Москвада 2026-жылдын алгачкы SputnikPro окуусу өттү. Катышуучулардын пикири
Москвада 2026-жылдын алгачкы SputnikPro окуусу өттү. Катышуучулардын пикири
Sputnik Кыргызстан
Москва шаарында “SputnikPro на Зубовском” билим берүү долбоорунун кезектеги модулу жыйынтыкталды. Бул жылдын алгачкы окуусуна алты өлкөдөн, анын ичинде... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
Москва шаарында “SputnikPro на Зубовском” билим берүү долбоорунун кезектеги модулу жыйынтыкталды. Бул жылдын алгачкы окуусуна алты өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да журналисттер барып катышты.Беш күн бою Москвадагы башкы кеңсенин тажрыйбалуу адистери заманбап медианын сырларын бөлүшүштү. Иш-чаранын башкы темасы — жасалма интеллектини кантип туура жана натыйжалуу колдонуу керектиги болду.Журналисттер үчүн жасалма интеллектиден сырткары, виртуалдык студиянын иши өзгөчө кызыгууну жаратты. Бул студияда заманбап компьютердик графика реалдуу убакыт режиминде арткы фонду каалагандай алмаштырып турат. Миллиондогон көрүүчүлөр суктанып көргөн берүүлөрдүн ички сырларын өз көзү менен көрүү сонун мүмкүнчүлүк болгонун катышуучулар белгилешти.Мындан сырткары, окуу учурунда Telegram жана “Макс” платформаларында жеке блогду кантип туура иштетүү, Reels видеолорду кантип трендге чыгаруу жана 5 секунддук кыска форматтардын доорунда көрүүчүнү кантип кармап калуунун жолдору айтылды.Ошондой эле согуш болуп жаткан жерлерде иштеген аскердик кабарчылардын коопсуздугу жана азыркы заманда ар бир сөздү так, кыска жазуунун маанилүүлүгү тууралуу да кеп болду.Окуунун соңунда катышуучулар өздөрүнүн долбоорлорун коргоп, атайын сертификаттарга ээ болушту. Журналисттер бул долбоор жөн гана кургак лекция эмес, тажрыйба алмашуу, жаңы кесиптештер менен таанышуу жана дос болуу үчүн эң сонун аянтча болгонун айтышты."SputnikPro на Зубовском" долбоору иштеп келген үч жыл ичинде (2023-жылдан 2025-жылга чейин) 12 программа уюштурулуп, ага 11 өлкөдөн 144 журналист катышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылы коңшу жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген дагы 48 медиа өкүлү агенттиктин иши менен таанышып, кесиптик чеберчилигин жогорулата алат.
Москва шаарында “SputnikPro на Зубовском” билим берүү долбоорунун кезектеги модулу жыйынтыкталды. Бул жылдын алгачкы окуусуна алты өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да журналисттер барып катышты.
Беш күн бою Москвадагы башкы кеңсенин тажрыйбалуу адистери заманбап медианын сырларын бөлүшүштү. Иш-чаранын башкы темасы — жасалма интеллектини кантип туура жана натыйжалуу колдонуу керектиги болду.
“Замандан артта калбай, убакыт менен тең жарышышыбыз керек. Азыр роботтор өз жумушун мыкты жасап жаткан учур. Бизге жасалма интеллект менен иштөөнүн программаларын, пайдалуу ыкмаларын үйрөтүштү. Бишкекке кайтып барганда мунун баарын иш жүзүндө сөзсүз колдоном”, — деди кыргызстандык катышуучу Элвира Сатыбекова.
Журналисттер үчүн жасалма интеллектиден сырткары, виртуалдык студиянын иши өзгөчө кызыгууну жаратты. Бул студияда заманбап компьютердик графика реалдуу убакыт режиминде арткы фонду каалагандай алмаштырып турат. Миллиондогон көрүүчүлөр суктанып көргөн берүүлөрдүн ички сырларын өз көзү менен көрүү сонун мүмкүнчүлүк болгонун катышуучулар белгилешти.
Москва шаарында “Sputnik Pro на Зубовском” билим берүү долбоорунун кезектеги модулу жыйынтыкталды
Мындан сырткары, окуу учурунда Telegram жана “Макс” платформаларында жеке блогду кантип туура иштетүү, Reels видеолорду кантип трендге чыгаруу жана 5 секунддук кыска форматтардын доорунда көрүүчүнү кантип кармап калуунун жолдору айтылды.
Ошондой эле согуш болуп жаткан жерлерде иштеген аскердик кабарчылардын коопсуздугу жана азыркы заманда ар бир сөздү так, кыска жазуунун маанилүүлүгү тууралуу да кеп болду.
Окуунун соңунда катышуучулар өздөрүнүн долбоорлорун коргоп, атайын сертификаттарга ээ болушту. Журналисттер бул долбоор жөн гана кургак лекция эмес, тажрыйба алмашуу, жаңы кесиптештер менен таанышуу жана дос болуу үчүн эң сонун аянтча болгонун айтышты.
"SputnikPro на Зубовском" долбоору иштеп келген үч жыл ичинде (2023-жылдан 2025-жылга чейин) 12 программа уюштурулуп, ага 11 өлкөдөн 144 журналист катышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылы коңшу жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген дагы 48 медиа өкүлү агенттиктин иши менен таанышып, кесиптик чеберчилигин жогорулата алат.