https://sputnik.kg/20260703/1102214128.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи... 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T11:00+0600
2026-07-03T11:00+0600
2026-07-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102213962_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0bdf0867e1114c16dcfb25c18bdfa990.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди.Анын айтымында, товардын сапаты, баасы, логистика боюнча маселелер каралууда.“Учурда бизге сунушталган баа ар түрдүү. Бирок май кымбат болгон күндө да биздин рынокто болушу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Нефтетрейдерлер өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн баадан жогору алып келсе, өкмөт нефтетрейдерлерге субсидиялап берет. Буга атайын каражат каралган”, – деди Керимов. Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Негизсиз жогорулатуулар болсо айып пулга жыгылат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 1-июль күнү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн Ысык-Көл районундагы абалды жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, министр облус жетекчиси Бакытбек Жетигенов, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой каналын, ошондой эле суу каптоо коркунучу жогору болгон башка кооптуу тилкелерди кыдырып чыкты. "Жумушчу сапардын алкагында табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кайталануу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленди", - деп айтылат маалыматта.Канатбек Чыныбаев сел калдыктарын тазалоо, жээктерди бекемдөө жана алдын алуу иштерин кечиктирбей, ыкчам түрдө жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды койду.
Таласта сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери 10 күндөн бери уланууда.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө-куткаруу иштерине 25 адам тартылды.Азыр дарыяда суу абдан көп болуп жаткандыктан, издөө иштери бир аз жайлады. Суунун деңгээли түшөрү менен издөө кайрадан активдүү фазага өтөт. Эске салсак, 23-июнда Чоң-Токой айылынын 15 жаштагы тургуну Баэл Тимур уулу Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар аны күн сайын издеп келишет.
АКШ Иранга Ормуз кысыгын көзөмөлдөөнү токтотсо тоңдурулган активдердин бир бөлүгүн кайтарып берүүнү сунуштап жатканын Wall Street Journal басылмасы жазды."АКШ менен Оман мамлекети Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акча албай турган система түзүүнүн жолун издеп жатат. Алар Иранды көндүрүү үчүн чет өлкөлөрдө бөгөттөлүп турган 100 миллиард долларлык акчасынын бир бөлүгүн алып берүүнү убада кылышкан", — деп жазылган маалыматта.Бирок бейшемби күнү Иран бул сунушталган акча алардын позициясын өзгөртүүгө аздык кыларын билдирген.Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Казем Гариб-Абади Дохадан кайтып келгенден кийин Ормуз Вашингтондун эмес, Тегерандын көзөмөлүндө экендигин баса белгилеген. Бир аз кечирээк ирандык аскерлер Тегеран бекиткен маршрутту бузуп, сүзүп өтчүлөргө токтоосуз жана чечкиндүү жооп болорун эскертти.Аталган мамлекет мурдараак Ормуз аркылуу каттоо боюнча жаңы тартипти иштеп чыкканын билдирген. Бул процесс жээктеги башка дагы бир мамлекет, Оман менен биргеликте өтүп жатат.Июлда Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи акватория кемелер бекер өтүш үчүн жылдап ачык турганын, бирок АКШнын аларга кол салышынан кийин абал мургыдай болбостугун айткан эле.
Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди.Анын айтымында, товардын сапаты, баасы, логистика боюнча маселелер каралууда.“Учурда бизге сунушталган баа ар түрдүү. Бирок май кымбат болгон күндө да биздин рынокто болушу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Нефтетрейдерлер өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн баадан жогору алып келсе, өкмөт нефтетрейдерлерге субсидиялап берет. Буга атайын каражат каралган”, – деди Керимов. Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Негизсиз жогорулатуулар болсо айып пулга жыгылат.Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 1-июль күнү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн Ысык-Көл районундагы абалды жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, министр облус жетекчиси Бакытбек Жетигенов, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой каналын, ошондой эле суу каптоо коркунучу жогору болгон башка кооптуу тилкелерди кыдырып чыкты. "Жумушчу сапардын алкагында табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кайталануу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленди", - деп айтылат маалыматта.Канатбек Чыныбаев сел калдыктарын тазалоо, жээктерди бекемдөө жана алдын алуу иштерин кечиктирбей, ыкчам түрдө жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды койду.Таласта сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери 10 күндөн бери уланууда.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө-куткаруу иштерине 25 адам тартылды.Азыр дарыяда суу абдан көп болуп жаткандыктан, издөө иштери бир аз жайлады. Суунун деңгээли түшөрү менен издөө кайрадан активдүү фазага өтөт. Эске салсак, 23-июнда Чоң-Токой айылынын 15 жаштагы тургуну Баэл Тимур уулу Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар аны күн сайын издеп келишет.АКШ Иранга Ормуз кысыгын көзөмөлдөөнү токтотсо тоңдурулган активдердин бир бөлүгүн кайтарып берүүнү сунуштап жатканын Wall Street Journal басылмасы жазды."АКШ менен Оман мамлекети Иран Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акча албай турган система түзүүнүн жолун издеп жатат. Алар Иранды көндүрүү үчүн чет өлкөлөрдө бөгөттөлүп турган 100 миллиард долларлык акчасынын бир бөлүгүн алып берүүнү убада кылышкан", — деп жазылган маалыматта.Бирок бейшемби күнү Иран бул сунушталган акча алардын позициясын өзгөртүүгө аздык кыларын билдирген.Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Казем Гариб-Абади Дохадан кайтып келгенден кийин Ормуз Вашингтондун эмес, Тегерандын көзөмөлүндө экендигин баса белгилеген. Бир аз кечирээк ирандык аскерлер Тегеран бекиткен маршрутту бузуп, сүзүп өтчүлөргө токтоосуз жана чечкиндүү жооп болорун эскертти.Аталган мамлекет мурдараак Ормуз аркылуу каттоо боюнча жаңы тартипти иштеп чыкканын билдирген. Бул процесс жээктеги башка дагы бир мамлекет, Оман менен биргеликте өтүп жатат.Июлда Иран ТИМинин башчысы Аббас Аракчи акватория кемелер бекер өтүш үчүн жылдап ачык турганын, бирок АКШнын аларга кол салышынан кийин абал мургыдай болбостугун айткан эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102213962_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0146c18dbe93c2508de2ce6b9e200c80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио