https://sputnik.kg/20260702/zhashyl-energetika-forumu-otuudo-1102193632.html
Бишкекте жашыл энергетика боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн академиктеринин форуму өтүүдө
Бишкекте жашыл энергетика боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн академиктеринин форуму өтүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча форуму... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-02T11:36+0600
2026-07-02T11:36+0600
2026-07-02T11:36+0600
кыргызстан
бишкек
шку
жашыл энергетика
форум
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102192175_0:240:1280:960_1920x0_80_0_0_27e0b8483b0969e5f31ecdf0839db706.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча форуму ачылды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан келген илимпоздор жана адистер катышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алимбеков мындай форумдар илим, экономика жана мыйзам чыгаруу тармактарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ал Бишкек декларациясы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн маанилүү багыт болуп каларын айтты. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык артып жатканын белгилеп, Кыргызстанда кытай инвестициясы менен бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашып жатканын билдирди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова жашыл энергетикада илим, билим берүү жана өндүрүш тыгыз байланышта болушу керек экенин айтып, биргелешкен лабораториялар жана кадр даярдоо борборлору маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда ачылган "Таза энергия жана энергияны сактоо" лабораториясы илимий идеяларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
https://sputnik.kg/20260624/shku-investitsiya-ilichev-1102060795.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102192175_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_fc4ad01d5e991fa50117197831d7e03c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, шку, жашыл энергетика, форум
кыргызстан, бишкек, шку, жашыл энергетика, форум
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча форуму ачылды.
Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан келген илимпоздор жана адистер катышууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алимбеков мындай форумдар илим, экономика жана мыйзам чыгаруу тармактарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ал Бишкек декларациясы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн маанилүү багыт болуп каларын айтты.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык артып жатканын белгилеп, Кыргызстанда кытай инвестициясы менен бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашып жатканын билдирди.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова жашыл энергетикада илим, билим берүү жана өндүрүш тыгыз байланышта болушу керек экенин айтып, биргелешкен лабораториялар жана кадр даярдоо борборлору маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда ачылган "Таза энергия жана энергияны сактоо" лабораториясы илимий идеяларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.