https://sputnik.kg/20260709/1102325232.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш министри Нурдан Орунтаев президенттин үй-бүлөсүнөн эч ким менен тааныштыгы жок экенин билдирди. Аткаминер учурда "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-09T17:00+0600
2026-07-09T17:00+0600
2026-07-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102325066_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_99a3a228bc52709ea86547c21b706ae6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш министри Нурдан Орунтаев президенттин үй-бүлөсүнөн эч ким менен тааныштыгы жок экенин билдирди. Аткаминер учурда "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттер менен жүрөт. Ага өлкө башчы Садыр Жапаровдун уулу менен достугу тууралуу суроо узатылган. Орунтаев ИИМ академиясын бүтүрүп, милицияда кызмат өтөгөнүн, кийин мэрияда иштегенин эске салган. "Президенттин уулу менен эч кандай байланышым жок, анын үй-бүлө мүчөлөрүн тааныбайм. Буга чейин башка адамдар сыяктуу эле укук коргоо органдарында иштегем. Мэрияга келгенде чакан департаментти жетектегем. Балким, жетекчилик жакшы жүргөн кадр саясатынын негизинде же белгилүү бир эмгектерим үчүн азыркы кызматка дайындагандыр. Бирок менин президент менен туугандык же достук байланышым жок. Анын кабыл алуусуна жыйындарда гана кирем", — деди Орунтаев.
Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалымдалгандай, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз аракеттерди көрүп, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенип келишкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти зордук-зомбулук менен тартып алууга ачык чакырыктар"), 331-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") жана 332-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыш иши козголгон. "Иштин алкагында уюмдун 12 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада "Хизб ут-Тахрирге" тиешелүү диний адабияттар, DVD-дисктер, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (дрон), акча каражаттары, ошондой эле "ИЖ 37", "Байкал МР-651 КС" жана "Синза" үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылды", — деп айтылат маалыматта. Учурда бул кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Борбор калаада Тез жардам кызматынын автоунаасы жеңил машина менен сүзүштү. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти. Кырсык бүгүн саат 10:40 чамасында Щербаков менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктердин машинасынын айдоочусу менен анын ичиндеги дарыгердин мээси чайкалып, башынан жаракат алышкан. Экөө тең Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.
ЕАЭБ өлкөлөрү өндүргөн товарларды маркетплейстер аркылуу Монголия, Индия, Кытай жана КМШ мамлекеттерине сатуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Маселе ЕЭК менен электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү тарабынан талкууланган. "Чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мында биздин маркетплейстер же тышкы рынокко чыгышы ыктымал, же аянтчалар ортосундагы өнөктөштүк схемасы колдонулушу мүмкүн", — деди ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев президенттин үй-бүлөсүнөн эч ким менен тааныштыгы жок экенин билдирди. Аткаминер учурда "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттер менен жүрөт. Ага өлкө башчы Садыр Жапаровдун уулу менен достугу тууралуу суроо узатылган. Орунтаев ИИМ академиясын бүтүрүп, милицияда кызмат өтөгөнүн, кийин мэрияда иштегенин эске салган. "Президенттин уулу менен эч кандай байланышым жок, анын үй-бүлө мүчөлөрүн тааныбайм. Буга чейин башка адамдар сыяктуу эле укук коргоо органдарында иштегем. Мэрияга келгенде чакан департаментти жетектегем. Балким, жетекчилик жакшы жүргөн кадр саясатынын негизинде же белгилүү бир эмгектерим үчүн азыркы кызматка дайындагандыр. Бирок менин президент менен туугандык же достук байланышым жок. Анын кабыл алуусуна жыйындарда гана кирем", — деди Орунтаев.Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Хизб ут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалымдалгандай, кармалган адамдар экстремисттик идеологияны жайылтууга багытталган мыйзамсыз аракеттерди көрүп, ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды даярдоо жана таратуу менен алектенип келишкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти зордук-зомбулук менен тартып алууга ачык чакырыктар"), 331-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") жана 332-беренесинин 2-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыш иши козголгон. "Иштин алкагында уюмдун 12 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада "Хизб ут-Тахрирге" тиешелүү диний адабияттар, DVD-дисктер, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбук, учкучсуз учуучу аппарат (дрон), акча каражаттары, ошондой эле "ИЖ 37", "Байкал МР-651 КС" жана "Синза" үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчалар табылды", — деп айтылат маалыматта. Учурда бул кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Борбор калаада Тез жардам кызматынын автоунаасы жеңил машина менен сүзүштү. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти. Кырсык бүгүн саат 10:40 чамасында Щербаков менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктердин машинасынын айдоочусу менен анын ичиндеги дарыгердин мээси чайкалып, башынан жаракат алышкан. Экөө тең Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылган.ЕАЭБ өлкөлөрү өндүргөн товарларды маркетплейстер аркылуу Монголия, Индия, Кытай жана КМШ мамлекеттерине сатуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Маселе ЕЭК менен электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү тарабынан талкууланган. "Чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мында биздин маркетплейстер же тышкы рынокко чыгышы ыктымал, же аянтчалар ортосундагы өнөктөштүк схемасы колдонулушу мүмкүн", — деди ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/09/1102325066_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e31f92489e421c6e36cda4be858618c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио