https://sputnik.kg/20260823/1103146813.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кечээ "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп... 23.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-23T11:00+0600
2026-08-23T11:00+0600
2026-08-23T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103146646_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_49742b8907381d285035a69db2ac3180.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кечээ "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп, текшерди. Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жүрдү. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы президент стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди көрүп чыкканын кабарлады. Жапаров стадиондун ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборуна да кирген. "Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү", — деп кабарлашты маалымат кызматынан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
Карын энеликке жамынып алып бала саткандарга жазаны катаалдаштырууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сунуштап жатат. Документке ылайык, карын энелик кызматты медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда гана Кыргызстандын жарандары пайдаланышы керек. Ошондой эле карын эне да Кыргызстандын жараны болушу керек. Анда баланы үчүнчү жактарга өткөрүп берсе, жалган келишим түзсө же жасалма документтерди колдонсо мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу; кылмышка чет өлкөлүктөр аралашса, интернет аркылуу же уюшкан топ менен жасалса, ошондой эле суррогат эненин же баланын өлүмүнө алып келсе мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.
Ысык-Көлдө бир жээктен экинчи жээкке сүзүп өтүүгө аракет кылган үч жаран аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 22-августта Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынан үч адам көлдүн түштүк жээгин көздөй багыт алган. Бирок жээкке 3 чакырымдай аралык калганда 26 жаштагы Н.Б. сууга чөгө баштаганы тууралуу "112" кызматына кабар түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине саат 18:01де Ысык-Көл, Тоң райондорунан жана Балыкчы шаарынан 12 куткаруучу моторлуу кайыктар менен, ошондой эле ИИМдин 17 жана Туристтик-экологиялык милициянын 8 кызматкери тартылган. Саат 23:10 чамасында Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тушунан 28 жаштагы Н.Б. көлдөн аман-эсен чыгарылып, дарыгерлерге тапшырылган. Саат 23:20да анын жанында сапборд менен коштоп жүргөн 28 жаштагы А.О. жана 19 жаштагы Б.Т. да куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Ведомстводон учурда куткарылгандардын бардыгынын абалы туруктуу экенин кошумчалашты.
Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Россиялык журналисттер Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жергиликтүү бир катар кесиптештери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Алар жаратылыштын кооз жерлери менен таанышып, асма жолдо сейилдегенден тышкары Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) да барышкан. Журналисттер "Ала-Тоо 24", "Баластан", "УТРК Спорт" телеканалдарынын ишин, студияларын көрүшкөн. Делегация "Номад" телеканалында болуп, редакциянын иши, каналдын контент саясатынын өзгөчөлүктөрү жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышкан.
Президент Садыр Жапаров кечээ "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп, текшерди. Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жүрдү. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы президент стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди көрүп чыкканын кабарлады. Жапаров стадиондун ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборуна да кирген. "Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү", — деп кабарлашты маалымат кызматынан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.Карын энеликке жамынып алып бала саткандарга жазаны катаалдаштырууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сунуштап жатат. Документке ылайык, карын энелик кызматты медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда гана Кыргызстандын жарандары пайдаланышы керек. Ошондой эле карын эне да Кыргызстандын жараны болушу керек. Анда баланы үчүнчү жактарга өткөрүп берсе, жалган келишим түзсө же жасалма документтерди колдонсо мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу; кылмышка чет өлкөлүктөр аралашса, интернет аркылуу же уюшкан топ менен жасалса, ошондой эле суррогат эненин же баланын өлүмүнө алып келсе мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.Ысык-Көлдө бир жээктен экинчи жээкке сүзүп өтүүгө аракет кылган үч жаран аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 22-августта Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынан үч адам көлдүн түштүк жээгин көздөй багыт алган. Бирок жээкке 3 чакырымдай аралык калганда 26 жаштагы Н.Б. сууга чөгө баштаганы тууралуу "112" кызматына кабар түшкөн. Издөө-куткаруу иштерине саат 18:01де Ысык-Көл, Тоң райондорунан жана Балыкчы шаарынан 12 куткаруучу моторлуу кайыктар менен, ошондой эле ИИМдин 17 жана Туристтик-экологиялык милициянын 8 кызматкери тартылган. Саат 23:10 чамасында Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тушунан 28 жаштагы Н.Б. көлдөн аман-эсен чыгарылып, дарыгерлерге тапшырылган. Саат 23:20да анын жанында сапборд менен коштоп жүргөн 28 жаштагы А.О. жана 19 жаштагы Б.Т. да куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Ведомстводон учурда куткарылгандардын бардыгынын абалы туруктуу экенин кошумчалашты. Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Россиялык журналисттер Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жергиликтүү бир катар кесиптештери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Алар жаратылыштын кооз жерлери менен таанышып, асма жолдо сейилдегенден тышкары Улуттук телерадиоберүү корпорациясына (УТРК) да барышкан. Журналисттер "Ала-Тоо 24", "Баластан", "УТРК Спорт" телеканалдарынын ишин, студияларын көрүшкөн. Делегация "Номад" телеканалында болуп, редакциянын иши, каналдын контент саясатынын өзгөчөлүктөрү жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103146646_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6420ac465b682f7ff7609a6c1ba79b3e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио