https://sputnik.kg/20260824/1103168833.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T15:00+0600
2026-08-24T15:00+0600
2026-08-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103168667_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28528bdbd25f429ef5456eed795532bf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Жарыяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери айтылган. Акча алуу үчүн каттоодон өтүү сунушталууда. "Мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер, жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдардын текшерилген расмий булактарынан гана алыңыздар", — деп эскертти ИИМ.
Рулу оң тараптан солго которулган унааларды легалдаштырууга уруксат берилди Минкаб бул унаалар техникалык экспертизадан өтүшү керектигин билдирди. Аны аккредитацияланган орган жүргүзөт. Жыйынтыгында унаанын техникалык абалы тууралуу корутунду берилет. Ал терс болсо унаа легалдаштырылбайт. Мындай унааларды жүргүнчү же жүк ташууга байланыштуу ишкердикте пайдаланууга тыюу салынат. Заводдо каралбаган башка конструкциялык өзгөртүүлөр киргизилген унаалар мурдагыдай эле легалдаштырылбайт.
Жаңы ачылган “Ак-Кеме” мейманканасында эң кымбат номердин бир суткалык баасы 150 миң сомду чапчыйт Мындай номерден бирөө гана бар. Анын аянты 100 чарчы метрди түзөт. Мейманкананын 13-кабатында жайгашкан президенттик номерде эки уктоочу бөлмө, эки конок бөлмө жана эки жуунуучу бөлмө каралган. Эгер өлкө башчылар жайгашып калса, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө, коштоп жүргөндөр менен кайтаргандар эс алганга да шарт бар. Мартабалуу коноктун тынчын албаш үчүн номерге негизгисинен башка да бир нече эшик менен кирип-чыкса болот. Ал эми эң арзан номердин баасы 200 доллардан башталарын айтышты.
“Ала-Арча” жаратылыш паркындагы Пионер чокусу ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) чокусу деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Чокуга жаңы аталыш Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгынын урматына берилди. Аталган чокунун атын өзгөртүү чечими социалдык тармактардын колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратты. Кубатовдун айтымында, ШКУ аймакта тынчтыкты орнотууга зор салым кошкон. Пионер чокусу — Бишкектен болжол менен бир сааттык аралыкта, Ала-Арча капчыгайында жайгашкан, бийиктиги 4 050 метрге чукул популярдуу тоо чокусу.
“Россия сегодня” медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев “Россия” телеканалында автордук программасын ачат. Бул тууралуу ВГТРКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып бүгүн “Вести” маалымат кызматы жазды. “Киселев” программасында Россиядагы жана дүйнөдөгү негизги окуялар талданып, алып баруучу аларга өз баасын берет. Көрсөтүүнүн биринчи чыгарылышы 6-сентябрда экранга чыгат. Программа ар жекшемби күнү саат 22:00дө көрсөтүлүп турат.
Армениянын премьер-министри Николь Пашинян Евробиримдикке кирүү же Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүктү сактап калуу маселеси боюнча референдумга даярдык башталганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Армения жазды. Пашиняндын айтымында, мындай референдум өткөрүүнү өлкөдөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын лидерлери биргелешкен билдирүүсүндө талап кылышкан. Жалпы элдик добуш берүү Армениянын Евробиримдикке кирүү боюнча расмий арызы берилгенден жана интеграция боюнча жол картасы иштелип чыккандан кийин гана өткөрүлөт.
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан акчалай төлөмдөр тууралуу жалган жарыя тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Жарыяда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери айтылган. Акча алуу үчүн каттоодон өтүү сунушталууда. "Мындай билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн шилтемелерге кирбеңиздер, жеке, банктык жана башка купуя маалыматтарды киргизбеңиздер. Мамлекеттик төлөмдөр жана башка расмий чечимдер тууралуу маалыматты мамлекеттик органдардын текшерилген расмий булактарынан гана алыңыздар", — деп эскертти ИИМ.Рулу оң тараптан солго которулган унааларды легалдаштырууга уруксат берилди Минкаб бул унаалар техникалык экспертизадан өтүшү керектигин билдирди. Аны аккредитацияланган орган жүргүзөт. Жыйынтыгында унаанын техникалык абалы тууралуу корутунду берилет. Ал терс болсо унаа легалдаштырылбайт. Мындай унааларды жүргүнчү же жүк ташууга байланыштуу ишкердикте пайдаланууга тыюу салынат. Заводдо каралбаган башка конструкциялык өзгөртүүлөр киргизилген унаалар мурдагыдай эле легалдаштырылбайт. Жаңы ачылган “Ак-Кеме” мейманканасында эң кымбат номердин бир суткалык баасы 150 миң сомду чапчыйт Мындай номерден бирөө гана бар. Анын аянты 100 чарчы метрди түзөт. Мейманкананын 13-кабатында жайгашкан президенттик номерде эки уктоочу бөлмө, эки конок бөлмө жана эки жуунуучу бөлмө каралган. Эгер өлкө башчылар жайгашып калса, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө, коштоп жүргөндөр менен кайтаргандар эс алганга да шарт бар. Мартабалуу коноктун тынчын албаш үчүн номерге негизгисинен башка да бир нече эшик менен кирип-чыкса болот. Ал эми эң арзан номердин баасы 200 доллардан башталарын айтышты.“Ала-Арча” жаратылыш паркындагы Пионер чокусу ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) чокусу деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Чокуга жаңы аталыш Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгынын урматына берилди. Аталган чокунун атын өзгөртүү чечими социалдык тармактардын колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратты. Кубатовдун айтымында, ШКУ аймакта тынчтыкты орнотууга зор салым кошкон. Пионер чокусу — Бишкектен болжол менен бир сааттык аралыкта, Ала-Арча капчыгайында жайгашкан, бийиктиги 4 050 метрге чукул популярдуу тоо чокусу.“Россия сегодня” медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев “Россия” телеканалында автордук программасын ачат. Бул тууралуу ВГТРКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып бүгүн “Вести” маалымат кызматы жазды. “Киселев” программасында Россиядагы жана дүйнөдөгү негизги окуялар талданып, алып баруучу аларга өз баасын берет. Көрсөтүүнүн биринчи чыгарылышы 6-сентябрда экранга чыгат. Программа ар жекшемби күнү саат 22:00дө көрсөтүлүп турат. Армениянын премьер-министри Николь Пашинян Евробиримдикке кирүү же Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүктү сактап калуу маселеси боюнча референдумга даярдык башталганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Армения жазды. Пашиняндын айтымында, мындай референдум өткөрүүнү өлкөдөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын лидерлери биргелешкен билдирүүсүндө талап кылышкан. Жалпы элдик добуш берүү Армениянын Евробиримдикке кирүү боюнча расмий арызы берилгенден жана интеграция боюнча жол картасы иштелип чыккандан кийин гана өткөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103168667_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_530b024714c253d937a2d21247746d49.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио