00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Тема дня
Пересадка костного мозга в Кыргызстане — реальность: как отечественные врачи вскоре будут лечить детскую онкологию
18:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Баткен — экономикалык өнүгүү жолунда: аймактын потенциалын толук ачууга эмне тоскоол болууда?
19:07
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Особый акцент
Владимир Плужник о главных ошибках покупателей новостроек
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы күйүүчү майлар рыногунун учурдагы абалы: баалар жана мамлекеттик көзөмөл чаралары
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн жаңы тартибин бекитти. Ага ылайык, жарандар өлкө ичиндеги же чет мамлекеттердеги каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бере алышат. БШКнын маалыматы боюнча, бул үчүн алдын ала арыз тапшыруу талап кылынбайт. Эрежелер жана талаптар: бул үйдөн же интернет аркылуу добуш берүү эмес. Жаран шайлоо тилкесине жеке өзү келип, биометрикалык идентификациядан өтүп, кагаз бюллетень менен добуш берет; ID-карта, жалпы жарандык (чет элдик), дипломатиялык же кызматтык паспорт, ошондой эле "Түндүк" тиркемесиндеги санариптик паспорт жарактуу; тышкы тилкелерде добуш бере турган кыргызстандыктардын биометрикалык каттоосу жана Кыргызстанда актуалдуу дареги болушу шарт; жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында аэропорттордо, ири соода борборлорунда, базарларда жана эл көп чогулган башка жайларда кошумча шайлоо участоктору ачылышы мүмкүн.
31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр ишин улантат, бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы бөлүмдөр ачылбайт. Кожомкул айылындагы “РИОМ” унаа базарында жайгашкан аймактар аралык бөлүм кадимки тартипте иштейт. Чет өлкөлүк номер тагылган унааларды легалдаштыруунун акыркы этабы 1-сентябрда аяктайт. Бишкекте 29-30-августта бул кызматты “Биримдик-24” бөлүмүнөн жана “РИОМ” унаа базарынан алууга болот.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жаңыланган объектинин видеосун жарыялады. Ипподромдо VIP-зона, коноктор үчүн бөлмөлөр, трибуналар, унаа токтотуучу жай жана башка объектилер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле инженердик тармактар жаңыланып, айлана-тегереги көрктөндүрүлдү. Мындан тышкары, имараттын сыртындагы керамогранитти, чатырын, трибуналардагы отургучтарын алмаштырышкан. Ат майдан алдыда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дээрлик даяр.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн ЖККУдан чыгарылышына кубанарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал уюмдун уставында мүчө мамлекетти чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи. "Эгер ЖККУ Арменияны уюмдан чыгарууну чечсе, абдан кубанмакмын. Бул бизди уюмдан чыгуу керекпи же жокпу деген тандоодон кутултмак", — деди Пашинян парламентте өкмөттүн программасын тааныштырып жатып. РФ лидеринен маалымат катчысы Дмитрий Песков Армениянын премьер-министринин ЕАЭБ жана ЖККУ тууралуу билдирүүлөрүнө комментарий берди. Анын айтымында, эгер Армения мындан ары ЖККУга мүчө болууга муктаж эмес деп эсептесе, уюмдан чыгуу чечимин өз алдынча кабыл ала алат. Песков ошондой эле Армениянын Евробиримдикке кирүү боюнча арызына да токтолду. Ал Түркия жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга чакырды. Айтымында, айрым мамлекеттер өз арызынын алга жылышын ондогон жылдардан бери күтүп келишет. Кремлдин өкүлүнүн айтымында, арыз берилгенден кийин Армения мыйзамдарын ар кандай тармактарда ЕБнин нормаларына ылайыкташтырууга тийиш болот. Песков бул нормалар Россияда жана ЕАЭБ аймагында колдонулган эрежелерге дал келбей турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0