https://sputnik.kg/20260823/1103149493.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду. Муниципалитеттин маалыматына... 23.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-23T15:00+0600
2026-08-23T15:00+0600
2026-08-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103149327_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7d7940a901a30b4a23b8ba979ef040d7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт. "Алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.
Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджетинин аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды. Бул каражаттын аткарылышы 60,2 пайызды түзгөн. Жыйында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, медициналык объектилердин курулушун көзөмөлдөө жана негизги оорулардын алдын алуу боюнча артыкчылыктуу милдеттер белгиленди. Белгилей кетсек, өлкөдө учурда 40тан ашык медициналык объекттин курулушу жүрүп, аларды ишке ашырууга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында иш-чара өтүүчү объекттерде телекоммуникациялык инфраструктура күчөтүлүп, туруктуу интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул багытта ”Кыргызтелеком” ААК жана ”ЭлКат” ЖЧК менен тиешелүү келишимдерге кол койду. Келишимге ылайык, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы объектте атайын байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз жеткиликтүүлүк уюштурулат. Ошондой эле байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу жана техникалык даярдыгы тесттик режимде текшерилет. ”Кыргызтелеком” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына техникалык өнөктөш катары катышып, иш-чараны маалыматтык коштоого көмөк көрсөтөт. Ал эми ”ЭлКат” ЖЧК оюндар өтүп жаткан учурда тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүп, техникалык колдоону камсыздайт. Туруктуу байланыш инфраструктурасы оюндардын катышуучулары, коноктору, журналисттер жана уюштуруучулар үчүн зарыл шарттарды түзөт.
Британиялык журналист Кыргызстанга келип, өлкө массалык туризмге даярдана баштаганын жазды The Independent басылмасынын журналисти Жеймс Дрейвен Кыргызстан дүйнөдөгү популярдуу треккинг багыттарынын бирине айланып, массалык туризмге жаңыдан даярдана баштаганын жазды. Анын айтымында, өлкөдө ат менен саякаттоо, боз үйдө эс алуу жана тоо турлары соцтармактар аркылуу кеңири жайылууда. Журналист тескей Ала-Тоодо Сүттүү-Булактан Караколго чейин жети күндө 80 чакырымдан ашык жол баскан. Дрейвен тоолордо интернет болбогондуктан, саякатчылар шаардык жашоодон жана соцтармактардан алыстап, жаратылыштагы тынч жашоону көрө алышарын, муна ал өлкөнүн башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири катары сыпаттаган. Анын баамында, Кыргызстан туристтер баргысы келген өлкөлөрдүн катарына киргени менен, тоолуу аймактары дагы эле обочолонгон жана табигый көрүнүшүн сактап турат. Журналист Теңир-Тоону “Чыгыштын Альпы” деп атаган.
Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт. "Алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү", - деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджетинин аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды. Бул каражаттын аткарылышы 60,2 пайызды түзгөн. Жыйында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, медициналык объектилердин курулушун көзөмөлдөө жана негизги оорулардын алдын алуу боюнча артыкчылыктуу милдеттер белгиленди. Белгилей кетсек, өлкөдө учурда 40тан ашык медициналык объекттин курулушу жүрүп, аларды ишке ашырууга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында иш-чара өтүүчү объекттерде телекоммуникациялык инфраструктура күчөтүлүп, туруктуу интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул багытта ”Кыргызтелеком” ААК жана ”ЭлКат” ЖЧК менен тиешелүү келишимдерге кол койду. Келишимге ылайык, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы объектте атайын байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз жеткиликтүүлүк уюштурулат. Ошондой эле байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу жана техникалык даярдыгы тесттик режимде текшерилет. ”Кыргызтелеком” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына техникалык өнөктөш катары катышып, иш-чараны маалыматтык коштоого көмөк көрсөтөт. Ал эми ”ЭлКат” ЖЧК оюндар өтүп жаткан учурда тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүп, техникалык колдоону камсыздайт. Туруктуу байланыш инфраструктурасы оюндардын катышуучулары, коноктору, журналисттер жана уюштуруучулар үчүн зарыл шарттарды түзөт.Британиялык журналист Кыргызстанга келип, өлкө массалык туризмге даярдана баштаганын жазды The Independent басылмасынын журналисти Жеймс Дрейвен Кыргызстан дүйнөдөгү популярдуу треккинг багыттарынын бирине айланып, массалык туризмге жаңыдан даярдана баштаганын жазды. Анын айтымында, өлкөдө ат менен саякаттоо, боз үйдө эс алуу жана тоо турлары соцтармактар аркылуу кеңири жайылууда. Журналист тескей Ала-Тоодо Сүттүү-Булактан Караколго чейин жети күндө 80 чакырымдан ашык жол баскан. Дрейвен тоолордо интернет болбогондуктан, саякатчылар шаардык жашоодон жана соцтармактардан алыстап, жаратылыштагы тынч жашоону көрө алышарын, муна ал өлкөнүн башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири катары сыпаттаган. Анын баамында, Кыргызстан туристтер баргысы келген өлкөлөрдүн катарына киргени менен, тоолуу аймактары дагы эле обочолонгон жана табигый көрүнүшүн сактап турат. Журналист Теңир-Тоону “Чыгыштын Альпы” деп атаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103149327_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a6ca86b1aaa5f7ae1c21eccdd32642e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио