https://sputnik.kg/20260702/1102202281.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-02T17:00+0600
2026-07-02T17:00+0600
2026-07-02T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102202115_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_742e981d4a62d9f14a7920ef73a1b29b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ЮНЕСКОнун Регионалдык бюросунун өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын адистери, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана Ош шаарынын тургундары катышты. Коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү.
Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымдарында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. "Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган. Бүгүнкү күнгө карата, Бишкек порталында тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90%га аяктап, курулуш үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Ошондой эле инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо", - деп айтылат маалыматта. Министр белгилегендей, туннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Япониядан кезек-кезеги менен алып келинүүдө. Долбоорду 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген.
Бишкекте түнкү автобустардын жол киреси — накталай эмес 70 сом, накталай 90 сом болот. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, муниципалитет эртеңден баштап 6 маршрут боюнча автобустарды чыгарып, текшерип көрмөй болууда. Ал эми "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров элде тандоо укугу болушу керектигин айтып, түнкү каттамдарга накталай төлөм калтырылганын билдирди. "Бул маселе шаардык кеңеште каралды. Жарандардын тандоо укугун чектөө Баш мыйзамга каршы келет экен. Ал эми күндүз накталай төлөмдү аялдамалардагы, дүкөндөрдөгү терминалдар аркылуу төлөп жатышат", — деди жетекчи.
Батыш Россия менен согуштун босогосунда турат. Мындай пикири менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо бөлүшүп, украин жаңжалына чет элдик жалданма жоокерлер тартылганын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Россиянын Коргоо министрлиги Киев чет элдик жалданма жоокерлерди көп пайдаланып жатканын, ал эми РФ армиясы аларды Украинанын бардык аймагынан жок кыларын билдирген. Жалданып келгендер Украинанын аскер башчылары иштин көзүн билбей жатканын белгилеп, согушта тирүү калуу мүмкүнчүлүгү аз экенин бир катар интервьюларында айтып келишет. "Бүгүнкү күндө Батыш Россия менен согушуп жатат десек болот. Буга Украинанын бардык аймагында жүргөн жалданма жоокерлердин саны далил", — деген Фицо өкмөттүн расмий YouTube каналы жарыялаган билдирүүсүндө. Премьердин айтымында, азыр тирешүүнүн мындан ары күчөп кетишине жол бербөө кажет.
Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ЮНЕСКОнун Регионалдык бюросунун өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын адистери, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана Ош шаарынын тургундары катышты. Коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымдарында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. "Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар жана 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдарды орнотуу каралган. Бүгүнкү күнгө карата, Бишкек порталында тоо боорлоруна коргоочу торлорду орнотуу иштери 90%га аяктап, курулуш үчүн бетон өндүрүш заводунун монтаждоо иштери соңуна чыкты. Ошондой эле инженер-консультанттар үчүн кеңсе менен лабораториянын курулушу аяктоодо", - деп айтылат маалыматта. Министр белгилегендей, туннелдин курулушуна керектүүчү материалдар Япониядан кезек-кезеги менен алып келинүүдө. Долбоорду 2028-жылы бүткөрүү мерчемделген. Бишкекте түнкү автобустардын жол киреси — накталай эмес 70 сом, накталай 90 сом болот. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, муниципалитет эртеңден баштап 6 маршрут боюнча автобустарды чыгарып, текшерип көрмөй болууда. Ал эми "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров элде тандоо укугу болушу керектигин айтып, түнкү каттамдарга накталай төлөм калтырылганын билдирди. "Бул маселе шаардык кеңеште каралды. Жарандардын тандоо укугун чектөө Баш мыйзамга каршы келет экен. Ал эми күндүз накталай төлөмдү аялдамалардагы, дүкөндөрдөгү терминалдар аркылуу төлөп жатышат", — деди жетекчи. Батыш Россия менен согуштун босогосунда турат. Мындай пикири менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо бөлүшүп, украин жаңжалына чет элдик жалданма жоокерлер тартылганын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Россиянын Коргоо министрлиги Киев чет элдик жалданма жоокерлерди көп пайдаланып жатканын, ал эми РФ армиясы аларды Украинанын бардык аймагынан жок кыларын билдирген. Жалданып келгендер Украинанын аскер башчылары иштин көзүн билбей жатканын белгилеп, согушта тирүү калуу мүмкүнчүлүгү аз экенин бир катар интервьюларында айтып келишет. "Бүгүнкү күндө Батыш Россия менен согушуп жатат десек болот. Буга Украинанын бардык аймагында жүргөн жалданма жоокерлердин саны далил", — деген Фицо өкмөттүн расмий YouTube каналы жарыялаган билдирүүсүндө. Премьердин айтымында, азыр тирешүүнүн мындан ары күчөп кетишине жол бербөө кажет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102202115_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cfa1ee127978e347d6239601c2293146.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио