00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
«День тюлень» для бишкекчан — что ждёт жителей столицы в дни саммита ШОС и ВИК
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Фундаменталдык билим, жеке траектория, дүйнөлүк мүмкүнчүлүк: “Ломоносов мектебинин” башка мектептерден өзгөчөлүгү эмнеде?
15:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Художники-загадки: тайный мир русской живописи
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” Конгресс-холлунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты. Комплекс 14,7 га аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет. Конгресс-холл эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат. Мамлекет башчысы комплекстин алдыдагы расмий иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу негизги функционалдык аймактарынын жана бөлмөлөрүнүн даярдыгы менен таанышты. Борбордук имаратта 1 238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар каралган. Президент Садыр Жапаров аткарылган иштердин сапатына жогору баа берип, объекттин алдыдагы ачылышка даярдык деңгээлине канааттанганын билдирди.
Кыргызстанда маркумдарды жерге берүү тартибине өзгөртүү киргизилди. Министрлер кабинети каза болгондордун каттоосун тартипке салуу үчүн жаңы токтом кабыл алган. Ага ылайык, каза болгон адамды коюуга жер тилкесин алуу үчүн кайрылганда мөөр басылган өлгөндүгү тууралуу маалымкат болбосо жергиликтүү бийлик же аза кызматы бул тууралуу саламаттыкты сактоо органдарына билдирүүгө милдеттүү болот.Өкмөт мындай чечимин жаран өтүп кеткени тууралуу кабар жептей, пенсия же жөлөк пулдары токтотулбай калган учурлар болгондугу менен байланыштырган.
Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.Мындан тышкары, салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.
Францияда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоо НАТО үчүн кооптуу жагдайга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасы жазган.Politico белгилегендей, акыркы сурамжылоолор Франциядагы шайлоочулардын болжол менен жарымы НАТОго терс көз караштагы талапкерлерди колдой турганын көрсөтүүдө. Алардын арасында "Улуттук биримдик" партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Марин Ле Пен жана "Багынбаган Франция" партиясынын негиздөөчүсү Жан-Люк Меланшон бар. Эгер алар шайлоодо жеңип, андан кийин Франциянын НАТО менен мамилеси солгундаса, Румыния жана Эстонияда француз аскерлерин жайгаштыруу планы ишке ашпашы мүмкүн. Айта кетсек, Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи туру 2027-жылдын 18-апрелинде, ал эми зарыл болсо экинчи туру 2-майда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0