00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Жашыл энергетика жана илим: ШКУга мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин форуму Бишкекке эмне берди?
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Быйылкы жылы жалпы кубаттуулугу 81 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке берүү пландалса, бүгүнкү күндө алардын үчөө ишке киргизилди. Бул тууралуу ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Ишке берилген станциялардын катарында Сокулук-3, Туюк жана Кайнама-2 ГЭСтери бар. Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү иштери акыркы жылдары абдан активдүү жүрүүдө. 2021–2025-жылдар аралыгында республика боюнча жалпы 27 чакан ГЭС ишке берилип, алардын жалпы кубаттуулугу 109,75 МВтты түздү. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп, айрыкча 2024–2025-жылдары кубаттуулуктун кескин көбөйгөнү байкалат. Мындан тышкары, 2027–2030-жылдар аралыгында дагы 37 чакан ГЭСти куруу мерчемделүүдө.
Кыргызстандын аймагында жалпы 540 объектиде активдүү курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен быйылкы жылы 200гө жакын объекти ишке бериши керек. "Бардык курулуш объектилеринде видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулгандыктан, жерине барып текшерүү иштерин жүргүзүүгө чоң зарылчылык жок. Негизинен курулушта атайын инспекторлор иштеп, алар жеринен көзөмөлдөп турат. Курулуш объектилеринде орнотулган камераларды үзгүлтүксүз карап турганга аракет кылам",- деди Орунтаев. Ал ошондой эле учурда президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 чоң мектеп курулуп жатканын өз сөзүндө белгиледи. Бул мектептер быйылкы окуу жылына карата ишке берилет.
Анкарада өткөн саммитте НАТО боюнча союздаштар буга чейинки пикир келишпестиктерин чечип, жалпы бир макулдашууга келе алган жок. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтты. Эске салсак, Түркиянын борборуна НАТО мамлекеттеринин жетекчилери жана өкмөт башчылары жыйынга чогулган. "Түндүк атлантикалык блоктун башкы катчысы Марк Рютте биримдиктин тарыхындагы доордун эсте кала тургандай саммити кылып уюштурууга канчалык аракет кылбасын, андан эч нерсе чыккан жок. Суудан кургак чыгат деп айтылып жүргөн баш катчынын бир жерден чыкпай калган НАТОчулардын пикирин жасап-түзөп жиберем деген ортомчулук таланты жардам берген жок", — деп айтты дипломат. Захарованын айтымында, аталган альянстын мүчөлөрүнүн ортосунда кеткен жарака ошол бойдон калды.
Иран АКШ менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр кайтадан, жаңыланып жүргүзүлбөйт. Бул туурасында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп журналисттерге айтты. "Бул нерселерди кайрадан баштайбыз деп ойлобойм”, — деген Трамп. Тегеран чечимге АКШ президентинин коркутуулары жана Вашингтондун милдеттенмелерин бузганы себеп болгонун айтууда. Ошондой эле аскердик агрессия жасалса, жообу катуу болорун эскертти. Буга чейин Трамп Иран менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу режими күчүн жоготконун билдирген. Шаршембиге караган түнү АКШ Иранга сокку урган. Иран ЖМКларынын айтымында, жардыруулар Сирик, Абендер-Аббас шаарларында жана Кешм аралында болгон. Пентагон бул кадам Тегерандын Ормуз кысыгында турган коммерциялык кемелерге жасаган чабуулуна жооп иретинде жасалганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0