https://sputnik.kg/20260702/bala-yrysyna-14-minden-ashyk-aryz-tushtu-1102195512.html
"Бала ырысы" жөлөк пулуна бир күндө 14 миңден ашык арыз түштү
"Бала ырысы" жөлөк пулуна бир күндө 14 миңден ашык арыз түштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталгандан кийинки алгачкы күнү 14 миңден ашык жаран кайрылды... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-02T13:01+0600
2026-07-02T13:01+0600
2026-07-02T13:01+0600
кыргызстан
арыз
"бала ырысы" жөлөк пулу
акча
жардам
https://sputnik.kg/img/103397/99/1033979920_0:48:2047:1199_1920x0_80_0_0_f7ef752c636da16f6f24d1dbf5062371.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталгандан кийинки алгачкы күнү 14 миңден ашык жаран кайрылды. Министрлер кабинети алардын 96,2 пайызы боюнча жөлөк пул дайындоо чечими кабыл алынганын билдирди. Минкаб техникалык операторлор жана тиешелүү мамлекеттик органдар бул дал келбестиктерди ыкчам жоюп жатканын айтты. Маалыматтар такталып, үч жашка чейинки бардык балдардын жөлөк пулду тоскоолдуксуз алары кошумчаланды. Арыздардын басымдуу бөлүгү электрондук форматта берилди. Тактап айтканда, мобилдик тиркеме аркылуу 12 205 арыз (89%) тапшырылса, кагаз жүзүндө 1 577 арыз (11%) кабыл алынган. Белгилей кетсек, ай сайын берилүүчү бул жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан үч жашка чейинки бардык балдарга берилет. Суммасы — 1 200 сом. Аны болжол менен 440-470 миң бала алат деп күтүлүүдө.
https://sputnik.kg/20260629/okmot-kyzmat-zhonokoylotot-1102132817.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103397/99/1033979920_192:0:1855:1247_1920x0_80_0_0_a8f04ea1e1e178e1995019f94f8d5f49.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, арыз, "бала ырысы" жөлөк пулу, акча, жардам
кыргызстан, арыз, "бала ырысы" жөлөк пулу, акча, жардам
"Бала ырысы" жөлөк пулуна бир күндө 14 миңден ашык арыз түштү
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталгандан кийинки алгачкы күнү 14 миңден ашык жаран кайрылды. Министрлер кабинети алардын 96,2 пайызы боюнча жөлөк пул дайындоо чечими кабыл алынганын билдирди.
"1-июлга карата жалпысынан 14 318 арыз кабыл алынып, алардын 13 782си (96,2%) канааттандырылды. Ал эми 536 арыз (3,8%) кабыл алынган жок. Негизги себеп жарандардын жеке маалыматтары мамлекеттик системалардагысы менен дал келбегени болду", — деп айтылат кабарда.
Минкаб техникалык операторлор жана тиешелүү мамлекеттик органдар бул дал келбестиктерди ыкчам жоюп жатканын айтты. Маалыматтар такталып, үч жашка чейинки бардык балдардын жөлөк пулду тоскоолдуксуз алары кошумчаланды.
Арыздардын басымдуу бөлүгү электрондук форматта берилди. Тактап айтканда, мобилдик тиркеме аркылуу 12 205 арыз (89%) тапшырылса, кагаз жүзүндө 1 577 арыз (11%) кабыл алынган.
Белгилей кетсек, ай сайын берилүүчү бул жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан үч жашка чейинки бардык балдарга берилет. Суммасы — 1 200 сом. Аны болжол менен 440-470 миң бала алат деп күтүлүүдө.