00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир жумушчу аары өмүрүндө бир чай кашыктай бал чогултат. Аарычылыктын дагы кандай сырлары бар?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
12 мин
Тема дня
On air
18:13
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Что нужно знать об алиментном соглашении и почему его нужно регистрировать сразу после подписания
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир жумушчу аары өмүрүндө бир чай кашыктай бал чогултат. Аарычылыктын дагы кандай сырлары бар?
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын өкмөтү эки маанилүү кызмат алууну жөнөкөйлөтөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин жыйыны
Министрлер кабинетинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бюрократияны кыскартууга жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө багытталган кезектеги реформаларды баштады.
Биринчи долбоор кыймылсыз мүлктү күрөөдөн чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү көздөйт. Минкабдан белгилешкендей, бүгүнкү күндө бул операция эң көп жасалган кызматтардын бири болуп саналат жана кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун дээрлик жарымын түзөт.
“Жарандар дагы эле ашыкча бюрократияга туш болушууда. Алар документтердин түп нускасын алуу үчүн банктарга өздөрү барууга, мамлекеттик органдарда кезекке турууга жана каттоону бир нече күн күтүүгө мажбур. Финансы институттары менен Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын мамлекеттик реестринин ортосунда түз санариптик маалымат алмашуу жок”, — деди Касымалиев.
Бул маселени чечүү үчүн “Түндүк” тиркемесине кыймылсыз мүлктү онлайн режиминде күрөөдөн чыгаруу сервиси киргизилет. Жаңы система кыргызстандыктарга арыздарды аралыктан (онлайн) берүүгө, ал эми банктарга милдеттенмелердин аткарылганын электрондук форматта ырастоого мүмкүндүк берет. Мунун аркасында документтерди тариздөө мөөнөтү эки жумуш күнүнөн 5 саатка чейин кыскарат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев реформалардын экинчи артыкчылыктуу багыты катары 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер үчүн багуучусун жоготкондугу боюнча берилүүчү пенсия жана жөлөк пулдарды узартууну автоматташтырууну атады. Азыркы учурда алар окугандыгы тууралуу фактыны жыл сайын өздөрү барып тастыктоого мажбур, ал эми жаңы система ишке киргенден кийин муну “Түндүк” аркылуу автоматтык түрдө жасоого болот.
Мамлекеттик органдар Билим берүү жана илим министрлигинин, Соцфонддун жана Эмгек министрлигинин маалыматтык системалары менен интеграцияланган студенттердин бирдиктүү маалымат базасын түзүшөт. Бул 18 миңден ашык студентке социалдык төлөмдөрдү онлайн-режимде 1-2 мүнөттүн ичинде узартууга шарт түзөт.
Бул эки демилгени тең ишке ашыруу үчүн 100 күндүк мөөнөт белгиленди.
Сом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2026
Мамлекеттик кызматкерлерге 15 миң сомдук компенсациялык төлөм киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0