https://sputnik.kg/20260702/1102195909.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар тилчи-окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан демилге боюнча президенттик администрация үн катып... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-02T13:00+0600
2026-07-02T13:00+0600
2026-07-02T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102195743_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dfd4e0dd2e54b790387158a5a7e641b8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар тилчи-окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан демилге боюнча президенттик администрация үн катып, алфавит өзгөрүүсүз каларын айтты. Анда коомчулуктун сын-пикирине кабылган Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштууларынын бул кадамы жеке көз караш жана жеке демилге экени белгиленген. "Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди көтөрөрдөн мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!" — деп жазган президенттик администрациянын маалыматтык саясат боюнча кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.
Каракол шаарында атайын техникаларды сатып алууда мыйзам бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалымдалгандай, Каракол шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мэриянын муктаждыгы үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка 31 даана атайын техника сатып алынганы белгилүү болгон. Бирок алардын бир бөлүгү техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталган. "Беш таштанды ташуучу унаада, үч өзү түшүрүүчү жүк ташуучу жана эки жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат кабарда. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Кыргызстан эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча форуму ачылды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан келген илимпоздор жана адистер катышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алимбеков мындай форумдар илим, экономика жана мыйзам чыгаруу тармактарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ал Бишкек декларациясы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн маанилүү багыт болуп каларын айтты. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык артып жатканын белгилеп, Кыргызстанда кытай инвестициясы менен бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашып жатканын билдирди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова жашыл энергетикада илим, билим берүү жана өндүрүш тыгыз байланышта болушу керек экенин айтып, биргелешкен лабораториялар жана кадр даярдоо борборлору маанилүү экенин белгиледи.
Кыргызстандан Россияга колбаса продукциясынын экспорту кескин көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, быйыл январь-апрель айларында Россияга 85,2 тонна колбаса экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 13,7 тоннага салыштырмалуу дээрлик 6 эсеге көп. Кыргызстандын колбаса продукциясына ЕАЭБдин дагы бир өлкөсү — Казакстанда да суроо-талап жогору. Ал жакка 106 тоннадан ашык продукция жөнөтүлгөн. Экспорттун өсүшү кыргыз тамак-аш өнөр жайынын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап жатканын көрсөтөт.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар тилчи-окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан демилге боюнча президенттик администрация үн катып, алфавит өзгөрүүсүз каларын айтты. Анда коомчулуктун сын-пикирине кабылган Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштууларынын бул кадамы жеке көз караш жана жеке демилге экени белгиленген. "Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди көтөрөрдөн мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!" — деп жазган президенттик администрациянын маалыматтык саясат боюнча кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Каракол шаарында атайын техникаларды сатып алууда мыйзам бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалымдалгандай, Каракол шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мэриянын муктаждыгы үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка 31 даана атайын техника сатып алынганы белгилүү болгон. Бирок алардын бир бөлүгү техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталган. "Беш таштанды ташуучу унаада, үч өзү түшүрүүчү жүк ташуучу жана эки жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат кабарда. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кыргызстан эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча форуму ачылды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан келген илимпоздор жана адистер катышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алимбеков мындай форумдар илим, экономика жана мыйзам чыгаруу тармактарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ал Бишкек декларациясы ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн маанилүү багыт болуп каларын айтты. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жашыл энергетика жаатындагы кызматташтык артып жатканын белгилеп, Кыргызстанда кытай инвестициясы менен бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашып жатканын билдирди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова жашыл энергетикада илим, билим берүү жана өндүрүш тыгыз байланышта болушу керек экенин айтып, биргелешкен лабораториялар жана кадр даярдоо борборлору маанилүү экенин белгиледи. Кыргызстандан Россияга колбаса продукциясынын экспорту кескин көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалымдалгандай, быйыл январь-апрель айларында Россияга 85,2 тонна колбаса экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 13,7 тоннага салыштырмалуу дээрлик 6 эсеге көп. Кыргызстандын колбаса продукциясына ЕАЭБдин дагы бир өлкөсү — Казакстанда да суроо-талап жогору. Ал жакка 106 тоннадан ашык продукция жөнөтүлгөн. Экспорттун өсүшү кыргыз тамак-аш өнөр жайынын тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап жатканын көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102195743_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f6ceef33b14edd1a474a66f78e6d06fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио