары, мындай нерселер кайра кайталанса жооп катуу болорун эскерткен. Axios басылмасы радиолокациялык станциялар жана абадан кол салганда коргонуучу түзүмдөр да талкаланганын жазды. Иран медиалары Жаск шаарында, Абу-Муса, Чабахар аралдарында, андан сырткары, Бушер АЭСине жакын жерде жарылуулар болгонун кабарлады. Ислам революциясынын коргоочулар корпусунан Кувейт менен Бахрейндеги америкалык аскердик жайларга жооптор болорун айтышты. Кувейт бийлиги абадан кол салуудан коргонгон системалар иштеп жатканын билдирген. Ал эми Бахрейнде коопсуздук тууралуу билдирүүлөр улам-улам айгай менен жаңырууда. Тараптардын чабуулдан тарткан зыяны азырынчы тактала элек дешти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102319951_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ba0181e532666a43ac97dccbd23547d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио