https://sputnik.kg/20260824/1103175664.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T19:00+0600
2026-08-24T19:00+0600
2026-08-24T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103175498_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dd97280ad872987e3169ffbcca904b0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Жарыяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери айтылган. Акча алуу үчүн каттоодон өтүү сунушталууда. "Мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер, жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдардын текшерилген расмий булактарынан гана алыңыздар", — деп эскертти ИИМ.
Кыргызстандын Жогорку соту менен Өзбекстандын Жогорку соту соттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашууну күчөтөт.Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудованын жолугушуусунда айтылды. Жолугушуу Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында өттү.Тараптар сот тутумдарын санариптик трансформациялоо, электрондук сот өндүрүшү, документ жүгүртүү, сот иштерин автоматташтыруу жана жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Кыргыз тарап Өзбекстандын бул багыттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирсе, өзүнүн санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.Жыйынтыгында эки өлкө сот адилеттигин санариптештирүү багытындагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө макулдашты.
Ысык-Көл облусунда балык уулоого электрондук билет алууга мүмкүндүк берген QR-коддор жайгаштырылган 49 маалыматтык тактайча орнотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тактайчаларда балык уулоонун эрежелери жана жол-жобосу тууралуу маалымат да камтылган. Алар балык көп кармалган жерлерге орнотулду. Тактайчалар райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: Тоң районуна — 8; Жети-Өгүз районуна — 9; Түп районуна — 12; Ак-Суу районуна — 6; Ысык-Көл районуна — 14.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы курултайга (жаңы бир палаталуу парламент) өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады. Элдин шайлоого катышуусу жалпы шайлоочулардын 74,08 пайызын түздү. Добуштун көбүнө, 71,17 пайызга "Адилет" партиясы ээ болду. "Элдик партия" менен "Байтак" добуштардын беш пайызынан кем алып, парламентке өтпөй калды.
РФ президентинин маалымат катчысы Армения Евробиримдикке кирүү үчүн арыз бергенден кийин мыйзамдарын анын талаптарына шайкеш келтириши керектигин, ал ЕАЭБде кабыл алынган талаптарга дал келбей турганын айтты. Ошондой эле Песков Армениянын ЖККУдан чыгуусу боюнча Пашиняндын сөзүнө Ереван уюмдан чыгууга укуктуу экенин белгиледи. “Азырынча Армения чыгууну пландаган жок. Мен билгенден буга чейин ошентип айтып келе жаткан”, — деп сөзүн жыйынтыктады Песков.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ25-августка караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шейшембиде республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй +26...+31, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +30...+35, Таласта +25...+30, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын регионунда +23...+28 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19 градусту көрсөтөт.
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Жарыяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери айтылган. Акча алуу үчүн каттоодон өтүү сунушталууда. "Мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер, жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдардын текшерилген расмий булактарынан гана алыңыздар", — деп эскертти ИИМ. Кыргызстандын Жогорку соту менен Өзбекстандын Жогорку соту соттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашууну күчөтөт.Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев менен Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудованын жолугушуусунда айтылды. Жолугушуу Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында өттү.Тараптар сот тутумдарын санариптик трансформациялоо, электрондук сот өндүрүшү, документ жүгүртүү, сот иштерин автоматташтыруу жана жарандар үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.Кыргыз тарап Өзбекстандын бул багыттагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирсе, өзүнүн санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.Жыйынтыгында эки өлкө сот адилеттигин санариптештирүү багытындагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө макулдашты.Ысык-Көл облусунда балык уулоого электрондук билет алууга мүмкүндүк берген QR-коддор жайгаштырылган 49 маалыматтык тактайча орнотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Тактайчаларда балык уулоонун эрежелери жана жол-жобосу тууралуу маалымат да камтылган. Алар балык көп кармалган жерлерге орнотулду. Тактайчалар райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: Тоң районуна — 8; Жети-Өгүз районуна — 9; Түп районуна — 12; Ак-Суу районуна — 6; Ысык-Көл районуна — 14.Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы курултайга (жаңы бир палаталуу парламент) өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады. Элдин шайлоого катышуусу жалпы шайлоочулардын 74,08 пайызын түздү. Добуштун көбүнө, 71,17 пайызга "Адилет" партиясы ээ болду. "Элдик партия" менен "Байтак" добуштардын беш пайызынан кем алып, парламентке өтпөй калды. РФ президентинин маалымат катчысы Армения Евробиримдикке кирүү үчүн арыз бергенден кийин мыйзамдарын анын талаптарына шайкеш келтириши керектигин, ал ЕАЭБде кабыл алынган талаптарга дал келбей турганын айтты. Ошондой эле Песков Армениянын ЖККУдан чыгуусу боюнча Пашиняндын сөзүнө Ереван уюмдан чыгууга укуктуу экенин белгиледи. “Азырынча Армения чыгууну пландаган жок. Мен билгенден буга чейин ошентип айтып келе жаткан”, — деп сөзүн жыйынтыктады Песков.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ25-августка караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шейшембиде республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй +26...+31, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +30...+35, Таласта +25...+30, Ысык-Көл облусунда +16...+21, Нарын регионунда +23...+28 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103175498_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c770115d8f1efc71c488424bc76a541e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио