https://sputnik.kg/20260823/1103150869.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодо жарандар каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн тартибин... 23.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-23T17:00+0600
2026-08-23T17:00+0600
2026-08-23T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103150703_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_84f4d9639e4ff9135c07c564974e91dd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодо жарандар каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн тартибин бекитти. Ага ылайык, жарандар Кыргызстандагы же чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогуна барып добуш бере алат. Ал үчүн алдын ала арыз берүүнүн кажети жок. Бул үйдөн же интернет аркылуу добуш берүү эмес. Шайлоочу участокто ID-карта, жалпы жарандык, дипломатиялык же кызматтык паспорт, ошондой эле “Түндүк” тиркемесиндеги паспортун көрсөтүп, биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин кагаз бюллетень менен добуш берет. Үйдөн добуш берүүдө аралыктан добуш берүү тартиби колдонулбайт. Ошондой эле чет өлкөдөгү жарандардын биометрикалык каттоосу жана Кыргызстанда актуалдуу дареги болушу шарт. Ошондой эле аэропорттордо, соода борборлордо, базарларда, ишканаларда жана эл көп топтолгон башка жайларда атайын участоктор ачылышы мүмкүн.
Айдоочуларды даярдоо боюнча апробациялык режим жыл аягына чейин узартылды Мөөнөт Садыр Жапаровдун жарлыгы менен узартылды. Ага ылайык, Президенттин иш башкармалыгы 1-октябрга чейин буга чейинки жыйынтыктардын негизинде даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Президенттик администрацияга киргизиши керек. Буга чейин апробациялык режим 30-августка чейин созулмак.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине көрүүчүлөрдү жеткире турган шаттл-автобустардын ишин уюштуруу боюнча штабдын жыйыны өттү. Мэриядан билдиришкендей, жыйынга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышып, шаттл-автобустардын ишке даярдыгын, каттамдарды уюштурууну жана транспорттун кыймылына мониторинг жүргүзүү маселелерин карашты. Транспорттун ишин видеокамералар аркылуу реалдуу убакыт режиминде ыкчам башкарууга өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, 31-августта шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтө турган "Бишкек Аренага" жеткирет. Автобустар борбор калаанын атайын белгиленген 21 пунктунан каттайт. “Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды каттамды алдын ала пландап, кайра кайтууда да барган эле шаттл-автобустун багытын пайдаланууну сунуштайт”,–деп айтылат маалыматта.
НАТО өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүдөн алдын ала эл алдында "баш тартууга" аракет кылып жатышат, бирок анысы ишке ашпайт деп билдирди РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров. “НАТОнун бешинчи беренеси барбы? Балким, алар ошол бешинчи берене менен байланып калышкандыр же жамааттык коргонуунун ордуна жамааттык чабуул жасоого укуктуубуз деп эсептешеби? Бул алар үчүн абдан ыңгайсыз суроо”, — деди ал “Вести” маалымат кызматына. Министр Москва НАТО жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү русофобиялык элитанын аракеттерин эске аларын белгиледи.
Президенттик шайлоодо жарандар каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн тартибин бекитти. Ага ылайык, жарандар Кыргызстандагы же чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогуна барып добуш бере алат. Ал үчүн алдын ала арыз берүүнүн кажети жок. Бул үйдөн же интернет аркылуу добуш берүү эмес. Шайлоочу участокто ID-карта, жалпы жарандык, дипломатиялык же кызматтык паспорт, ошондой эле “Түндүк” тиркемесиндеги паспортун көрсөтүп, биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин кагаз бюллетень менен добуш берет. Үйдөн добуш берүүдө аралыктан добуш берүү тартиби колдонулбайт. Ошондой эле чет өлкөдөгү жарандардын биометрикалык каттоосу жана Кыргызстанда актуалдуу дареги болушу шарт. Ошондой эле аэропорттордо, соода борборлордо, базарларда, ишканаларда жана эл көп топтолгон башка жайларда атайын участоктор ачылышы мүмкүн.Айдоочуларды даярдоо боюнча апробациялык режим жыл аягына чейин узартылды Мөөнөт Садыр Жапаровдун жарлыгы менен узартылды. Ага ылайык, Президенттин иш башкармалыгы 1-октябрга чейин буга чейинки жыйынтыктардын негизинде даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Президенттик администрацияга киргизиши керек. Буга чейин апробациялык режим 30-августка чейин созулмак.Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине көрүүчүлөрдү жеткире турган шаттл-автобустардын ишин уюштуруу боюнча штабдын жыйыны өттү. Мэриядан билдиришкендей, жыйынга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышып, шаттл-автобустардын ишке даярдыгын, каттамдарды уюштурууну жана транспорттун кыймылына мониторинг жүргүзүү маселелерин карашты. Транспорттун ишин видеокамералар аркылуу реалдуу убакыт режиминде ыкчам башкарууга өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, 31-августта шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтө турган "Бишкек Аренага" жеткирет. Автобустар борбор калаанын атайын белгиленген 21 пунктунан каттайт. “Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды каттамды алдын ала пландап, кайра кайтууда да барган эле шаттл-автобустун багытын пайдаланууну сунуштайт”,–деп айтылат маалыматта.НАТО өлкөлөрү Киевге аскердик жардам берүүдөн алдын ала эл алдында "баш тартууга" аракет кылып жатышат, бирок анысы ишке ашпайт деп билдирди РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров. “НАТОнун бешинчи беренеси барбы? Балким, алар ошол бешинчи берене менен байланып калышкандыр же жамааттык коргонуунун ордуна жамааттык чабуул жасоого укуктуубуз деп эсептешеби? Бул алар үчүн абдан ыңгайсыз суроо”, — деди ал “Вести” маалымат кызматына. Министр Москва НАТО жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү русофобиялык элитанын аракеттерин эске аларын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/17/1103150703_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e6773c745078a9f53fc415c799389df5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио